Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXIX-сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 288
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Көк-Таш айылындагы ысымы жок көчөгө маркум Акматов Токтосундун ысымын берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Көк-Таш айылындагы көчө тургундарынын элдик чогулушунун токтомунун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Көк-Таш айылынын көчө тургундарынын элдик чогулушунун токтомунун негизинде, Көк-Таш айылындагы ысымы жок көчөгө көп жыл чарбада эмгегин эске алып, маркум Акматов Токтосундун ысымы берилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Көк-Таш айылындагы маркум Акматов Токтосундун ысымы берилген көчөнүн жашоочулары чогулуп көчө комитеттин көрсөтүп, көчөдөгү турак жайларга Акматов Токтосундун ысымын, катар номерлерин катарынан тактап жаздырып илүү жана көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин аткаруу жагы көчө комитетти Токтосунов Калысбек Алимгазиевичке милдеттендирилсин .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Таш айылынын айыл башчысына жана көчө комитеттине тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |