Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXIX-сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 289
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы ветеринардык-санитардык профилактикалык иш-чараларды иштөө үчүн ветеринардык адистерге кызмат акыларын бекитип берүү жөнүндө
Токтогул райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын 14.01.2021-жылдагы №15 катынын негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы ветеринардык-санитардык профилактикалык иш-чараларды иштөө үчүн ветеринардык адистерге кызмат акыларын төмөндөгүдөй баада бекитилип берилсин.
-кан алуу бруцеллез -40сом
-эмдөө кара санга -40сом
-эмдөө шарпка -40сом
-эмдөө чечекке -15сом
-кара өпкө -15сом
-эмдөө канатуунун чумасына -5 сом
-мал туудурууга -150сом
-малга тамчылатып даары берүү -150сом
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |