Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXIX-сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 290
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылындагы №31 К.Чодошев атындагы орто мектебинин тарых сабагынын мугалими Кожоев Шайлообайды Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак Грамотасына” көрсөтүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылындагы №31 К.Чодошев атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатынын жалпы чогулушунун токтому эске алып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылындагы №31 К.Чодошев атындагы орто мектебинин тарых сабагынын мугалими Кожоев Шайлообайды Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак Грамотасына” көрсөтүү жөнүндө мектеп мугалимдер жамаатынын жалпы чогулушунун токтому эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылындагы №31 К.Чодошев атындагы орто мектебинин тарых сабагынын мугалими Кожоев Шайлообайды Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак Грамотасына” сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комииссиясына жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |