Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXIX-сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 293
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Ак-Жар айылынын кире беришине “ КР нын эл артисти маркум Именалиев Элмирбек Калиловичтин кичи мекени”-деген жазууну илүүгө уруксат берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын сунушун угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессияс
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Ак-Жар айылынын кире беришине “ КР нын эл артисти маркум Именалиев Элмирбек Калиловичтин кичи мекени”-деген жазууну илүүгө уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комииссиясына жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |