Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы
2021-жылдын 11-майы № 296
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынан кошумча каражат жумшоо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик,инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынын каражатынан айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Ак-Жар, Шайык айылдарына Ак-Чоку жайлоосундагы булактан таза суу тартып келүү үчүн кошумча 350 000 (үч жүз элүү миң) сом каражат бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн каражатты өз багытында жумшоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Смановага жана айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго ташырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары: |
Э. Мутуев |