Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы
2021-жылдын 11-майы № 297
Өзгөрүш айылындагы таза суунун суу өткөрүүчү түтүктөрүн оңдоо үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик,инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айылындагы таза суунун суу өткөрүүчү түтүктөрүн оңдоо үчүн 2021-жылдын жергиликтүү
бюджетинен бөлүнгөн 2511- статьясында каралган каражаттан тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн каражатты өз багытында жумшоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Смановага жана айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго ташырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары: |
Э. Мутуев |