Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы
2021-жылдын 11-майы № 300
№31 К. Чодошев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими Чойкараев Асылбекке ”Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын жана айылдык кеңештин депутаты Адишов Ибрагим Жаныбековичтин сунушун угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын жана айылдык кеңештин депутаты Адишов Ибрагим Жаныбековичтин сунушун эске алып, №31 К. Чодошев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими, Эл Агартуунун отличниги Чойкараев Асылбекке ”Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2. ”Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын берүүдө тиешелүү иш кагаздарын (күбөлүк, сертификат жана төш белги) даярдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары: |
Э. Мутуев |