Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 26-январы № 261
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Өскөнбаевдин 2019-2020-жылдарда аткарган иштеринин маалыматы жана 2021-жылда аткарыла турган иштеринин иш-планын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын 2019-2020-жылдарда аткарган иштеринин маалыматын угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын 2019-2020-жылдарда аткарган иштеринин маалыматы жактырылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы таза сууну жолго коюу, тазалыкты кармоо, таштандыларды чыгарууга элдик төлөмдү уюштуруу жагы муниципалдык ишкананын жетекчиси Ж.Өскөнбаевге милдеттендирилсин.
3. Мектеп окуучуларды мектепке ташуучу кичи автоунаалардын оң абалда жүрүүсүн камсыздоо, окуучулардан жол акыдан түшкөн каражаттан оңдоп-түзөө ишерин жүргүзүү муниципалдык ишкананын директору Ж.Өскөнбаевге милдетендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |