Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 26-январы № 262
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өзгөрүш” коомдук үрөөн фондунун башчысы Э.Бусурмановдун 2019-2020-жылдарда аткарган иштеринин маалыматты жана 2021-жылда аткарыла турган иштеринин иш-планын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук үрөөн фондунун башчысы Э.Бусурмановдун 2019-2020-жылдарда аткарган иштеринин маалыматын угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өзгөрүш” коомдук үрөөн фондунун башчысы Э.Бусурмановдун 2019-2020-жылдарда аткарган иштеринин маалыматы жактырылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы элди сапаттуу үрөөн менен камсыздоо коомдук үрөөн фондунун төрагасы Э.Бусурмановго милдеттендирилсин.
3. “Өзгөрүш” коомдук үрөөн фондуну айдоо жер менен камсыздоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Смановага тапшырылылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |