Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 26-январы № 263
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы СПАнын башчысы М.Базаркуловдун 2020-жылдарда аткарган иштеринин маалыматты жана 2021-жылда аткарыла турган иштеринин иш-планын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы СПАнын башчысы М.Базаркуловдун 2020-жылдарда аткарган иштеринин маалыматы жана 2021-жылда аткарыла турган иштеринин маалыматын угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы СПАнын башчысы М.Базаркуловдун 2020-жылдарда аткарган иштеринин маалыматы жактырылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы суу пайдалануучулар менен иш алып баруу, сугат суу менен өз убагында камсыз кылуу, суу пайдалануучулар менен келишим түзүү, суу акыларын топтоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы СПАнын башчысы М.Базаркуловго милдеттендирилсин.
3. Атайын эсептен суу тармагына каралган каражаттын бөлүшүрүүсү СПАнын жетекчисинин катышуусунда бөлүнсүн. Сугат суу өтүүчү арыктарды өз убагында тазалатуу, тосмолорду куруу жагы СПАнын башчысы М.Базаркуловго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |