Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 26-январы № 264
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевдин маалыматын угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша болукторунун суммасы (Республикалык берилүүчү теңдөөчү гранты кошуп эсептегенде) 11677,1 миӊ сомго бекитилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2021-жылга 7387,0 миӊ сомго бекитилсин.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн атайын каражат счету 2021-жылга 1650,0 миӊ сомго бекитилсин.
4. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунун 2021-жылга көлөмү жалпы бюджеттин 1 % өлчөмүндө же 110,0 миӊ сомго белгиленсин.
5. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 33- беренесинин 5- пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агенттигинин 2013-жылдын 15-январындагы № 04-24/4-1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
6. Айылдык кеӊештин сессиясын уюштуруу, туруктуу комиссиялар менен иш алып баруу жана иш кагаздарын аткарууга ж.б кетүүчү чыгымдар жергиликтүү бюджетте айыл өкмөттө каралган статьялардан жумшалсын .
7. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн кеӊешине түшкөн арыз, кайрылуу сунуштарды канаттандыруу үчүн бюджетке кошумча каражат табуу жагы айыл окмотко (жер салыктарынан, аренда ФПС, транспорт ж.б.) тапшырылып, аны жумшоо айылдык кеңештин макулдугу менен жумшоо тапшырылсын.
8. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Садыковго жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттин өзгөртүүсүнө карата сессияларга маалымат берип туруу жагы милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
10. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
11. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |