Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 26-январы № 265
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде 2020-жылдан калган калдык каражаттарды бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевдин маалыматын угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндө 2020-жылдан жергиликтүү бюджетте калган (негизги счетто 1727,9 миӊ сом, атайын каражат счетунда(спец.счет) 979,8 мин.сом. 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде 2020-жылдан калган калдык каражаттарды, 2021-жылдын бюджетинде жумшоо жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |