Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 26-январы № 267
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы айыл ичиндеги өздөштүрүлүп пайдаланылган (айдоо, чабынды, бак) жерлердин төлөм акысын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевдин маалыматын угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ичиндеги өздөштүрүлүп пайдаланылган жерлерди тактап, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин көбөйтүү айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
2. Айыл ичиндеги өздөштүрүлүп пайдаланылган (айдоо, чабынды, бак) жерлердин төлөм акысы 1га. жер аянтына 4000 сом өлчөмдө бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |