Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 26-январы № 269
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Неман” даарыканасынын башчысы Суранбаева Айгүл Букардиновага “Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин депутаты Э.Сагынбековдун сунушун угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Неман” даарыканасында элдин саламаттыгы үчүн эмгектенип келген Суранбаева Айгүл Букардиновага саламатык сактоо тармагында көп жылдык эмгектерин баалап “Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамы берилсин.
2. Ардактуу атуул наамын берүүдө тиешелүү иш кагаздарын (күбөлүк, сертификат жана төш белги) даярдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Смановага тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |