Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 26-январы № 270
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн Өзгөрүш айылын таза суу менен камсыздоого Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржылоосу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы “КошБулак” таза суу муниципалдык ишкананын жетекчиси Ө.Төрөкуловдун маалыматын угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн Өзгөрүш айылын таза суу менен камсыздоого Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан финансы каражаты каралып даярдалган проекти сметадагы 176млн сом акча каражаты азыркы мезгилде толук каржыланбай жаткандыгына байланыштуу, толук бул каражат каралганга чейин убактылуу башка донордук уюмдарга сунушталбай тургандыгы белгиленсин.
2. КРнын суу чарба департаментине жана АРИСтин борбордук кеңсесине Өзгөрүш айылынын таза сууну курууга керектелүүчү финансы каражатын чечүүгө кат жолдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Смановага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |