Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 26-январы № 271
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин ижарага берүү үчүн аукцион өткөрүү боюнча Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында түзүлгөн комиссиянын19.12.2020-жылдагы №3токтому, Э.Бусурмановдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин депутаты Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин ижарага берүү үчүн аукцион өткөрүү боюнча Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында түзүлгөн комиссиянын төрагасы Б.Табалдиевдин билдирүүсүн угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин ижарага берүү үчүн аукцион өткөрүү боюнча Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында түзүлгөн комиссиянын 19.12.2020-жылдагы №3 токтому менен Т.Мундусбаева Э.Бусурмановга ижарага берген келишими мыйзамсыз деп табылгандыгы белгиленсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаеванын Чеч-Дөбө айылынын тургуну Э.Бусурмановго Чеч-Дөбө айылындагы сугат жер аянттан 13га жерге берген №1 келишими мыйзамсыз деп табылып, бул жер кайрадан айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |