Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 26-январы № 272
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Орто-Жон айылынын жашоочуларынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловдун билдирүүсү угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Орто-Жон айылынын 32 айыл жашоочуларынын турак жайлары мамлекеттик каттоодо жок болгонду белгиленип, кайрадан КРнын жер мыйзамдарына ылайык 32 айыл жашоочуларынын менчик турак жайларын каттоого алуу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап, аткарууга алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Смановага милдеттендирилсин..
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |