Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 26-январы № 273
Кызыл-Өзгөрүш айылындагы №31 К.Чодошев атындагы орто мектебиндеги жаңы курулуп жаткан кичи футбол аянтчасынын курулушуна атайын эсептен каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутатты Д.Молдоболотовдун сунушун угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылындагы №31 К.Чодошев атындагы орто мектебиндеги жаңы курулуп жаткан кичи футбол аянтчасынын газонуна атайын эсептен 800,0миң сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. К.Чодошев атындагы орто мектебиндеги жаңы курулуп жаткан кичи футбол аянтчасынын газонуна атайын эсептен 800,0миң сом акча каражаттын бөлдүрүү, КРнын курулуш финансы талаптарына ылайык, өз мөөнөтүндө белгиленген ишти аткаруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Смановага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |