Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 26-январы № 278
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Коңур-Өгүз айылындагы мектептин жерине мамлекеттик акт алууга каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаты И.Адишовдун сунушун карап талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Коңур-Өгүз айылындагы мектептин жерине мамлекеттик акт алууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоого айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 15,0миң сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |