КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 19-январы № 23 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-апрелиндеги № 296 токтому менен бекитилген 2004-2006-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында муниципалдык менчикти башкаруу концепциясын ишке ашыруу боюнча рекомендацияларды жактыруу жөнүндө "2004-2006-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында муниципалдыкменчикти башкаруу
концепциясын бекитүү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2004-жылдын 26-апрелиндеги № 296
токтомуна ылайык, ошондойэле муниципалдык менчикти башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу макса-тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-апрелиндеги №296
токтому менен бекитилген 2004-2006-жылдар мезгилине Кыргыз Респуб-ликасында муниципалдык менчикти башкаруу
концепциясын ишке ашыруу боюн-ча тиркелген Рекомендациялар (мындан ары - Рекомендациялар) жактырь-шсын. 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүүмамлекеттик администрацияларга өз ишинде ушул токтомду жетекчиликкеалуу сунушталсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө,Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондукөнүктүрүү иштери боюнча министрине жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев