Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 24-январы № 36 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Жарандык абалдын актылары жана Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү негизги документтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасыньш
Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунатаянып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Жарандык абалдын актылары жана Кыргыз Республикасынын жараны-нын ким экендигин күбөлөндүрүүчү негизги документтер жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген корутундунун негизиндемакулдук берилбесин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр Н.Танаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына "Жарандык абалдын актылары жана Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү негизги документтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары А.А.Сабиров жана Т.Ж.Бо-ромбаева тарабынан демилге көтөрүлгөн "Жарандык абалдын актылары жанаКыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү негизгидокументтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карапчыгып, аны кабыл алууга төмөнкүдөй негиздер боюнча макулдук бербейт: 1. Сунушталган Мыйзамдын долбоорунда юридикалык фактыларды(төрөлүү, каза болуу, никеге туруу жана ажырашуу ж.б.у.с.) каттоо тар-тиби жөнгө салынарын, ал эми Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортуадамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ экендигин жана юридикалыкфактыларды каттоого (б.а. жарандык абалдын актыларына) эч бир тиешесижоктугун эске алып, Мыйзамдын сунушталган долбоорунан Кыргыз Республи-касынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү негизги документтержөнүндө бөлүмдү алып салуу зарыл. 2. "Жарандык абалдын актылары" деген түшүнүктү Кыргыз Республика-сынын Үй-бүлө
кодексинин 2-статьясында берилген түшүнүккө ылайык кел-тирүү зарыл. 3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандык абалдынактыларынын төрт түрүн гана мамлекеттик каттоого: төрөлүүнү, никени,аталыкты аныктоону жана каза болгондукту каттоого ыйгарым укук берил-гендиктен, 4-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацындагы "никеге турууну"деген сөздөрдөн кийинки "никеден ажырашууну" деген сөздөрдү алып салуузарыл деп эсептейбиз. 4. Мыйзам долбоорунун 4-статьянын 3-пунктунда жана андан ары текстбоюнча "консулдук мекемелер" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасынын четөлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери" дегенсөздөргө алмаштыруу керек, анткени эл аралык укуктун нормаларына ылайыкжарандык абалдын актыларын каттоо консулдук мекемелер эле эмес, дипло-матиялык өкүлчүлүктөрдүн консулдук бөлүмдөрү тарабынан да ишке ашыры-лат. 5. 9-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацы алып салынсын, анткенибул учур бешинчи абзацта камтылган. 19-статьянын 1-пунктундагы "калкты социалдык жактан коргоо уюму"деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн не-гиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын нормаларына ылайык"социалдык кызмат органдары" деген сөздөргө алмаштыруу керек. 6. 25-статьяны төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз: "Никеге турууну мамлекеттик каттоо никелешип жаткан адамдардын би-ринин же алардын ата-энелеринин жашаган жери боюнча жарандык абалдынактыларын каттоо органы тарабынан жүргүзүлөт.". 7. "Жашы жетпегендердин укуктарын сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык 5-главанын бүткүл тексти боюнча"Эрезеге жеткен өз балдары жок" деген сөздөрдү "Жашы жетелек өз балдарыболбогон" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз. 34-статьяда "женикени никеге турган жер боюнча" деген сөздөрдү алып салуу керек. 8. 35-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Никени ажыратуу жубайлардын экөөнүн тењ же бирөөнүн катышуусуменен жубайлар никеден ажырашуу жөнүндө биргелешип арыз берген күндөнбир ай өткөндөн кийин ишке ашырылат.". 9. 37-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: "3. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына мамлекеттик жежеке нотариус күбөлөндүргөн келишим боюнча никени ажыратууга жол бери-лет, анын негизинде никенин ажыратылганы жөнүндө актылык жазуу жазы-лат.". 10. Кыргыз Республикасынын Граждандык
кодексинин 56-статьясынаылайык, бойго жетүү он сегиз жаш куракка жеткенде келгендиктен60-статьянын 3-пунктун ушул эле статьянын 1-пунктуна карама-каршы кел-ген катары алып салуу зарыл. 11. 64-статьядагы "улуту" деген сөздү алып салуу керек, анткениКыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-статьясынын 12-пунктуна ыла-йык эчким улуттук таандыктуулугун аныктоого же көрсөтүүгө мажбурлануугатийиш эмес. 12. Калыптанган практиканын негизинде жана ар башкача түшүнүүлөрдүболтурбоо максатында 67-статьянын 1-пунктундагы "өлгөн адамдын сөөгүтабылган жердеги же өлгөндүгү тууралуу документ берген уюм жайгашканжердеги" деген сөздөрдү алып салуу ылайыктуу. 13. Мыйзам долбоорунун II бөлүмү Кыргыз Республикасынын аймагындатөрөлгөн жана/же каза болгон жарандардын жарандык абалынын актыларынжаттоонун автоматташтырылган эсебин алуу жана контролдоо маселелерин;персоналдаштырылган документтерди берүү жана алар жөнүндөгү маалымат-тарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстаржана технологиялар мамлекеттик агентствосуна (ыйгарым укуктуу мамлекет-тик органга) Кыргыз Республикасынын Улуттук маалымат системасынын база-лык компоненттери болуп эсептелген Калкты мамлекеттик каттоонун маалы-маттар базасын түзүү, жүргүзүү, сактоо, пайдалануу үчүн жиберүү маселе-лерин чагылдырбайт. Ошондой эле ушул корутундунун 1-пунктунда айтылган негиздер боюнчамыйзам долбоорунун III бөлүмүн алып салууну сунуш кылабыз. Ошону мененбирге эле, иш жүзүндө жашап турган жер иш жүзүндө жүргөн жер болупэсептелээрин белгилейбиз. Ушуга байланыштуу бөлүмдүн бүткүл тексти бо-юнча "же жүргөн жери" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз. 14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын мый-замдары менен берилген ыйгарым укуктардын чегинде кабыл алынган2002-жылдын 29-июлундагы № 502 "Кыргыз Республикасынын консулдук жыйым-дары жөнүндө"
токтомуна ылайык, иш жүзүндөгү жыйымдар - бул консулдуккызмат көрсөтүүлөрдү аткарууда жумшалган материалдык чыгамдардын ордунтолтуруу максатында консулдук жыйымдар менен бир учурда чогуу алынуучуакчалай каражаттар. Мында материалдык чыгымдар негизги бланктын баасынэле эмес, телеграфтык жана канцеляриялык чыгымдарды да кошо камтыйт.Ушуга байланыштуу, ошондой эле республикалык бюджеттин тийиштүү акчалайсуммаларды кем алып калышын болтурбоо максатында 86-статьянын 2-пунк-тундагы "консулдук жыйым" деген сөздөрдү "консулдук жана иш жүзүндөгүжыйым" деген сөздөргө алмаштыруу зарыл. 15. Мындан тышкары, берилчү негизги документтер үчүн акы төлөөдөнбошотулган жарандардын категорияларын мыйзам менен аныктоо зарыл эмесдеп эсептейбиз жана бул ыйгарым укукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөберүүнү сунуш кылабыз. Мындай мамиле тизмеге тийиштүү өзгөртүүлөрдү жа-на толуктоолорду өз убагында киргизүүгө мүмкүндүк берет, ал эми катего-риялардын тизмесин мыйзам менен бекиткен учурда андай мүмкүндүк бол-бойт. 16. Мыйзам долбоорунун 96-статьясынын 1-пунктундагы "атасынын аш"деген сөздү паспортторду толтуруунун эл аралык стандарттарына ылайыкапып салууну сунуш кылабыз. Жалпысынан мыйзам долбоору боюнча анын статьялары Кыргыз Республи-касынын Үй-бүлө
кодексинин айрым нормаларын кайталаарын же шилтеме бе-рилген нормаларды камтырын белгилейбиз. Ошондой эле жањы паспорттуксистеманы киргизүү практикада ишке ашырыла баштаганга чейин паспорттор-ду тариздөөнүн, берүүнүн, алмаштыруунун, өткөрүүнүн, алып коюунун тар-тибин белгилөөчү нормаларды аныктоо эрте деп эсептейбиз. Жогоруда айтылган пикирлердин жана сунуштардын негизинде КыргызРеспубликасынын Өкмөтү Мыйзамдын долбоорун сунушталган редакциясындакабыл алууга болбойт деп эсептейт. Премьер-министр Н.Танаев