Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-январындагы N 42 токтому менен бекитилген |
"Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы" мамлекеттик мекемесинин УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы (мындан ары - Филармония) өзүнүн уюштуруу-укуктук формасы боюнча мамлекеттик мекеме болуп эсептелет.
1.2. Филармониянын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет. Филармониянын мүлкү ага Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет. Филармония өзүнүн милдеттенмелери боюнча өзүнүн карамагындагы акча каражаттар менен жооп берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Филармония юридикалык жак болуп эсептелет, өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана буйруктарына, башка ченемдик укуктук актыларга жана ушул Уставга таянат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
1.4. Филармониянын өзүнчө балансы жана Казыналыктагы эсептери, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган тегерек мөөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жакка керектүү башка атрибуттары болот.
1.5. Филармония өзүнүн ишин өз күчү, ошондой эле айрым аткаруучуларды жана адистерди чакырып убактылуу чыгармачыл жамааттарды уюштуруу менен жүргүзөт.
1.6. Филармония элдин улуттук жана дүйнөлүк музыкалык маданияттын байлыгын толугураак жана тереңирээк өздөштүрүшүнө көмөк көрсөтөт.
1.7. Филармония өзүнүн өндүрүштүк-экономикалык ишин өз алдынча жүргүзөт, финансылык каражаттарын тескейт, өзүнүн милдеттенмелери боюнча жооп берет.
1.8. Филармония Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тарипте өзүнүн филиалдарын жана өзүнчө бөлүмдөрүн түзө алат.
1.9. Филармониянын юридикалык дареги: 720001, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 251.
2. Негизги милдеттери жана функциялары
2.1. Филармониянын чыгармачылык, уюштуруучулук-экономикалык жана өндүрүштүк ишинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет, алар:
- кыргыздын фольклордук-этнографиялык музыкасын жана дүйнөлүк музыкалык маданиятты таратуу;
- маданияттын жалпы адамзаттык маанисин жана улануучулугун музыка искусствосунда ишке ашыруу;
- жалпы элди дүйнөлүк жана улуттук музыка маданиятын таанып билүүгө тартуу;
- музыкалык искусствонун каражаттары аркылуу калкты маданий, эстетикалык жана интернационалдык тарбиялоого көмөктөшүү;
- улуттук искусствонун көп түрдүү формаларын жана жанрларын өнүктүрүү жана пропагандалоо;
- шыктуу жаштарга чыгармачылык жактан өсүш үчүн ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтүү;
- эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө, аткаруучуларды жана чыгармачыл жамааттарды алмашууга катышуу.
2.2. Филармония концерттик ишмердиктин эркиндигин камсыздоочу бардык укуктарга ээ, репертуарды тандоодо жана жарнама материалдарды жарыялоодо көз каранды эмес, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка керектүү иштерди жүргүзөт.
Ушул Уставда каралган милдеттерди аткаруу максатында Филармония:
- концерттерди, фестивалдарды, көргөзмө-сатыктарды, конкурстарды Кыргыз Республикасында да, чет өлкөдө да уюштурат жана өткөрөт;
- шефтик концерттерди коет;
- концерттерди коммерциялык максаттарда жарнамалоодо өзүнүн символикасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланат;
- жеке адамдардын жана менчиктин мамлекеттик эмес формасындагы юридикалык жактардын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана айрым укуктарын менчик ээсинин макулдугу менен пайдаланат;
- Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет өлкөдө да музыкалык искусство тармагында консультациялык иш жүргүзөт жана тажрыйба алмашат;
- магниттик, кино-видео, аудио-лазер жана башка маалымат сактагычтарга жазууну, тартууну аныкталган тартипте уюштурат, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге ылайык тираждайт жана сатат;
- аныкталган тартипте экономикалык ишти уюштурат, белеттердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана башка продукциянын бааларын белгилейт, ошондой эле аларды сатат;
- мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен бирдикте эл аралык фестивалдарга жана конкурстарга катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана түзүлгөн келишимдерден келип чыгуучу милдеттерди аткарат;
- өзүнүн жана кызматкерлеринин кызыкчылыктары укуктук жактан корголушун өз компетенциясынын чегинде камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Филармониянын кызматкерлерине эмгектенүү үчүн шарттарды түзөт;
- чет өлкөлүк уюмдар, мекемелер менен биргелешкен коммерциялык ишти аныкталган тартипте уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен гарантияланган эмгек акынын өлчөмүн жана социалдык коргоо чараларын камсыздайт;
- кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын чегинде жана чет өлкөлөргө командировкаларга жиберет жана командировкалык чыгымдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөйт.
3. Финансылык-чарбалык иш
3.1. Филармония өзүнүн финансы-чарбалык иштерин Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын, маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
Филармония Кыргыз Республикасынын жарандык жана жазык мыйзамдарына ылайык финансы-чарбалык иштердин натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер боюнча жооп берет.
Филармонияны каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын;
- атайын эсептин каражаттарынын.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. Каражаттар бекитилген сметаларга ылайык сарпталат.
3.3. Филармония финансылык-чарбалык ишти рыноктогу конъюнктураны эске алып жана аныкталган тартипте бекитилген мамлекеттик нормативдерге ылайык келишимдердин негизинде жүргүзөт.
3.4. Филармониянын кызматкерлеринин эмгектик мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишим же контракт менен жөнгө салынат.
3.5. Филармония бекитилген эмгек акы фондунун жана штаттык сандын чектеринде кызматкерлердин жалпы санын, алардын кесиптик жана квалификациялык курамын аныктайт.
3.6. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.7. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.8. Филармония белгиленген тартипте:
- өз алдынча, атайын каражаттардын эсебинен кызматкерлердин эмгек акысына кошумчаларды берет;
- авторлорду, режиссерлорду, композиторлорду жана башка чыгармачыл кызматкерлерди келишимге ылайык акы төлөө менен ишке тартат;
- эмгектин өзгөчө шарттары үчүн кошумча төлөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
3.9. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Башкаруу
4.1. Филармониянын ишин маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган багыттайт жана координациялайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
4.2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4.3. Филармониянын ишине жалпы жетекчиликти башкы директор жүргүзөт. Башкы директорго төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
- өндүрүштүк-чарбалык ишти оперативдүү жетектейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Филармониянын мүлкүн тескейт;
- Филармониянын атынан жана анын кызыкчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын бардык уюмдарында, мексмелеринде, ишканаларында жана чет өлкөлөрдө келишим катсыз чыгат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбөөчү акчалай милдеттенмелерге кол коет;
- банктарда алыш-бериш эсептерди ачат жана жабат;
- келишим каттарды берет;
- Филармониянын кызматкерлерин контракттык негизде, материалдык жана тартиптик жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле сыйлоо менен ишке жалдоо жана бошотуу укугуна ээ; чыгармачыл жамааттардын көркөм жетекчилери, башкы режиссер, башкы дирижер, башкы балетмейстер, көркөм жетекчи менен белгилүү мөөнөткө келишимдерди түзүүгө ыйгарым укуктуу; өз компетенциясынын чектеринде кызматтык маяналарды белгилейт, эмгекти уюштуруунун жана акы төлөөнүн жамааттык жана башка прогрессивдүү методдорун жана формаларын аныктайт; штаттагы жана штаттан тышкаркы кызматкерлер үчүн приказдарды, буйруктарды, башкаруучулук чечимдерди чыгарат жана милдеттерди белгилейт;
- кызматкерлерге кесиптерди айкалыштырганы, тейлөө зонасын кеңейткени же аткаруучу иштин көлөмүн көбөйткөнү үчүн, ошондой эле негизги иши менен кошо убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн бирдиктүү эмгек акы төлөө фондунун эсебинен жана аны үнөмдөөнүн чектеринде, ошондой эле каржылоонун башка булактарынын эсебинен кошумчаларды белгилейт;
- эмгек акы төлөө фондунун эсебинен жана аны үнөмдөөнүн чектеринде, ошондой эле каржылоонун башка булактарынын эсебинен эмгектеги жогорку жетишкендиктер үчүн кошумчаларды белгилейт (артисттерге жана чыгармачыл кызматкерлерге активдүү чыгармачыл иши жана өзгөчө маанилүү жумушту аткарганы үчүн);
- келишимдерди, эмгектик макулдашууларды, контракттарды, бүтүмдөрдү түзөт жана башка юридикалык иштерди жасайт;
- көркөм чыгармачыл жамааттардын репертуардык пландарын бекитет жана алардын аткарылышын контролдойт.
4.4. Башкы директор маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча же мындай сунушсуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
4.5. Филармониянын башкы директорунун орун басарлары, башкы бухгалтери, көркөм жетекчиси башкы директордун сунушу боюнча маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директор жок учурда анын милдеттерин орун басарларынын бири аткарат (директор бекиткен орун басарлардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык).
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
4.6. Филармониянын аткаруучу жана кеңешүүчү органы Көркөм кеңеш болот.
4.7. Көркөм кеңештин төрагасы Филармониянын көркөм жетекчиси болот.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
4.8. Көркөм кеңештин компетенциясына кирген маселелер:
- Филармониянын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
- жаңы концерттик программаларды көрүү жана талкуулоо;
- пландарды жана алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитүү;
- чыгармачыл жамааттарды тарификациялоо;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине мамлекеттик сыйлыктарды, ардак наамдарды ыйгаруу жана өкмөттүк сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
4.9. Көркөм кеңеш 9 адамдан кем эмес санда болууга тийиш.
Көркөм кеңешке Филармониянын штатындагы кызматкерлер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Филармониянын кычматкерлеринин укуктары жана милдеттери
5.1. Филармониянын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле кызматка жалдоо жөнүндө түзүлгөн контракттарда аныкталган жана гарантияланган.
6. Филармониянын мүлкү жана каражаттары
6.1. Филармониянын козголмо жана козголбос мүлкү мамлекеттик менчик болуп эсептелет жана оперативдүү башкарууда болот.
6.2. Филармонияга бекитип берилген негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар анын негизги фондун түзөт, анын өлчөмү Филармониянын балансында көрсөтүлөт.
6.3. Материалдык чыгымдарды, салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин Филармонияда калган калдык киреше Филармониянын өз алдынча тескөөсүнө түшөт, өзүнчө баланста эсепке алынат жана төмөнкүлөргө жумшалат:
Филармониянын чыгармачыл-өндүрүштүк жана социалдык өнүктүрүү фондун түзүүгө;
- материалдык колдоо көрсөтүү фондун түзүүгө.
7. Тышкы экономикалык иш
7.1. Филармония тышкы экономикалык байланышты мыйзамда белгиленген тартипте өз алдынча жүргүзөт.
7.2. Филармония тышкы экономикалык иштин процессинде жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн аныкталган тартипте жүргүзөт:
- концерттик, фестивалдык, көргөзмөлүк, аукциондук жана конкурстук ишмердик;
- Филармониянын максаттарына жана милдеттерине ылайык жарнама материалдарды, ноталарды, китептерди, брошюраларды, теле-, видео-, аудио жана башка продукцияны даярдоо;
- чет өлкөлөрдүн ишканалары жана уюмдары менен биргелешкен концерттик программаларды түзүү.
8. Эсеп жана отчет
8.1. Филармония өзүнүн финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктарын оперативдүү жана бухгалтердик эсепке алат, аныкталган тартипте статистикалык отчет түзөт жана анын тууралыгы үчүн жооп берет.
8.2. Чарбалык (оперативдүү) жыл календарлык жыл менен туура келет.
9. Мүлктүк менчик
9.1. Филармония мүлккө ээ болот жана өзүнүн милдеттенмелери үчүн өзүнүн бүткүл мүлкү менен жооп берет, ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүүгө чегерүү салынышы мүмкүн. Филармония түзүлгөн келишимдер, контракттар жана макулдашуулар боюнча кардарлардын жана өнөктөрдүн алдында, мамлекеттик бюджеттин жана банктын алдында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн кызматкерлеринин алдында жоопкерчиликтүү.
9.2. Филармониянын кызматкерлери келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздерде жана тартипте толук материалдык жоопкерчилик тартышат.
9.3. Филармониянын жетекчилиги менен анын кызматкерлеринин ортосунда пайда болгон мүлктүк талаштар сүйлөшүүлөр жолу менен же соттук тартипте жайгарылат.
10. Жоюлушу
10.1. Филармонияны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
10.2. Филармониянын ишинин процессинде жаралган документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык тартипте сакталууга жана пайдаланылууга тийиш.