Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 31-январы № 43 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июнундагы № 457 "Кыргыз Республикасынын аймагынан станокторду, жабдууларды жана аларга запастык бөлүктөрдү алып кетүү тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июнундагы № 457"Кыргыз Республикасынын аймагынан станокторду, жабдууларды жана аларгазапастык бөлүктөрдү алып кетүү тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүүтууралуу"
токтому ушул токтомдун
тиркемесиндеги редакциядабаяндалсын. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелербоюнча комитеттин Бажы кызматы департаменти жогоруда көрсөтүлгөн убак-тылуу жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министрлигинин корутундусу болгон учурда алынып чыгуучу,анын ичинде убактылуу алынып чыгуучу жабдууларга бажылык тариздөөжүргүзсүн. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЭкономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-январындагы № 43 токтомуна тиркеме Кыргыз Республикасынын аймагынан станокторду, жабдууларды жана аларга запастык бөлүктөрдү алып кетүү тартиби жөнүндө убактылуу жобо 1. Бул Кыргыз Республикасынын аймагынан станокторду, жабдуулардыжана аларга запастык бөлүктөрдү алып кетүү тартиби жөнүндө убактылуужобо (мындан ары - убактылуу жобо) Кыргыз Республикасында жасалганданбашка станоктор менен жабдууларды, атайын техниканы жана аларга запас-тык тетиктерди (мындан ары - жабдууларды) Кыргыз Республикасынын айма-гынан сыртка алып чыгуунун (берүүнүн, алмашуунун) тартибин аныктайт. 2. Убактылуу жобонун талаптары менчигинин формасына карабастанбардык чарбакер субъекттерге карата коюлат. 3. Жабдууларды Кыргыз Республикасынан алып чыгууну контролдоо тар-тиби төмөнкүлөрдү караштырат: - жабдууну алып чыгуу мүмкүндүгү жөнүндө корутундунун даярдалышыжана берилиши; - алынып чыгуучу жабдууну бажылык контролдоо жана бажылык та-риздөө. 4. Жабдууларды Кыргыз Республикасынын аймагынан тышка алып чыгуу,анын ичинде убактылуу алып чыгуу үчүн негиз - Кыргыз РеспубликасынынЭкономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги ушул убактылуужобого ылайык берген, жабдууну алып чыгуу (берүү, алмашуу) мүмкүндүгүжөнүндө корутунду болот. 5. Жабдууларды тышка алып чыгуу, анын ичинде убактылуу алып чыгуумүмкүндүгү жөнүндө корутунду даярдоо үчүн керектүү документтерди КыргызРеспубликасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигианыктайт. 6. Жабдууну алып чыгуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берүүгөөтүнмөдө көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы үчүн арыз ээси жооп бе-рет. 7. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жанасоода министрлиги туура таризделген бардык документтерди алгандан кийинүч күндүн ичинде аларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинекараштуу Кирешелер боюнча комитетке, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттикмүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине кароо жана корутундуберүү үчүн жиберет. Зарыл болсо Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министрлиги жабдууну алып чыгуунун (берүүнүн, алмашуу-нун) тууралыгына эксперт катары башка министрликтерди, ведомстволордутартууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелербоюнча комитеттин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруубоюнча мамлекеттик комитетинин жана зарыл учурда тартылган министрлик-тер менен ведомстволордун жабдууну алып чыгуунун (берүүнүн, алмашуунун)мүмкүндүгү жөнүндө корутундулары Кыргыз Республикасынын Экономикалыкөнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине тийиштүү документтерди ал-гандан кийин 10 күндүн ичинде берилет. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соодаминистрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кире-шелер боюнча комитет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башка-руу боюнча мамлекеттик комитети, зарыл учурда тартылган министрликтерменен ведомстволор беришкен корутундулардын негизинде жабдууну КыргызРеспубликасынын чегинен сыртка алып чыгуу мүмкүндүгү жөнүндө жалпылан-ган корутунду даярдайт. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соодаминистрлигинин корутундусу туура таризделген керектүү документтердинбаары алынгандан кийин 30 күндөн кечиктирбестен берилет. 8. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жанасоода министрлигинин жабдууну алып чыгуу, анын ичинде убактылуу алыпчыгуу мүмкүндүгү жөнүндө жалпыланган корутундусун берүү үчүн КыргызРеспубликасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча коми-теттин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитетинин, зарыл учурда тартылган министрликтер менен ве-домстволордун уруксат корутундулары негиз болот. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соодаминистрлигинин жабдууну алып чыгуу жана убактылуу алып чыгуу мүмкүндүгүжөнүндө жалпыланган корутундусу арыз ээсине андан аркы бажылык тариздөөүчүн жиберилет. Алынып чыгуучу жабдуу Кыргыз Республикасынын чегарасынан өткөрүүдөКыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында белгиленген тартипте мил-деттүү бажылык таризделүүгө тийиш. Арыз ээси бажы органдарына Кыргыз Республикасынын Экономикалыкөнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин корутундусун көрсөтөт, алжабдууну Кыргыз Республикасынын чегинен өткөрүүгө негиз болот. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелербоюнча комитеттин Бажы кызматы департаменти Кыргыз Республикасынын Эко-номикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине жана Кыргыз Рес-публикасынын Улуттук коопсуздук кызматына жабдуунун Кыргыз Республика-сынын чегинен сыртка алынып чыгып жатканы же убактылуу алып чыкканучурда кайра алынып келип жатканы жөнүндө маалыматты макулдашылган фор-ма боюнча берет. 9. Жабдууну ушул убактылуу жободо белгиленген тартипти бузуу мененалып чыккан жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкер-чилик тартышат. Премьер-министрдин Аппарат жетекчиси - министр Б.Талгарбеков