КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 31-январындагы №68
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 3-февралы № 56 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтомунун
2008-жылдын 11-июль № 372 редакциясында) Республиканын медициналык-социалдык экспертиза тармагындагы мый-замдарын өркүндөтүү максатында, медициналык-социалдык экспертиза кызма-тында жүргүзүлгөн өзгөртүп уюштурууну эске алуу менен Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-декабрындагы №915 "Кыргыз Республикасында медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө"
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: а) 2-пунктунда: - төртүнчү абзацындагы "он алты" деген сөздөр "он сегиз" дегенсөздөргө алмаштырылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- Эмгектик мертинүүгө дуушар болгон адамдардын атайын транспорт-тук каражат алуусу үчүн медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеси"; - токтом ушул токтомдун № 1 тиркемесине ылайык редакциядагы "Эм-гектик мертинүүгө дуушар болгон адамдардын атайын транспорттук каражаталуусу үчүн медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеси" менен толукталсын; б) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында медици-налык-социалдык эксперттик комиссиялардын структурасында: - "Бишкек шаары" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толук-талсын: "Райондор аралык педиатриялык МСЭК"; в) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындамедициналык-социалдык экспертиза мекемелери жөнүндө жободо: - 25-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "25. МСЭК саламаттык сактоонун оорулууларды ар тараптуу изилдөөүчүн керектүү шарттары (ар кыл адистиктеги врачтар, диагностикалык ка-бинеттер, лабораториялар) бар дарылоочу-алдын алуучу мекемелеринин ба-засында, ижара акысын төлөбөстөн жайгаштырылат."; г) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Он алты жашка чейинкимайып балдарга ай сайын пособие алууга укук берүүчү медициналыккөрсөткүчтөрдө: - аталышында жана бүткүл тексти боюнча "он алты" жана "16 жаш" де-ген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "он сегиз" жана "18 жаш" деген сөздөргөалмаштырылсын; - "6 айдан 2 жылга чейинки мөөнөткө майыптык белгилөөгө укук беретурган патологиялык абалдар" деген 1 бөлүмүнүн 2-пункту төмөнкүдөй ре-дакцияда баяндалсын: "Калыбына келтирүүчү жана реабилитациялык дарылоону узакка талапкылуучу абалдар."; - "2 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө майыптык белгилөөгө укук беретурган патологиялык абалдар" деген II бөлүмүндө: - "А" бөлүмчөсү төмөнкүдөй мазмундагы 1.8-пункт менен толукталсын: "1.8. Аныкталган оорулардагы жана анык эмес генездеги, акыл-эстинбир аз артта калышына барабар деменция."; - "Б" бөлүмчөсү төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункт менен толук-талсын: "7. Көрүүнүн, угуунун, сүйлөөнүн, туруу-басуу аппаратынын айкалыш-кан тубаса патологиясы. 8. Көздүн алдыњкы жана арткы бөлүгүнүн дарылоого кыйын болгон тезкайталануучу сезгенүү процесстери."; д) аталган токтом менен бекитилген Медициналык-социалдык эксперти-заны жүргүзүүдө колдонулуучу классификация жана критерийлерде: - "Кайтадан күбөлөндүрүү мөөнөтү коюлбаган майыптыкты аныктоо кри-терийлери" деген бөлүмдүн 6-пунктунун "б)" жана "в)" пунктчалары
"Чер-нобыль катастрофасынан жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарынсоциалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" дегенсөздөрдөн кийин "жана Мамлекеттик
социалдык пенсиялык камсыздандыруужөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр менен толуктал-сын; е) аталган токтом менен бекитилген Адамды майып деп таануу жөнүндөжободо: - бүткүл тексти боюнча "16 жаш" жана "он алты" деген сөздөр ти-йиштүү жөндөмөлөрдө "18 жаш" жана "он сегиз" деген сөздөргө алмаштырыл-сын; "Медициналык-социалдык экспертизага жолдомо берүүнүн тартиби" де-ген II бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын: "13. Психикасында мандеми бар, мажбурлап дарылоодогу адамдар МСЭКжөнүндө колдонуудагы жоболорго ылайык МСЭКтен күбөлөндүрүүдөн жалпы не-гиздерде өтүүгө укуктуу."; "13. Психикасында мандеми бар, мажбурлап дарылоодогу адамдар МСЭКжөнүндө колдонуудагы жоболорго ылайык МСЭКтен күбөлөндүрүүдөн жалпы не-гиздерде өтүүгө укуктуу."; - 13-40-пункттары иретине жараша 14-41-пункттар деп эсептелсин. 2. Кучун жоготту Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтомунун
2008-жылдын 11-июль № 372 редакциясында). 3. Ушул токтомдун 2-пунктунда каралган кызматтык маяналар КыргызРеспубликасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Меди-циналык-социалдык экспертиза жана майыптарды реабилитациялоо борборуна2005-жылга каралган каражаттардын чегинде 2005-жылдын 1-январынан баш-тап жогорулатылсын. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 7-июлундагы № 412"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 717"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынынкарамагындагы органдарда, мекемелерде, уюмдарда иштеген кызматкерлергеэмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү туура-луу" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин. Премьер-министр Н.Танаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 3-февралындагы № 56 токтомуна № 1 тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-декабрындагы № 915 токтому менен бекитилген Эмгектик мертинүүгө дуушар болгон адамдардын атайын транспорттук каражат алуусу үчүн медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеси 1. Эки сандын же шыйрактын мултугу, анын ичинде Пирогов, Сайм бо-юнча операциялардан кийинкилер. 2. Бир сандын мултугу кайсы дењгээлде экенине жана протездөөгө жа-рактуулугуна карабастан. 3. Бир шыйрактын мултугу кайсы дењгээлде экенине жана протездөөгөжарактуулугуна карабастан. 4. Эки тамандын мултугу Шопар муунунун дењгээлинде же андан жого-рураак дењгээлдеги мултуктар. 5. Сөөктөрдүн жана муундардын оорулары, буттун турууну жана басуу-ну орчундуу кыйындаткан деформациялары. 6. Сандын же шыйрактын эки сөөгүнүн тењ жалган мууну же чоњ кемти-ги, жамбаш-сан муундун же тизенин мууну шалакташы, жамбаш-сан муундунже тизенин муундарынын ачык чыккан контрактурасы же анкилозу, бир бут-тун функциясы сакталган шартта экинчи буттун 10 см же андан ашык кыска-рышы. 7. Эки буттун тењ кызыл ашык муундарынын анкилозу же ачык көрүнгөнконтрактурасы. 8. Эки буттун тењ шалдыгы жана парези, басууну орчундуу кыйындат-кан параплегия, гемипарез, гемиплегия. 9. Бир буттун шалдыгы же ачык көрүнгөн парези. 10. Бир буттун нерв-кан тамыр түйүнү орчундуу трофикалык мандемменен бузулушу (айыкпаган чоњ жаралар). 11. Омуртканын басууну жана турууну орчундуу кыйындаткан оорулары,деформациясы. 12. Буттардын чоњ муундарына тарап анкилозго айланган спондилоарт-рит. 13. Буттун ылдыйкы бөлүктөрүнүн артерияларынын тромба уюп, II жеандан жогорку даражалардагы артериялык өнөкөт жетишсиздик оорулары. 14. Эки буттун тењ ылдыйкы бөлүктөрүнүн веналарынын тромбофлебитже трофикалык бузулуу менен татаалдашкан варикоздук кењейүүсү, хирурги-ялык дарылоо мүмкүн эмес же ийгиликсиз болгон шартта. 15. Эки буттун тењ ылдыйкы бөлүктөрүнүн дулайы. 16. Өпкөнүн эмфиземасынын оор формалары (II даражадагы кардиопуль-мондук жетишсиздик болгон пневмосклероздор). 17. Өпкөнүн катып калышы. 18. Ачык көрүнгөн атаксия, гиперкинетикалык, амиостатикалык синд-ром. 19. Жамбаш-сан муундардын же эки тизенин тењ муундарынын эндопро-тези. 20. Бир буттун патологиясынын өнөкөт (2 жылдан ашык) остеомиелитменен коштолгон, тешиги бар, секвестр көњдөйлүү патологиясы.". Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси-манистр Б.Талгарбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 3-февралындагы № 55 токтомуна № 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Медициналык- социалдык экспертиза жана майыптарды реабилитациялоо борборунун кызматкерлеринин кызмат- тык маяналары -----------------------------------------------------------------------| Кызмат орун |Кызматтык|| |маяна || |(сом) ||-----------------------------------------------------------|---------||МСЭ жана МР борборунун директору |3500 ||-----------------------------------------------------------|---------||Башкы бухгалтер |2900 ||-----------------------------------------------------------|---------||Башкы адис |2000 ||-----------------------------------------------------------|---------||Жетектөөчү адис |1800 ||-----------------------------------------------------------|---------||I категориядагы адис |1300 ||-----------------------------------------------------------|---------||МСЭ жана МР борборунун жогорку категориядагы эксперт-врачы,|2500 ||реабилитолог-врачы, методист-врачы | ||-----------------------------------------------------------|---------||МСЭ жана МР борборунун 1-категориядагы эксперт-врачы, реа-|2300 ||билитолог-врачы, методист-врачы | ||-----------------------------------------------------------|---------||МСЭ жана МР борборунун категориясыз эксперт-врачы, реабили-|1900 ||толог-врачы, методист-врачы | ||-----------------------------------------------------------|---------||Региондор аралык МСЭКтин төрагасы |2500 ||-----------------------------------------------------------|---------||Облустук МСЭКтин төрагасы |2400 ||-----------------------------------------------------------|---------||Облустар аралык жана адистештирилген | ||-----------------------------------------------------------|---------||облустук МСЭКтин төрагасы |2300 ||-----------------------------------------------------------|---------||Райондор аралык МСЭКтин төрагасы |2100 ||-----------------------------------------------------------|---------||Жогорку квалификациялык категориядагы эксперт врач |1900 ||-----------------------------------------------------------|---------||Биринчи квалификациялык категориядагы врач-эксперт |1800 ||-----------------------------------------------------------|---------||Экинчи квалификациялык категориядагы эксперт врач |1700 ||-----------------------------------------------------------|---------||Квалификациялык категориясыз эксперт врач |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||Жогорку квалификациялык категориядагы медсестра |1100 ||-----------------------------------------------------------|---------||Биринчи квалификациялык категориядагы медсестра |1000 ||-----------------------------------------------------------|---------||Экинчи квалификациялык категориясыз медсестра |900 ||-----------------------------------------------------------|---------||Квалификациялык категориясыз медсестра |800 ||-----------------------------------------------------------|---------||Медициналык билими жок медициналык регистратор |700 ||-----------------------------------------------------------|---------||Жогорку квалификациялык категориядагы медициналык билимдүү|950 ||медрегистратор | ||-----------------------------------------------------------|---------||Биринчи квалификациялык категориядагы медициналык билимдүү|850 ||медрегистратор | ||-----------------------------------------------------------|---------||Экинчи квалификациялык категориядагы медициналык билимдүү|750 ||медрегистратор | ||-----------------------------------------------------------|---------||Бардыгы: |41550 ||-----------------------------------------------------------|---------||Реабилитациялык-диагностикалык стационар | ||-----------------------------------------------------------|---------||Башкы врач |2800 ||-----------------------------------------------------------|---------||Стационардын башчысы |2000 ||-----------------------------------------------------------|---------||Жетектөөчү адис |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||1-категориядагы адис |1200 ||-----------------------------------------------------------|---------||Врач-травматолог-ортопед |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||Врач-психотерапевт |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||Врач-педиатр |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||Врач-невропатолог |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||Врач-стоматолог |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||Врач-эмгектик терапевт |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||Врач-оккупациялык терапевт |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||Врач-логопед |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||Врач-физиотерапевт |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||Врач-кан тамырлар хирургу |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||Врач-отоларинголог |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||Врач-офтальмолог |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||Врач-реабилитолог |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||Врач-методист |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||Врач-психолог |1500 ||-----------------------------------------------------------|---------||Врач-протезист |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||Тиш техник |1600 ||-----------------------------------------------------------|---------||Тарбиячылар |1500 ||-----------------------------------------------------------|---------||Эмгек боюнча нускоочу |1500 ||-----------------------------------------------------------|---------||Окутуучу |1500 ||-----------------------------------------------------------|---------||Массажист |1500 ||-----------------------------------------------------------|---------||Дарылоочу дене тарбиянын нускоочусу |1500 ||-----------------------------------------------------------|---------||Башкы медсестра |1200 ||-----------------------------------------------------------|---------||Улук медсестра |1000 ||-----------------------------------------------------------|---------||Медсестра |800 ||-----------------------------------------------------------|---------||Медрегистратор |700 ||-----------------------------------------------------------|---------||Бардыгы: |45900 ||-----------------------------------------------------------|---------||жыйынтыгы: | |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр Б.Талгарбеков