Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 3-февралы № 57 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Тегирмен-Башы" асыл тукумдук үрөн чарбасы жөнүндө Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү жана асыл тукумдук ишти анданары өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүн көбөйтүү жанаанын сапатын жакшыртуу максатында, ошондой эле Кыргыз РеспубликасынынБаткен райондук кењешинин 2004-жылдын 15-апрелиндеги № 4-11 Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жанакайра иштетүү өнөр жай министрлигине "Тегирмен-Башы" асыл тукумдук үрөнчарбасынын негизинде эки өз алдынча чарба: "Бужум" үрөнчүлүк чарбасынжана "Тегирмен-Башы" асыл тукумдук чарбасын түзүү жана аларды КыргызРеспубликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрли-гинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө сунуш киргизүү тууралуу чечиминкөњүлгө алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы Баткен облусунунБаткен районундагы "Тегирмен-Башы" асыл тукумдук үрөн чарбасын КыргызРеспубликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрли-гинин карамагына өткөрүп берүүнү аныкталган тартипте камсыздасын. 2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги: - "Тегирмен-Башы" асыл тукумдук үрөн чарбасынын негизинде эки өзалдынча чарба: "Бужум" үрөнчүлүк чарбасын жана "Тегирмен-Башы" асыл ту-кумдук чарбасын түзсүн жана алардын статустарын аныктасын; - жогоруда аталган чарбалардын өндүрүштүк-чарбалык жана финансылыкиштерин жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планын түзсүн. 3. Баткен облусунун Кара-Булак айыл өкмөтүнө жана Баткен шаар баш-кармасына Айыл чарбалык жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлериненсугат айдоонун 1/4 бөлүгүн: - 88 га сугат айдоону Баткен районундагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүнаймагынан "Бужум" үрөнчүлүк чарбасына; - 79 га сугат айдоону Баткен районундагы Баткен шаар башкармасынынаймагынан "Тегирмен-Башы" асыл тукумдук чарбасына аныкталган тартиптебекитип берүү сунушталсын. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-июнундагы № 354"Тегирмен-Башы" асыл тукум үрөнчүлүк чарбасын Баткен облусунун муници-палдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсеп-телсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев