Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 4-февралы № 61 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишмердигин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти А.А.Акаев тарабынан администра-циялык реформаны өткөрүү боюнча коюлган маселелерди ишке ашыруу үчүнКыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жүктөлгөн статис-тика тармагындагы мамлекеттик башкаруу милдеттерин натыйжалуу аткаруумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен КыргызРеспубликасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук келишимдинтиркелген
долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы-на жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрине бекитилген тартиптежогоруда аталган Ресурстук келишимге колдум коюлушу жүктөлсүн. 3. Кол коюлган Ресурстук келишимге ылайык жана Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигименен макулдашылып бекитилген Улуттук статистика комитетининүстүбүздөгү финансылык жылдын бюджетинин чегинде Улуттук статистика ко-митетинин борбордук аппаратынын, аймактык жана анын алдындагы ведомс-тволук бөлүкчөлөрүнүн кызматкерлерине эмгек акыны төлөө боюнча тартип-тер менен шарттарды аныктоо укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук ста-тистика комитетине берилсин. 4. Ушул Жарлыктын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кыргыз Республика-сынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соодабашкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 4-февралындагы № 61 токтому менен жактырылды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуу 1. Макулдашуунун мааниси 1.1. Ресурстук макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) Тараптарыболуп төмөнкүлөр эсептелет: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикакомитети, анын атынан төрагасы Кудабаев Зарылбек Исалыевич жана КыргызРеспубликасынын Финансы министрлиги, анын атынан министр Абилдаев БолотЕралханович. 1.2. Аталган Макулдашуу төмөнкүлөргө ылайык даярдалды: - Кыргыз Республикасынын Президентинин
2002-жылдын 10-апрелиндеги№ 84 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына"улуттук" статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө" жана 2002-жылдын 14-де-кабрындагы № 375 "Кыргыз Республикасында 2003-2010-жылдарга эмгек акыреформасынын концепциясы жөнүндө" жарлыктарына; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 11-декабрындагы №731 "Кыргыз Республикасында 2001-2005-жылдарга статистиканы өнүктүрүүпрограммасы жөнүндө",
2001-жылдын 5-сентябрындагы № 520 "Статистикалыкотчет системасын өркүндөтүү жана мамлекеттик статистика органдарынынматериалдык-техникалык базасын чыњдоо программасы жөнүндө",
2002-жылдын26-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылга ка-рата мыйзам долбоорлоо иштеринин планы жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралартууралуу",
2003-жылдын 18-мартындагы № 141 "2003-2010-жылдарга КыргызРеспубликасында эмгек акы реформасынын концепциясын жүзөгө ашыруу боюн-ча иш чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомдоруна; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы №514-б Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен КыргызРеспубликасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашу-уну даярдоо боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө буйругуна. 1.3. Ушул Макулдашуунун мааниси болуп - бекитилген тартиптерденжана туруктуу бюджеттик процесстин чектелүүлөрүнөн тышкары, финансылыкжана адам ресурстарын бөлүштүрүүдө, колдонуунун кыймылдуулугу менен ий-кемдүүлүгүн камсыз кылууда, ресурстук каражаттардын чегинде, коюлганмаксаттарга жетүү үчүн функционалдык талдоонун жүрүшүндө аныкталгантапшырмаларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук статис-тика комитетинин жетекчилигинин ыйгарым укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүнкењейтүү эсептелет. Бул, мамлекеттик каражаттарды сарптоонун натыйжалу-улугун жогорулатуу жана аларды үнөмдөө үчүн шарт түзөт. 1.4. Өткөрүлгөн функционалдык талдоо дүйнөлүк стандарттарга шайкешкелүү үчүн мамлекеттик статистиканын стратегиялык максаттарын ишке ашы-рууну жана маселелерин өнүктүрүүнү белгилеп, өз учурунда региондук ста-тистиканын өнүгүшүн негизги стратегиялык максаты катары аныктайт. Реги-ондук статистика жалпысынан Кыргыз Республикасынын статистика система-сынын өнүгүшүндө өтө зарыл элемент болуп эсептелет, ал эми Макулдашууушул кызматтардын бекемдөөгө зарыл болгон потенциалынын өсүүсүнө көмөккөрсөткөн маанилүү документ болуп саналат. 2. Макулдашуунун максаты 2.1. Аталган Макулдашуунун максаты, колдо болгон финансылык кара-жаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетитарабынан Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык өнүгүшүүчүн өтө зарыл жана чечүүчү мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүдө жыйын-тыктуулукту жана натыйжалуулукту жогорулатуу болуп саналат. 2.2. Коюлган максатка жетүү, чектелген бюджеттик ресурстардыбөлүштүрүүдө аларды натыйжалуу пайдалануу үчүн негизделген жана ойло-нуштурулган чечимдерди кабыл алуунун, финансылык каражаттардай эле,адам ресурстарын да колдонуунун реалисттик варианттарын иштеп чыгуунунэсебинен болот деп божомолдонот. 2.3. Макулдашуу кошумча финансылык ресурстардын бөлүнүшүн кара-байт. 3. Таасир берүү чөйрөсү жана шарттары 3.1. Макулдашуунун предмети катары Кыргыз Республикасынын Улуттукстатистика комитети жана ведомствого караштуу уюмдарынын карамагындаболгон финансылык жана адам ресурстары эсептелет. 3.2. Бул Макулдашуунун таасирине кирген мамлекеттик статистикауюмдары болуп төмөнкүлөр саналат: - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин борбордукаппараты; - Областтык, Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик статистика башкар-малыктарынын аппараты, мамлекеттик статистикаиын райондук (шаардык)башкармалыктары, бөлүмдөрү жана секторлору; - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Башкыэсептөө борбору; - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Статисти-калык изилдөөлөр институту; - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Окуу бор-бору. 3.2.1. Финансылык ресурстар болуп үстүбүздөгү финансылык жылгареспубликалык бюджетте каржылоонун бардык бөлүмдөрү боюнча каралган ка-ражаттар саналат. Аталган Макулдашууга ылайык Кыргыз РеспубликасынынУлуттук статистика комитетинин төрагасынын кароосу боюнча жана КыргызРеспубликасынын "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизгипринциптери жөнүндө"
Мыйзамынын 15-статьясына ылайык жалпысынан каржы-лоонун бардык бөлүмдөрү боюнча финансылык ресурстарды пайдаланууга,б.а. каржылоонун бөлүмдөрүндөй эле, чыгымдардын статьялары боюнча дажылдык, кварталдык жана айлык суммаларды жылдырууга укугу бар. 3.2.2. Адам ресурстарына, белгиленген тартипте бекитилген, эњ жо-горку сандык чектеги Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комите-тинин борбордук аппаратынын, областтык, Бишкек жана Ош шаардык мамле-кеттик статистика башкармалыктарынын, мамлекеттик статистиканын район-дук (шаардык) башкармалыктарынын, бөлүмдөрү менен секторлордун кызмат-керлери, мамлекеттик статистика органдарынын тейлөө жана техникалыкперсоналы менен жогоруда аталган тизмеге ылайык эњ жогорку чектик саны-на кирбеген башка ведомствого караштуу уюмдардын кызматкерлери кирет. 3.3. Аталган Макулдашуунун шарттары боюнча финансылык жана адамресурстарын пайдалануу - статистика уюмдарынын ишмердигинин болгон мил-деттери менен жањы программаларынын уландысы жана кењейтилиши болупэсептелип, аткарылып жаткан программалардын уюштуруу структурасын, баш-каруу схемаларын, түзүлүшүн мындан ары өркүндөтүү үчүн негиз болот. 3.4. Аталган Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттукстатистика комитети төмөнкүлөргө укуктуу: - белгиленген тартипте бекитилген, эњ жогорку сандык чектен ашпа-ган, белгиленген функционалдык милдеттерге ылайык мамлекеттик статисти-ка уюмдарынын түзүлүшүн реформалоого, кайра уюштурууга жана жакшыртуу-га, адам ресурстарын кайра бөлүштүрүүгө; - үстүбүздөгү финансылык жылга каржылоонун бардык бөлүмдөрү боюнчачыгымдардын сметасын иштеп чыгууда бекитилген бюджеттин кварталдыкбөлүштүрүүлөрүн өз алдынча жүргүзүүгө; - каржылоонун бардык бөлүмдөрү боюнча жалпысынан, эмгек акы фондунпайдаланууга, ошондой эле: а) жумушчулардын кызматтык маяналарына кошумча төлөөлөрдү бе-китүүгө; б) өтө маанилүү жана татаал атайын тапшырмаларды жоопкерчилик ме-нен аткаргандыгы үчүн, көп жылдык, кынтыксыз эмгек ишмердиги үчүн, ке-сиптик майрамдарга жана Кыргыз Республикасынын турмушундагы башка бел-гилүү окуялар жана даталарга байланыштуу сыйлык берүүгө; в) үй бүлөлүк шарттарга байланыштуу социалдык-тиричилик маселеле-рин чечүү үчүн, жумушка барып-келүүгө жол киресинин бир бөлүгүн төлөөүчүн, тамактанууга, кымбат баалуу дары-дармек алууга жана дарылануугакошумча төлөөлөр үчүн материалдык жардам көрсөтүүгө; - бардык төлөөлөр үстүбүздөгү финансылык жылга эмгек акы фонду бо-юнча чыгымдардын бекитилген сметасынын чегинде жүргүзүүгө. 4. Өз ара милдеттенмелер жана отчеттуулук Аталган Ресурстук макулдашууга ылайык Тараптар өзүнө төмөнкү мил-деттенмелерди алат. 4.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети: - ай сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордукказыначылыгына финансылык каражаттарга болгон муктаждыгы жөнүндө бил-дирүүнү тапшырат; - отчеттук мезгилден (кварталдан) кийинки 10 күндүн ичинде КыргызРеспубликасынын Финансы министрлигине акча каражаттарынын иш жүзүндөтүшүшү жана пайдаланылышы боюнча отчет берет; - бөлүнгөн финансылык каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу багы-ты боюнча колдонуу милдетин алат; - бухгалтердик жана финансылык операцияларды сөзсүз түрдө КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына жана ушул Макулдашууга ылайык жүргүзөт. 4.2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - алдыдагы финансылык жылга бюджетти иштеп чыгууда мүмкүн болушун-ча максималдуу түрдө, контролдук сумманын чегинде, Кыргыз Республикасы-нын Улуттук статистика комитетинин сунуштарын жана эсептөөлөрүн эскеалат; - алдыдагы айдын каржылоо планына ай сайын чыгымдардын бардыкстатьялары боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетининбилдирүүсүнө ылайык ассигнованиелерди киргизет; - бекитилген каржылоо планына ылайык лимиттер менен чектелбестенкаржылоону ачат. 5. Ишмердиктин көрсөткүчтөрүн жакшыртуу 5.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрага-сы бул Макулдашуунун аткарылышына жоопкерчиликти тартат. 5.2. Макулдашуунун максаттарына жетүү жолдору: - уюштуруучулуктун түзүлүшүн, функционалдык милдеттерди өркүндөтүүмүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу колдонуу; - статистика уюмдарынын ишмердигинин жалпы көрсөткүчтөрүн, алардыннатыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн жакшыртуу. 5.3. Каржылоонун бардык бөлүмдөрү жана чыгымдардын статьялары бо-юнча бардык үнөмдөлгөн каражаттарды Кыргыз Республикасынын Улуттук ста-тистика комитетинин карамагында калып, Кыргыз Республикасынын Улуттукстатистика комитетинин жана ведомствого караштуу уюмдардын жетекчилиги-нин кароосу боюнча пайдаланышы мүмкүн. 6. Мониторинг жана баа берүү 6.1. Бул Макулдашуунун максаттарына жетишкен ийгиликтерге бааберүү ушул документтин курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Ушул Макулдашу-уну бекиткен учурдан тартып бир жыл өткөндө Кыргыз РеспубликасынынУлуттук статистика комитети жана ведомствого караштуу уюмдары анын на-тыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүнүн объектиси болууга тийиш. 6.2. Контролдоочу мамлекеттик органдардан суралган ар кандай маа-лыматтар жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. 7. Күтүлбөгөн жагдайлар Бекитилген республикалык бюджетти аткаруунун жүрүшүндө, бюджеттинкиреше бөлүгүнүн төмөндөшүнө алып келүүчү күтүлбөгөн жагдайлар пайдаболушу мүмкүн. Мындай учурларда бюджеттин тењ салмактуулугун сактооүчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджетке чыгымдардыкыскартуу боюнча өзгөрүүлөрдү киргизүүгө аргасыз болот. Чыгымдарды кыс-картууга алып келүүчү мындай күтүлбөгөн жагдайлар пайда болгон учурлар-да бекитилген бюджет боюнча каралган каражаттардын 90 пайызына карататолук бойдон Макулдашуу колдонулуп, каржылоо кыскартылган сумманын че-гинде чыгымдардын бардык статьялары боюнча жүргүзүлүүго тийиш. 8. Ишке ашыруу механизми Аталган Макулдашуу кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика финансы министри комитетинин төрагасы З.Кудабаев Б.Абилдаев