Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-январындагы № 26
токтому менен бекитилди Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде 2010-жылга чейин турак-жай курулушун өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ 1. Кириш сөз 2. Проблеманын мазмуну жана аны программалык методдор менен чечүүнүн зарылдыгын негиздөө 3. Программаны ишке ашыруунун негизги максаттары, милдеттери, мөөнөттөрү жана этаптары 4. Программаны ишке ашыруунун малыматтык-техникалык камсыздоо 4.1. Нормативдик-укуктук камсыздоо 4.2. Илимий-методикалык камсыздоо 4.3. Маалыматтык-консультативдик камсыздоо 4.4. Финансылык-техникалык камсыздоо 4.5. Кадрлык камсыздоо 4.6. Социалдык мобилизациялоо 4.7. Акыйкат башкаруу 5. Программанын иш-чаралары 5.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу жана киргизүү 5.2. Айылдык аймактарды, жайгаштыруунун схемалары жана планировканын долбоорлору жана айылдык калктуу пункттардын курулушу менен камсыз кылуу 5.2.2. Айылдык калктуу пукттарын пландаштыруу жана куруу долбоорлорун иштеп чыгуу 5.3. Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү 5.4. Турак-жай курулушу боюнча иш чаралардын, айыл өкмөтүнүн аймактарында аткарылышынын кезегин тактоо менен аларды иштеп чыгуу 5.5. Райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан иш чараларды иштеп чыгуу 5.6. Айыл өкмөтү жана райондук мамлекеттик администрациялардын иш чараларын жүзөгө ашырууга кеткен каражаттарды пландоо 5.7. Программаны ишке ашыруу боюнча областтык мамлекеттик администрациялардын штабдарды түзүү боюнча аракеттери 5.8. Областтык мамлекеттик администрациялардын алдындагы штабдардын аракети 5.9. Айыл өкмөттөрү тарабынан Комплекстүү программаларды бекитүү 5.10. Айыл өкмөттөрү жана райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан Комплекстүү программаларды ишке ашыруу 5.11. Областтык мамлекеттик администрацияларынын иш чара Пландарын түзүү 5.12. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын аракети 5.13. Программаны ишке ашыруу, алардын аткарылышын көзөмөлдөө жана координациялоо 6. Программаны ишке ашыруудагы бийлик жана башкаруу органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары 7. Программаны ишке ашырууда анын натыйжалуулугун, социалдык-экономикалык жана экологиялык кесепеттерин баалоо 8. Корутунду 1. Кириш сөз Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде турак-жай курулушунөнүктүрүү программасы (мындан ары-Программа) Кыргыз Республикасын2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздерине, Кыргыз Республи-касынын өкмөтүнүн 8-майындагы 2003-жылдын № 269
токтому менен бекитил-ген 2003-2005 жылдарда кедейчиликти кыскартуунун Улуттук
стратегиясына,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25-апрелиндеги 2001-жылдын № 188
ток-тому менен бекитилген Кыргыз Республикасында турак-жай курулушунун мам-лекеттик программасына ылайык иштелип чыкты. Айыл жерлериндеги турак-жай проблемасын чечүү Кыргыз Республика-сында турак-жай курулушунун мамлекеттик программасынын башкы милдетиболуп саналат. Айыл тургундарын турак-жай менен камсыз кылуу айыл кал-кынын жыргалчылыгын олуттуу дењгээлде жогорулатууга, социалдык маселе-лерди чечүүгө, республикадагы миграциялык процесстерди калыптандыруугажана айыл жериндеги жергиликтүү жамаатчылыктын туруктуу өнүгүүсүнөкөмөк көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Турак-жайга жана турак-жай шартынжакшыртууга муктаж болгон адамдардын саны жыл сайын көбөйүүдө.2003-жылдын 1-январына карата айыл жеринде турак-жайдын жалпы аянты ме-нен камсыз болуусу ар бир адамга 11,5 кв. метрди түзгөн. Республика бо-юнча бул көрсөткүч ар бир адамга 12,4 кв. метрди, ал эми шаар жерлерин-де 13,5 кв. метрди түзөт. Кыргыз Республикасында турак-жай курулушунун мамлекеттик програм-масына ылайык 2010-жылга карата турак-жайдын жалпы аянты менен камсызболуусу ар бир адамга 14,2 кв. метрди түзүү керек. Айыл жеринде ар бирадамдын жалпы турак-жай аянты менен камсыз болуусу бүтундөй республикабоюнча алганда 0,9 кв. метрге аз жана шаардагаларга караганда 2,0 кв.метрге кем. 2010-жылга карата айыл жеринде турак-жай менен камсыздоокөрсөткүчүн шаарлардагы көрсөткүчкө тењ чамалуу кылууга жетпегенибиздиэске алып, 2010-жылга карата айыл тургундарын турак-жай менен камсызкылууну ар бир адамга 13,0 кв. метр болгон пландуу көрсөткүчтү кабылалуу талапка ылайык, бул жогорку көрсөткүчтү 13,0%га көтөрүүгөмүмкүндүк берип, айыл тургундарынын жашоо тиричилигинин кыйла жогорула-тууга өбөлгө түзөт. Ушул эле учурда, ар бир айылдык үй бүлөнү өзүнчөтурак-жай же квартира менен камсыздоо милдети коюлушу керек. Бул үчүн2010-жылга чейин айыл жеринде жалпы аянты 4962,7 мињ кв. метрди түзгөнтурак-жай курулушу зарыл. Турак-жай үйлөрүн куруу курулуштун сейсмика-лык туруктуулугун, суу түтүктөрү, канализация, электр кубаты, мүмкүнболсо газ менен жабдууну эске алган долбоорлор менен жүзөгө ашырылышызарыл. Айыл жериндеги пландаштырылган турак-жайды курууну ишке ашырууүчүн болжол менен 7846,01 млн. сомду түзгөн инвестициялар талап кылы-нат. 2. Проблеманын мазмуну жана аны программалык методдор менен чечүүнүн зарылдыгын негиздөө Айыл жериндеги үй бүлөлөрдүн 70,8% көбүрөөгү ар бир адамга 10,0кв. метрден азыраак аянтты түзгөн турак-жай менен камсыз болушкан, алэми 11,6% айыл тургундары жалпы турак-жай менен камсыз болуусу ар бирадамга 5 кв. метрден аз аянтты түзөт. Акыркы жылдары республиканын бардык региондорунда жањы турак-жай-ларды ишке киргизүү кескин азайды. Маселен, 1990-жылы 22, 4 мињ кварти-ра курулса, 2002-жылы болгону 4,4 мињ (19,6%) квартира курулган. Айыл-дык турак-жай фондунун негизги бөлүгүнүн элементардык коммуналдык ын-гайлуулуктары жок. Айылдын 60% калктуу конуштарында гана суу түтүктөрүбар, ал эми турак-жай фондунун басымдуу бөлүгү борбордук жылытуу жанаканализация, ысык суу же газ менен камсыз болгон эмес. Рыноктук экономикага өтүүнүн шарттарында курчуп кеткен Кыргыз Рес-публикасындагы турак-жай проблемасы, турукташтыруу жана андан аркыөнүгүү боюнча чечкиндүү иш чараларды көрүү зарылдыгын аныктайт. Бул милдеттерди чечүү үчүн бардык мамлекеттик башкаруу жана жерги-ликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын, өкмөттүк эмес жана эл ара-лык уюмдардын, калктын күч аракеттерин мобилизациялоо зарыл. Бул мак-саттар үчүн каржылоонун бардык булактарын: республикалык бюджетти, жер-гиликтүү бюджеттерди, бюджеттен тышкаркы булактарды, элдин каражатын,банктардын жана финансылык фонддордун кредиттик ресурстарын, эл аралыкдонор уюмдардын жардамын тартуу зарыл. 3. Программаны ишке ашыруунун негизги максаттары, милдеттери, мөөнөттөрү жана этаптары Программа төмөнкү негизги максаттарга жетүүнү көздөйт: - айыл жеринде кедейчиликти жоюуга; - айыл калкынын жыргалчылыгынын дењгээлин жогорулатууга; - жайгаштыруунун өз ара байланыш системасын, ыњгайлуу айылдык ту-рак-жай чөйрөсүн жана айылдык поселоктордун архитектуралык келбетинтүзүүгө; - шаар жана айыл ортосундагы миграциялык процесстерди оптимизация-лоого; - айылдык райондордун социалдык-экономикалык өнүгүшүн жана жерги-ликтүү жамааттын туруктуу өнүгүүсүн стимулдаштырууга; - айылдык калктуу пункттардын социалдык жана инженердик-техникалыкинфраструктурасын өркүндөтүүгө жетүү. Программалык иш чаралар төмөнкүдөй негизги милдеттерди чечүүгө ба-гытталган: - мамлекеттик структуралардын жана жергиликтүү жамааттардын, калк-тын айыл жериндеги турак-жай проблемасын чечүүгө натыйжалуу өз ара ара-кеттерин моблизациялоого жана камсыз кылууга; - Программанын биринчи кезектеги жана узак мөөнөттөгү иш чараларынпландаштырууга; - Программанын иш чараларын бардык булактардан каржылоону камсызкылууга; - мониторинг жүргүзүүгө, иш чараларды жүзөгө ашырууда уюштуруучу-лук, методикалык жана техникалык жардамдын системаларын түзүүгө багыт-талган. Программалык милдеттерди чечүүнүн негизги жолдору: - Программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруудагы мамлекеттик орган-дардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын анык-тоо; - малыматтык-техникалык камсыздоо; - Программанын иш чараларын каржылоонун зарыл болгон көлөмдөрүнжана булактарын аныктоо; - айыл жамааттарын жана калкты социалдык мобилизациялоо; - ички жана тышкы инвесторлорду, донорлорду тартуу; - туракжай курулушун инвестициялоо үчүн ынгайлуу шарттарды түзүү. 4. Программаны ишке ашыруунун малыматтык-техникалык камсыздоо 4.1. Нормативдик-укуктук камсыздоо Азыркы учурда айылдын турак-жай курулушун Кыргыз Республикасынын
Граждандык жана
Жер кодекстери,
"Кыргыз Республикасынын шаар куруу жанаархитектура жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
"Кыргызстан Рес-публикасында жеке турак-жай курулушу жөнүндөгү" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы нормативдик-укук жактан регламенттейт. Айылдардагы жеке турак-жай курулушунун процессин стимулдаштырууүчүн айыл жериндеги турак-жай курулушун ишке ашырууга ыњгайлуу шарттар-ды түзүү максатында жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам актыларын өркүндөтүүзарыл. Мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун негизгимазмуну болуп, мыйзам актыларындагы карама каршылыктарды жоюу, жерүлүштөрүнө укук берүү процедураларынын, турак-жайды долборлоодогу жанакуруудагы, пайдаланууга кабыл алуудагы ачыктыкты жана жөнөкөйлөштүрүүнүкамсыздоо, кыймылсыз мүлккө карата укуктардын катталышы саналат. Турак-жайды жана жер үлүштөрүн сатып алуу, сатуу каттоосунун про-цедураларынын жөнөкөйлөтүлүшү, салыктын түйшүгүнүн, ошондой эле турак-жайды жана жер үлүшүн куруу, сатып алуу, сатуу учурундагы мамлекеттикоргандардын акы толоо кызматынын баасынын азайышы сыяктуу, туракжайдынжана кыймылсыз мүлктүн рыногун түзүү жана стимулдаштырууга багытталганмыйзам актыларынын нормалары да кайра карап чыгууну талап кылат. 4.2. Илимий-методикалык камсыздоо Айыл жеринде жеке турак үйлөрдүн курулушу боюнча натыйжалуу долбо-орлук чечимдерди жүзөгө ашыруу үчүн тийиштуу багыттар боюнча или-мий-изилдөө иштерин жүргүзүү зарыл. Бул боюнча: - социалдык-тиричилик, административдик, билим берүү, соода жанамаданий жактан тейлөөнүн бардык түрлөрүнө калктын жетүүсүн камсыз кыл-ган, айылдык калктуу пункттардын өз ара байланышкан өнүгүүсүн эске ал-ган, айылдык жайгаштыруунун рационалдуу системасын түзүү; - ынгайлуу айылдык чөйрөнү түзүүгө, жер ресурстарын үнөмдөөгө, ту-рак-жайды инженердик-техникалык жактан камсыздоо мүмкүнчүлүгүнө, ыњгай-луу транспорттук-жөө жолдор байланыштарына, тейлөөнүн негизги объектте-рине жетүүнүн оњтойлуулугуна, экологиялык талаптарга жана коркунучтуужаратылыштык жана техногендик процесстерден калктын коопсуздугуна ба-гытталган, айылдык калктуу пункттардын рационалдуу планировкалык чечи-лиши; - эњ жөнөкөй конструктивдик, планировкалык жана технологиялык че-чимдерди пайдалануу менен турак үйлөрдүн сейсмотуруктуулугун камсыз кы-луу; - жергиликтүү курулуш материалдарын колдонуу; - жергиликтүү турак үйлөрдү инженердик-техникалык камсыздоо, аныничинде, жылуулук-энергия-суу менен жабдуунун жана сууну тазалоонун ча-кан жана автономдуу системаларын колдонуу боюнча рекомендацияларды иш-теп чыгуу. 4.3. Маалыматтык-консультативдик камсыздоо Калкты активдүү тартуунун жана турак-жай курулушу тармагандагы ку-рулуш-инвестициялык процесси үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүүнүн милдетте-ри, уруксат берүү маселелери процедуралары боюнча жер-жерлерде маалы-маттык-консультациялык камсыздоонун системаларын түзүүнү, жеке ту-рак-жай курулушу менен байланышкан жер үлүштөрүнө, долбоорлорго жанакурулушка, пайдаланууга кабыл алууга, мамлекеттик каттоого жана башкамаселелерге укук берүүнү талап кылат. Мындай кызматтарды архитектуранынжана курулуштун жергиликтүү органдарынын алдында уюшуруу максатка ыла-йык, бул учурда алардын нормативдүү укуктук жана техникалык адабият,оргтехника жана архивдик база менен камсыз болуусун жакшыртуу жолу ме-нен мүмкүнчүлүктөрүн кењейтүү боюнча ишчараларды иштеп чыгуу керек,ошондой эле жеке турак-жай курулушу менен байланышкан маселелер боюнчамаалыматтарга жана консультацияларга жењил жетүүнүн системасын түзүүзарыл. Мыйзам базасындагы өзгөрүүлөр, жањы нормативдик техникалык доку-менттердин басылмалары, турак-жай проблемаларын чечүү боюнча айрым жа-мааттардын тажрыйбалары, турак үйлөрүнүн натыйжалуу долбоорлору жанааларды инженердик камсыздоонун системалары боюнча сунуштар, турак-жайдыкуруунун жана жасалгалоонун жањы технологиялары, турак-жайдын, жердинжана курулуш материалдарынын суроо талабы жана сунуштары, ошондой эле,айылдагы турак-жай проблемасын чечүүгө байланышкан башка материалдаржөнүндөгү маалыматтар камтылган атайын бюллетень чыгаруу максатка ыла-йыктуу. 4.4. Финансылык-техникалык камсыздоо 2010-жылга чейин айыл жеринде жалпы аянты 4962,7 мињ кв. метрдитүзгөн турак-жайды курууну ишке ашыруу үчүн бардык булактардан болжолменен 7846,01 млн. сом инвестицияларды тартуу зарыл. Айыл жеринде турак-жай курулушун өнүктүрүүнүн мамлекеттик програм-масынын иш чараларын жүзөгө ашыруу үчүн каржылоонун бардык булактарынтартуу керек: - республикалык бюджетти; - жергиликтүү бюджеттерди; - калктын каражатын; - бюджеттен тышкаркы фонддорду; - эларалык уюмдардын кредиттерин жана гранттарын. Региондордун, райондордун, айылдык калктуу пункттардын чегинде жо-горуда көрсөтүлгөн булактардан каржылоонун пландаштырылган көлөмүн жанамөөнөтүн аныктоо зарыл. Пландаштырылган булактар жана каржылоонункөлөмү изилдениши, такталышы жана өз ара байлануусу керек. Материалдык-техникалык камсыздоо негизинен курулуш материалдарынчыгарган жергиликтүү ишканалардын берүүлөрүнүн эсебине ишке ашырылат. Мында, Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча областтык штаб-дар тарабынан негизги курулуш жана жасалгалоо материалдарынын болжолдуукөлөмү аныкталып, ал курулуш жана жасалгалоо материалдарынын жерги-ликтүү өндүрүүчүлөрүнө жана жабдуучуларына маалымдалынышы керек. 4.5. Кадрлык камсыздоо Айылдагы жеке турак-жай курулушунун процессин тейлөө колдо болгонархитектуралык кызматтын кадрлары, кыймылсыз мүлктү каттоо органдары,курулуш материалдары өнөр жайынын куруучулары жана жумушчулары тарабы-нан ишке ашырылат. Зарыл болгон адистер Кыргыз Республикасынын жогоркужана орто окуу жайлары тарабынан даярдалат. Жеринде иштөө үчүн кадрларды даярдоо учурунда аларды, жерүлүштөрүнө карата жарандардын укуктарын ишке ашыруу, уруксат берүүчүдокументтерди алуу, жеке турак-жай курулушун иш жүзүнө ашыруу үчүн дол-боор документациялары, кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо, башка-рууну децентралдаштыруу маселелери, курулушту арзандатууга багытталганнатыйжалуу техникалык чечимдерди колдонуу, жергиликтүү курулуш матери-алдарын, турак үйлөрдү инженердик камсыздоонун алдынкы ыкмаларын, айыл-дарды рационалдуу пландаштыруу жана улуттук салтты пайдалануу мененайылдык турак-жайдын кооз архитектурасын түзүү маселелерин жөнгө салуу-чу Кыргыз Республикасынын мыйзам базаларына ээ болууга багыттоо зарыл. 4.6. Социалдык мобилизациялоо Айыл жериндеги турак-жай курулушун өнүктүрүүнүн проблемаларынчечүүдө негизги демилгечи жана чечүүчү күч болуп айыл калкы жана жерги-ликтүү жамааттар болуусу керек. Калкты жана жергиликтүү жамаатчылыктарды социалдык мобилизациялоо,элди маалымдоо боюнча ишчаралардын комплексин өткөрүүнү, милдеттериайылдагы турак-жай курулушунун өнүгүшүнө байланышкан маселелерди чечүүболуп саналган топторду, коллективдерди түзүүнү талап кылат. Бул багыт-та башкарууну децентралдаштырууга байланышкан жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын кењейип бара жаткан мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануузарыл, ошондой эле айылдагы турак-жай проблемасын чечүүгө багытталганжергиликтүү жамааттардын түркүн формаларын түзүүнү, алардын программа-ларын, демилгелерин ар тараптан колдоо керек. 4.7. Акыйкат башкаруу Эњ маанилүү шарттардын бири акыйкат башкаруунун принциптерин кол-донуу жана өнүктүрүү болуп саналат. Бул багытта жергиликтүү мамлекеттикбийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иштеринде болушунчаачык-айкындуулукка жетишүү зарыл. Жергиликтүү жамааттар бул органдартарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө толук маалымат алуулары керек,маалымат жергиликтүү басма сөз органдарында жарыяланып, радио, те-лекөрсөтүүдөн уктурулушу, көрсөтүлүшү зарыл, калкты маалымат менен кам-сыз кылуунун башка жолдорун да пайдалануу талапка ылайык. 5. Программанын иш-чаралары 5.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу жана киргизүү
"Кыргыз Республикасында жеке турак-жай курулушу жөнүндөгү" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын
Салык жана
Жер ко-декстерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу жана киргизүү,Кыргыз Республикасынын турак-жай кодексин кабыл алуу зарыл. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толукто-олор, аларда болгон карама каршылыктарды четтетүү, жер үлүштөрүнө кара-та укуктарды берүү процедурасын жана инвестициялык-курулуш процессинжөнөкөйлөтүү, айыл жериндеги турак-жай курулушун инвестициялоо үчүныњгайлуу салык шарттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-рынын жергиликтүү бюджетти түзүү жана турак-жай курулушу боюнча иш ча-раларды каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максаттарында киргизилет. 5.2. Айылдык аймактарды, жайгаштыруунун схемалары жана планировка-нын долбоорлору жана айылдык калктуу пункттардын курулушу менен камсызкылуу. 5.2.1. Жайгаштыруу схемасын иштеп чыгуу ар бир айыл өкмөтүнүн ай-магын кымтып, төмөнкүдөй максаттарды көздөйт: - жайгаштыруунун өз ара байланышкан системаларын түзүү боюнча ба-гытты аныктоо, ал буларды түзөт: а) поселоктордун тобу - бир аймактык ареалда жайгашкан жанатүздөн-түз социалдык-тиричилик, чарбалык, маданий ж.б. байланыштары(мындан ары-функционалдык байланыштар) бар, 3-дењгээлдеги жайгаштыруусистемасынын элементтери. б) поселоктордун тобу - эреже катары, бир айыл өкмөтүнүн аймагындажайгашып жана 3-дењгээлдеги бир нече поселоктордун тобунан турган,2-дењгээлдеги жайгаштыруу системасынын элементтери; в) эреже катары, бир административдик райондун аймагында айылдыкжайгашуунун системасын түзгөн жана өз ара функционалдык байланышы бар2-3-дењгээлдердеги бир нече поселокторду бириктирген - 1-дењгээлдегипоселоктордун тобу. - ар бир айылдык калктуу пункт үчүн 2010-жылга чейин аймактыкөнүгүүнүн жана калктын санынын өзгөрүшүнүн параметрин аныктоо. Булучурда, айылдык жайгаштыруу системасындагы анын орду жана ролу, ошондойэле жер ресурстарынын бар экендиги, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнүнжана айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү өндүрүшүнүн жана ошол калк-туу пункттагы башка шаар түзүүчү факторлорунун мүмкүнчүлүктөрү эскеалынат. 5.2.2. Айылдык калктуу пукттарын пландаштыруу жана куруу долбоорлорун иштеп чыгуу Айылдык калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу долбоорлоружайгаштыруу схемасынын негизинде иштелип чыгат жана төмөнкүдөй максат-тарды көздөйт: - поселоктун негизги функционалдык зоналарынын: туракжайдын, коом-дук борбордун, өндүрүштүк, коммуналдык объектилердин, ошондой эле,транспорттук-жөө жолдор тармагынын ж.б. шаар куруучу элементтердинөнүгүүсүн эске алган, айылдык калктуу пункттун оптималдуу пландаштырыл-ган структурасын түзүү боюнча багытты иштеп чыгуу; - ар бир тургунду 13,0 кв. метрден кем эмес жалпы турак аянты жанаар бир үйбүлөнү өзүнчө үй менен камсыз кылууну, ошондой эле, зарыл бол-гон коомдук пайдалануудагы объектерди, комуналдык жана өндүрүштүк объ-ектерди, эске алуу менен турак-жайды жайгаштыруу учун аймакты пландоо; - турак үйлөрдү, ошондой эле башка объектерди инженердик-техника-лык жабдуу: электр-жылуулук-суу, суу тазалоо, телефон байланышы жанагаз менен камсыз кылуу маселелерин чечүү; - турак-жай маселесин чечүү үчүн финансылык жана материалдык-тех-никалык ресурстарга болгон болжолдуу муктаждыгын аныктоо. 5.3. Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү Турак үйлөрдү долбоорлоо боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуу мак-сатында зарыл болгон илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү. Бул учурда, сейс-мотуруктуулук, айылдарда үйдү пландаштырууда жана архитектурасындаулуттук салтгы пайдалануу, жергиликтүү курулуш материалдарын колдонуу,жылуулук-энергожабдуу, курулуштун арзандашын, турак үйлөрдү инженердиккамсыздоодо натыйжалуу чечилиштерди пайдалануу эске алынуусу зарыл. 5.4. Турак-жай курулушу боюнча иш чаралардын, айыл өкмөтүнүн аймактарында аткарылышынын кезегин тактоо менен аларды иштеп чыгуу Пландаштыруу жана куруу долбоорунун долбоордук чечилишинин неги-зинде айыл өкмөтү өзүнө караштуу аймакта биринчи кезектеги чаралардытактоо менен, айылдык калктуу пункттарда турак-жай курулушун жүзөгөашыруу боюнча иш чараларды иштеп чыгат жана каржылоонун мүмкүн болгонбулактарын көрсөтүү менен аткарылуучу жумуштарды 2010-жылга чейинбөлүштүрөт. 5.5. Райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан иш чараларды иштеп чыгуу Айыл өкмөтү, райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан иште-лип чыккан иш чаралардын негизинде, биринчи кезектеги чараларды тактоожана каржылоонун мүмкүн болгон булактарын, аткарыла турган жумуштарды2010-жылга чейин ар бир жылга бөлүштүрүүнү көрсөтүү менен администра-тивдик райондун аймагында турак-жай курулушун иш жүзүнө ашыруу боюнчаиш чаралар иштелип чыгат. 5.6. Айыл өкмөтү жана райондук мамлекеттик администрациялардын иш чараларын жүзөгө ашырууга кеткен каражаттарды пландоо Айыл өкмөтү, иштелип чыккан иш чаралардын базасында айыл өкмөтүнүнжергиликтүү бюджети боюнча иш чараларга кете турган каражаттарды план-даштырат. Айыл өкмөтү айыл калкынын арасында ар бир калктуу пункта ту-рак-жай курулушун жүзөгө ашыруу боюнча пландалган иш чараны жана маалы-матты жеткирүү багытында жана жеке турак-жай үйлөрүн курууда калктынойлору жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү маалыматты чогултуу боюнча ишжүргүзөт. Райондук мамлекеттик администрация райондук, иш чараларды жүзөгөашырууга кете турган каражатты жергиликтүү бюджетке киргизүү жөнүндөсунуш киргизет жана басмасөз каражаттары, конференциялар аркылуу план-даштырылган иш чаралар туралуу кењири талкуу жүргүзөт. 5.7. Программаны ишке ашыруу боюнча областтык мамлекеттик администрациялардын штабдарды түзүү боюнча аракеттери Турак-жай курулушун жүзөгө ашыруу боюнча иш чараларды жергиликтүүбюджеттен каржылоонун пландаштырылган көрсөткүчтөрү, жеке турак-жай ку-рулушун калк тарабынан инвестирлөө боюнча прогноздук цифралары жана ишчараларды мүмкүн болгон башка булактардан каржылоо сунуштары, райондукмамлекеттик администрациялар тарабынан областтык мамлекеттик админист-рацияларга жөнөтүлөт. Областтык мамлекеттик администрациялар Программанын иш-чараларынжүзөгө ашыруу боюнча райондук администрациялардын жана айылөкмөттөрүнүн иштерин координациялаган, областтын айыл жерлеринде ту-рак-жай курулушун өнүктүрүүнүн Мамлекттик программасын ишке ашыруу бо-юнча туруктуу иштөөчү штабдарды түзүшөт. Штабдар райондук мамлекеттик администрациялар сунуш кылган иш ча-раларды жалпылаштырат, областтык мамлекеттик администрацияларга, об-ласттык кењешке жана республиканын финансы министирлигине, областтынжана мамлекеттин бюджеттерине айрым иш-чараларды каржылоо жөнүндө сунушкиргизишет, калкты, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдарды, кредиттикжана финасылык мекемелерди Мамлекеттик программанын иш-чаралары жөнүндөкењири маалымдоо боюнча уюштуруу чараларынын комплексин ишке ашырышат.Штабдар мамлекеттик структуралардын өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын, кредит-тик жана финансылык мекемелердин, жергиликтүү жамааттардын катышууларыменен иш чараларды жана аларды жүзөгө ашыруу жолдорун талкуулоо үчүнобласттык конференцияларды өткөзүшөт. 5.8. Областтык мамлекеттик администрациялардын алдындагы штабдардын аракети Алынган маалыматты пайдаланып, штабдар райондук мамлекеттик адми-нистрациялар менен бирдикте райондор жана айыл өкмөттөрү боюнча ту-рак-жай курулушун ишке ашыруу багытында иш чараларды толук иштеп чыгы-шат жана административдик райондордогу турак-жай курулушун өнүктүрүүнүнкомплекстүү программасын даярдашат, каржылоо булактары көрсөтүлгөн,такталган жана жылдарга бөлүнүп конкреттештирилген иш чараларды аткары-шат. 5.9. Айыл өкмөттөрү тарабынан Комплекстүү программаларды бекитүү Айыл өкмөттөрүндөгү жана административдик райондордогу турак-жайкурулушунун Комплекстүү программалары областтын кењештердин сессияла-рында каралат жана бекитилет. 5.10. Айыл өкмөттөрү жана райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан Комплекстүү программаларды ишке ашыруу Айыл өкмөттөрүнүн жана райондук мамлекеттик администрацияларынынбашкармалыгы бекитилген турак-жай курулушунун Комплекстүү программала-рын ишке ашырууга киришишет. 5.11. Областтык мамлекеттик администрацияларынын иш чара Пландарын түзүү Областтык мамлекеттик администрациялар админитсративдик райондор-догу жана айыл өкмөттөрүндөгү турак-жай курулушун өнүктүрүүнүн Комп-лекстүү программаларын бир пакетке бириктирет жана алардын негизиндерайондордун жана айыл өнүктүрүүнүн Комплекстүү программаларын колдоожана ишке ашыруу боюнча областтык мамлекеттик адиминистрациялардын ча-раларынын Пакетин иштеп чыгат жана кабыл алат. 5.12. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын аракети Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулушбоюнча мамлекеттик комиссия жайгаштыруунун схемасын, айылдык калктуупункттарды пландаштыруу жана куруу долбоорлорун, 2010-жылга чейин жыл-дар боюнча бөлүнгөн илимий-изилдөө иштерин иштеп чыгуу үчүн зарыл бол-гон каражаттардын болжолдуу эсебин жүргүзөт жана аны республикалык бюд-жеттин долбоорлоруна жана эл аралык уюмдар тарабынан каржылануучу прог-раммаларга киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө сунуштайт. 5.13. Программаны ишке ашыруу, алардын аткарылышын көзөмөлдөө жана координациялоо Турак-жай курулушун өнүктүрүүнүн комплекстүү программаларын ишкеашыруу айыл өкмөттөрү, райондук жана областтык администрациялар тарабы-нан ишке ашырылат. Жумуштарды координациялоо, комплекстүү программалар-ды ишке ашыруунун мониторинги жана колдоо областтык мамлекеттик адми-нистрациялардын алдындагы штабдар аркылуу жүргүзүлөт. Программанын жумуштарын координациялоону жана аткарылышынкөзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жа-на регионалдык өнүүктүрүү иштери боюнча Министри, Кыргыз Республикасы-нын өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик ко-миссия, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты, КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын өнүгүүнүн комплекстүүнегиздери боюнча Секретариаты 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасындагытурак-жай курулушун өнүктүрүү боюнча чаралардын Пактине ылайык ишкеашырат. 6. Программаны ишке ашыруудагы бийлик жана башкаруу органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасында турак-жай курулушун өнүктүрүү программасынишке ашыруу министирликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администраци-ялык ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитет-тердин, мамлекеттик комиссияларынын колодоосу жана өкмөттүк эмес уюм-дардын катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жер-гиликтүү жамааттары, райондук, областтык мамлекеттик администрациялартарабынан ишке ашырылат. 7. Программаны ишке ашырууда анын натыйжалуулугун, социалдык-экономикалык жана экологиялык кесепеттерин баалоо Программаны ишке ашыруу процессинде мониторинг жүргүзүлөт. Этапбоюнча: - жүргүзүлгөн иш чаралардын натыйжалуулугу (тигил же бул чараларастыга коюлган милдеттерди чечүүгө канчалык мүмкүндүк берет); - социалдык-экономикалык кесепеттери (туракжай менен камсыз болуу-нун көрсөткүчүнүн өсүшү, жашоонун сапатынын жакшырышы, миграциялык про-цесстерди калыптоо); - экологиялык кесепеттери (курчап турган чөйрөнүн оњолушу же бузу-лушу, жер ресурстарына, жашылдандырууга, жаныбарлар жана өсүмдүкдүйнөсүнө таасири) бааланат. Баалоонун жыйынтыктары иш чараларды оњдоодо жана Программанын ки-йинки этаптарын иштеп чыгуу учурларында эске алынат. 8. Корутунду Мамлекеттин жана коомдун эњ маанилүү милдеттеринин бири болгонайыл жериндеги турак-жай проблемаларын чечүү, мамлекеттин бардык струк-тураларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, өкмөттүк эмес жана эларалык уюмдардын биргелешген системалык иш аракеттери менен гана мүмкүнболот. Мында, Программа иш чаралардын пландарын түзүү жана аларды ишкеашыруу төмөндөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан чыгышынкарайт. Жергиликтүү жана райондук звено, областтык, республикалыкструктуралардын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын активдүү жарда-мы астында Программаны ишке ашыруу процессинде негизги звено болуп ка-лышы керек. 2010-жылга карата Программада коюлган максаттарга жетүү,2003-2005-жылдарда кедейчиликти кыскартуунун Улуттук
стратегиясында жа-на 2010-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн комп-лекстү негиздеринде белгилеген маселелердин көбүн чечүүгө мүмкүндүк бе-рет.