Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 20-январы № 28 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 2-августундагы № 513 "2002-2010-жылдардагы мезгилге "Адам укугу" Улуттук программасын жана "Кыргызстан адам укугунун өлкөсү" Улуттук идеясын ишке ашыруу боюнча комплекстүү чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Аткаруучу бийликтин органдарынын ишиндеги ачык-айкындык жанакөрүнөөлүк боюнча кошумча шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын Пре-зидентинин
2002-жылдын 2-январындагы № 1 "2002-2010-жылдардагы мезгилге"Адам укугу" Улуттук
программасы жөнүндө" жана
2003-жылдын 15-майындагы№ 151 "Кыргызстан адам укугунун өлкөсү" Улуттук идеясын ишке ашыруу бо-юнча чаралар жөнүндө" жарлыктарында каралган иш-чараларды аткаруунунжүрүшүндө калктын маалымдуулук дењгээлин жогорулатуу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 2-августундагы №513 "2002-2010-жылдардагы мезгилге "Адам укугу" Улуттук
программасынжана "Кыргызстан адам укугунун өлкөсү" Улуттук идеясын ишке ашыруу бо-юнча комплекстүү чаралар жөнүндө"
токтомунун 7-пунктуна төмөнкүдөйөзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: - "квартал сайын" деген сөздөр "жарым жылдын жыйынтыгы боюнча" де-ген сөздөргө алмаштырылсын; - "жогоруда көрсөтүлгөн Чаралар комплекси" деген сөздөрдөн кийин", ошондой эле бул маалымат Интернет электрондук тармагындагы расмийВеб-сайттарда мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялансын" дегенсөздөр менен толукталсын. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Премьер-министр Н.Танаев