Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 11-февралы № 74 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү боюнча Координациялык кењеш түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүгө өтүүнүнКонцепциясын ишке ашыруунун чегинде туруктуу өнүктүрүү принциптеринКыргыз Республикасынын билим берүү системасына интеграциялоо, ошондойэле ушул тармакта Бириккен Улуттар Уюмунун демилгелеринин чегинде ту-руктуу өнүктүрүү үчүн билим берүүнүн улуттук платформасын түзүү макса-тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү боюнчаКоординациялык кењеш түзүлсүн. 2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү боюнчаКоординациялык кењештин курамы; - Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү боюнчаКоординациялык кењеш жөнүндө Жобо. 3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туруктуу өнүктүрүүбоюнча керектүү маалыматтарды алууга Координациялык кењешке көмөккөргөзүшсүн. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-февралындагы № 74 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү боюнча Координациялык кењештин курамы Кидибаев М.М. - Кыргыз Республикасынын билим берүү министри, Координациялык кењештин төрагасы; Жанузаков К.Ч. - Кыргыз Республикасынын экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Коорди- нациялык кењештин төрагасынын биринчи орун басары; Айдаралиев А.А. - "Кыргызстан Эл аралык университети" окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин прези- денти, Тоо аймактарын өнүктүрүүнүн улуттук борборунун төрагасы, Координациялык кењештин төрагасынын орун басары; Акказиев И.А. - Кыргыз тоо-кен университетинин ректору, Ко- ординациялык кењештин жооптуу катчысы; Координациялык кењештин мүчөлөрү: Сманалиев К.М. - Кыргыз Республикасынын билим берүү министри- нин орун басары; Рустембеков О.С. - Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы экология жана жаратылышты пайдалануу департаментинин директору; Дуйшенова Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Экология жана жа- ратылышты пайдалануу департаментинин маалы- маттык-аналитикалык камсыздоо жана экология- лык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси; Субанова М.С. - Кыргыз билим берүү академиясынын таби- гый-илимий сабактар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; Эргешов А.Э. - Бишек гуманитардык университетинин кафедра башчысы, география илиминин доктору, профес- сор; Коротенко В. - "БИОМ" экологиялык кыймылынын төрагасы (ма- кулдашуу боюнча); Родина Е.М. - Кыргыз-Россия Славян университетинин жа- шоо-тиричилик коопсуздугу жана туруктуу өнүктүрүү кафедрасынын башчысы; Фомина Т.В. - Бишкек шаарынын № 70 гимназия-мектебинин экология мугалими; Мукамбеталиева Г.А. - К.Тыныстанов атындагы Ысыккөл мамлекеттик университетинин экология кафедрасынын башчы- сы.