Сравнение редакций…
КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ N 108 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 11-февралы № 75
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук
актыларын инвентаризациялоо боюнча Өкмөттүк
комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2003-жылдын 5-февралындагы № 47
токтомуна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын министрликтеринен жана ведомстволорунан
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө келип түшкөн мыйзам долбоорлору менен
иштөөнү өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында, ошондой эле "Кыр-
гыз Республикасында администрациялык реформаны андан ары илгерилетүү
боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын
29-июлундагы № 566 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-
том кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын инвента-
ризациялоо боюнча Өкмөттүк комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 5-февралындагы № 47 токто-
муна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын инвентари-
зациялоо боюнча Өкмөттүк комиссия жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын
Кыргыз Республикасынын кабыл алынган мыйзамдарына жана Кыргыз
Республикасынын түзүлгөн эл аралык келишимдерине ылайык келтирүү
боюнча иштердин эрежеси.";
- токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын Кыр-
гыз Республикасынын кабыл алынган мыйзамдарына, эл аралык келишимдерине
ылайык келтирүү боюнча иштердин эрежеси менен ушул токтомго тиркемеге
ылайык редакцияда толукталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын юридика бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 11-февралындагы № 75
токтомуна тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2003-жылдын 5-февралындагы
№ 47 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын
Кыргыз Республикасынын кабыл алынган мыйзамдарына
жана Кыргыз Республикасынын түзүлгөн эл аралык
келишимдерине ылайык келтирүү боюнча
иштердин эрежеси
I. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын
жањыдан кабыл алынган мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында
даярдалган нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп
чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү
II. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын
түзүлгөн эл аралык келишимдерине ылайык келтирүү максатында
иштелип чыккан нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун
иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү
Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын Кыргыз Рес-
публикасынын кабыл алынган мыйзамдарына, эл аралык келишимдерине ылайык
келтирүү боюнча иштердин бул эрежеси (мындан ары - Эреже) "Кыргыз Рес-
публикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын эл ара-
лык келишимдерин кошо алганда Кыргыз Республикасынын нормативдик укук-
тук актыларын дайыма инвентаризациялоо механизмдерин өркүндөтүүгө ба-
гытталган.
I. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын
Кыргыз Республикасынын жањыдан кабыл
алынган мыйзамдарына ылайык келтирүү
максатында даярдалган нормативдик
укуктук актылардын долбоорлорун
иштеп чыгуу жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө
киргизүү
1. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын