Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 3-февралындагы N 55 токтому менен бекитилген |
Окутуучу жана атайын жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздалгандарга камсыздандыруу суммаларын төлөп берүү жөнүндө чечим чыгаруу үчүн керектүү документтердин ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Камсыздандырылган адам аскердик кызматты өтөө, аскердик жыйындарда болгон мезгилде курман болгон (дүйнөдөн кайткан) учурда төмөнкүдөй документтер таризделет:
- милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча ар бир пайдага ээ болуучудан камсыздандыруу суммасын төлөп берүү жөнүндө арыз (камсыздандырылган адамдын жашы жете элек балдары жубайлардын биринин, камкорчунун же камсыздоочунун арызына киргизилет) акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн жеке банктык реквизиттерин жана ар бир пайдага ээ болуучунун өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсүн тиркөө менен;
- аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин башчысынын, уюмдун жетекчисинин) камсыздандыруу учурунун келип чыгышынын жагдайлары жана камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу учуру келип чыккан күнгө карата кызматтык маянасынын жана аскердик наамы боюнча маянасынын өлчөмү жөнүндө маалымкаты;
- камсыздандырылган адамдын дүйнөдөн кайтканы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин башчысынын, уюмдун жетекчисинин) камсыздандырылган адам аскердик бөлүктүн (мекеменин, уюмдун) жеке курамынын тизмесинен чыгарылганы жөнүндө буйругунун көчүрмөсү;
- пайдага ээ болуучулардын камсыздандырылган адам менен туугандык байланышын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- камсыздандырылган адамдын камкордукта болгондордун үстүнөн болгон камкордугунун же камсыздоосун аныктоо жөнүндө камкорчу жана камсыздоочу органдын токтомунун көчүрмөсү;
- камкорчу жана камсыздоо органынын камсыздандырылган адамдын ата-энесинин жок экендигин жана анын пайдага ээ болуучулар тарабынан тарбиялангандыгын жана багылгандыгын ырастаган документинин көчүрмөсү;
- камсыздандырылган адамдын 18 жаштан 23 жашка чейинки курактагы балдарын окуткандык жөнүндө билим берүү мекемесинин маалымкаты, анда алардын окууга кирген датасы көрсөтүлөт;
- камсыздандырылган адамдын балдарынын майыптыгынын алар 18 жаш куракка чыкканга чейинки белгиленгендик фактысын ырастаган, медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан берилген маалымкаттын көчүрмөсү;
- мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- пайдага ээ болуучунун өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммасын алуудан, ал "Окутуучу жана атайын жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан башка мыйзамдарга ылайык ээ болгон укуктан баш тартуу жөнүндө арызы. Ушундай арызды алган камсыздандыруу уюму анын көчүрмөсүн аталган адамдардын өмүрүн жана ден соолугун ушул мыйзам жана нормативдик-укуктук актылар боюнча камсыздаган камсыздандыруу уюмдарына жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Камсыздандырылган адам аскердик кызматты өтөө, аскердик жыйындарда болгон мезгилде алган мертинүүнүн (жаракат алуунун, травманын, контузиянын) же дартка чалдыгуунун натыйжасында аскердик кызматтан бошогондон кийин, аскердик жыйындар аяктагандан кийин бир жыл аяктаганга чейин дүйнөдөн кайткан учурда төмөнкүдөй документтер таризделет:
- милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча ар бир пайдага ээ болуучудан камсыздандыруу суммасын төлөп берүү жөнүндө арыз (камсыздандырылган адамдын жашы жете элек балдары жубайлардын биринин, камкорчунун же камсыздоочунун арызына киргизилет) акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн ар бир пайдага ээ болуучунун жеке банктык реквизиттерин жана ар бир пайдага ээ болуучунун өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсүн тиркөө менен;
- аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин башчысынын, уюмдун жетекчисинин) камсыздандыруу учурунун келип чыгыш жагдайлары жана камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу учуру келип чыккан күнгө карата кызматтык маянасынын жана аскердик наамы боюнча маянасынын өлчөмү жөнүндө маалымкаты;
- камсыздандырылган адам дүйнөдөн кайтканы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын же штаттык аскердик-дарыгердик комиссиянын токтомунун камсыздалган адамды өлүмгө дуушарланткан мертинүүнүн (жаракаттын, травманын, контузиянын), оорунун себептик байланышы жөнүндө ырастамасынын көчүрмөсү;
- аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин башчысынын, уюмдун жетекчисинин) камсыздандырылган адам аскердик бөлүктүн (мекеменин, уюмдун) өздүк курамынын тизмесинен чыгарылганы жөнүндө буйругунун көчүрмөсү;
- пайдага ээ болуучулардын камсыздандырылган адам менен туугандык байланышын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- камкорчу жана көзөмөлдөөчү органдын камсыздандырылган адамдын камкордукта болгондордун үстүнөн болгон камкордугунун же көзөмөлдүгүн ырастаган токтомунун көчүрмөсү;
- камкорчу жана көзөмөлдөөчү органдын камсыздандырылган адамдын ата-энесинин жок экендигин жана анын пайдага ээ болуучулар тарабынан тарбияланганын жана багылганын ырастаган документинин көчүрмөсү;
- камсыздандырылган адамдын 18 жаштан 23 жашка чейинки курактагы балдарын окуткандык жөнүндө билим берүү мекемесинин маалымкаты, анда алардын окууга кирген датасы көрсөтүлөт;
- камсыздандырылган адамдын балдарынын майыптыгынын алар 18 жаш куракка чыкканга чейин белгиленгендик фактысын ырастаган, медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан берилген маалымкаттын көчүрмөсү;
- мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- пайдага ээ болуучунун өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммасын алуудан, ал "Окутуучу жана атайын жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан башка мыйзамдарга ылайык ээ болгон укуктан баш тартуу жөнүндө арызы. Ушундай арызды алган камсыздандыруу уюму анын көчүрмөсүн аталган адамдардын өмүрүн жана ден соолугун ушул мыйзам жана нормативдик-укуктук актылар боюнча камсыздаган камсыздандыруу уюмдарына жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Камсыздандырылган адамга аскердик кызмат өтөө, аскердик жыйындарда болуу мезгилинде майыптык белгиленген учурда төмөнкүдөй документтер таризделет:
- камсыздандырылган адамдын акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн жеке банктык реквизиттерин тиркөө менен өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү менен бирге камсыздандыруу суммасын төлөп берүү жөнүндө арызы (камсыздалуучу адамдын майыптуулук тобу жогорулаган учурда аларга кошумча мурдагы майыптуулук тобу боюнча тиешелүү камсыздандыруу суммасын төлөп берүү, аны алуу, өлчөмү жөнүндө арызы менен кайрылуусу тууралуу маалымат көрсөтүлөт;
- аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин башчысынын, уюмдун жетекчисинин) камсыздандыруу учурунун келип чыгыш жагдайлары жана камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу учуру келип чыккан күнгө карата кызматтык маянасынын жана аскердик наамы боюнча маянасынын өлчөмү жөнүндө маалымкаты;
- камсыздандырылган адамга майыптыкты белгилөө фактысын ырастаган, медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан берилген маалымкаттын көчүрмөсү;
- камсыздандырылган адамдын оорусу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же аскердик-врачтык комиссиянын маалымкаты, же ден соолугу бузулганы ырастаган башка аскердик-медициналык (медициналык) документтер;
- камсыздандырылган адамдын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммасын алуудан, ал "Окутуучу жана атайын жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан башка мыйзамдарга ылайык ээ болгон укуктан баш тартуу жөнүндө арыз. Ушундай арызды алган камсыздандыруу уюму анын көчүрмөсүн аталган адамдардын өмүрүн жана ден соолугун ушул мыйзам жана нормативдик-укуктук актылар боюнча камсыздаган камсыздандыруу уюмдарына жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Камсыздандырылган адамдын аскердик кызматты өтөө, аскердик жыйындарда болгон мезгилде алган мертинүүнүн (жаракат алуунун травманын, контузиянын) же дартка чалдыгуунун натыйжасында аскердик кызматтан бошогондон кийин, аскердик жыйындар аяктагандан кийин бир жыл аяктаганга чейин майыптыгы белгиленген учурда төмөнкүдөй документтер таризделет:
- камсыздандырылган адамдын акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн жеке банктык реквизиттерин тиркөө менен өздүгүн тастыктаган документинин көчүрмөсү менен бирге камсыздандыруу суммасын төлөп берүү жөнүндө арызы (камсыздалуучу адамдын майыптуулук тобу жогорулаган учурда аларга кошумча мурдагы майыптуулук тобу боюнча тиешелүү камсыздандыруу суммасын төлөп берүү, аны алуу, өлчөмү жөнүндө арызы менен кайрылуусу тууралуу маалымат көрсөтүлөт;
- аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин башчысынын, уюмдун жетекчисинин) камсыздандыруу учурунун келип чыгыш жагдайлары жана камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу учуру келип чыккан күнгө карата кызматтык маянасынын жана аскердик наамы боюнча маянасынын өлчөмү жөнүндө маалымкаты;
- камсыздандырылган адамдын майыптыгы белгиленгендик фактысын ырастаган, медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан берилген маалымкаттын көчүрмөсү;
- камсыздандырылган адамдын оорусу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же аскердик-врачтык комиссиянын маалымкаты же болбосо ден соолугу бузулганын ырастаган башка аскердик-медициналык (медициналык) документтер;
- камсыздандырылган адамдын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммасын алуудан, ал "Окутуучу жана атайын жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан башка мыйзамдарга ылайык ээ болгон укуктан баш тартуу жөнүндө арыз. Ушундай арызды алган камсыздандыруу уюму анын көчүрмөсүн аталган адамдардын өмүрүн жана ден соолугун ушул мыйзам жана нормативдик-укуктук актылар боюнча камсыздаган камсыздандыруу уюмдарына жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Камсыздандырылган адам аскердик кызматты жана аскердик жыйынды өтөө мезгилинде оор же жеңил мертинсе (жаракат, травма, контузия алса) төмөнкүдөй документтер таризделет:
- камсыздандырылган адамдын акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн жеке банктык реквизиттерин тиркөө менен өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү менен бирге камсыздандыруу суммасын төлөп берүү жөнүндө арызы;
- аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин башчысынын, уюмдун жетекчисинин) камсыздандыруу учурунун келип чыгыш жагдайлары жана камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу учуру келип чыккан күнгө карата кызматтык маянасынын жана аскердик наамы боюнча маянасынын өлчөмү жөнүндө маалымкаты;
- аскердик-врачтык комиссиянын камсыздандырылган адам алган мертинүүнүн (жаракаттын, травманын, контузиянын) оордугу жөнүндө маалымкаты;
- камсыздандырылган адамдын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммасын алуудан, ал "Окутуучу жана атайын жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан башка мыйзамдарга ылайык ээ болгон укуктан баш тартуу жөнүндө арызы. Ушундай арызды алган камсыздандыруу уюму анын көчүрмөсүн аталган адамдардын өмүрүн жана ден соолугун ушул мыйзам жана нормативдик-укуктук актылар боюнча камсыздандырып жаткан камсыздандыруу уюмдарына жиберет;
- алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды жана алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын белгилөө тууралуу медициналык күбөлөндүрүү протоколу (аскер кызматчыларынын дарылоо мекемелерине (менчиктин түрүнө карабастан) канында жана заарасында алкоголдун, баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын бар же жок экендигин текшерүүнүн жыйынтыктары менен жаракаттарды алган, жарадар, майып болгон жана ууланган учурдан тартып бир суткадан ашык, бирок 48 сааттан кеч эмес учурда кайрылганда).
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Чакыруу боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчынын аскердик кызматтан жана аскердик жыйындарга же жыйындардан мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандардын, аларды аскердик-дарыгердик комиссия тынчтык мезгилде аскердик кызматка жараксыз, согуш мезгилинде чектүү жарактуу же мертинүүнүн (жаракаттын, травманын, контузиянын) же аскердик кызматты жана аскердик жыйынды өтөө мезгилинде алган оорунун кесепетинен аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп таанылгандыгына байланыштуу, мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда таризделет:
- камсыздандырылган адамдын акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн жеке банктык реквизиттерин тиркөө менен өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү менен бирге камсыздандыруу суммасын төлөп берүү жөнүндө арызы;
- аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин башчысынын, уюмдун жетекчисинин) камсыздандыруу учурунун келип чыгыш жагдайлары жана камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу учуру келип чыккан күнгө карата кызматтык маянасынын жана аскердик наамы боюнча маянасынын өлчөмү жөнүндө маалымкаты;
- аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан тынчтык мезгилде аскердик кызматка жараксыз, согуш мезгилинде чектүү жарактуу же аскердик кызматка аскердик каттоодон чыгаруу менен жараксыз деп таанылган камсыздандырылган адамдын оорусу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин башчысынын, уюмдун жетекчисинин) камсыздандырылган адамды мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана аны аскердик бөлүктүн (мекеменин, уюмдун) өздүк курамынын тизмесинен чыгаруу жөнүндө буйругунун көчүрмөсү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)