Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 28-апрели № 171 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-бордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын жањы ре-дакциясы тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык жана мурдакабыл алынган чечимдерди шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети аныкталган тартипте: - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдиктеБишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59 дарегинде жайгашкан администрациялыкимаратты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаборбордук комиссиясынын балансына, аталган имараттын үчүнчү жанатөртүнчү кабаттарына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумөткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын структураларын жайгаштыруу үчүнөткөрүп берсин; - аталган имараттын биринчи жана экинчи кабаттарын Мамлекеттиккызмат иштери боюнча агентствого бекитип берсин. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органда-рынын администрациялык имараттарды пайдалануусу боюнча -
топтомо реест-рге аныкталган тартипте өзгөртүүлөрдү киргизсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы №596 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-бордук комиссиясына жайларды бекитип берүү жөнүндө"
токтомунатөмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 1 жана 2-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин; - 4-пунктунун төртүнчү абзацы алып салынсын. 4. Күчүн жоготту деп эсептелсин: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 18-июлундагы № 357"Имараттарды өткөрүп берүү жөнүндө"
токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы №836 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө"
токтомунун 1-пункту. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев