Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-январындагы № 45 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки концепциясы Киришүү 1. Концепциянын негиздемеси жана асыл тукум мал чарбачылыктын азыркы абалы 2. Концепциянын максаттары жана милдеттери 3. Асыл тукумдук мал чарбачылыкты өнүктүрүү стратегиясы 4. Иш-чараларды аткаруунун уюштуруучулук-экономикалык механизми 5. Асыл тукум мал чарбасындагы иш-чараларды аткаруунун социалдык-экономикалык натыйжаларына баа Киришүү Асыл тукум өстүрүү иши - айыл чарба жаныбарларынын сактоого, са-паттарын жакшыртууга жана жањы породаларын, типтерин жана линияларынжакшыртууга жана түзүүгө багытталган зоологиялык, биологиялык-генетика-лык жана уюштуруучулук-чарбалык иш-чаралардын системасы. Селекция-лык-асыл тукумдук ишти селекциянын жана генетиканын дүйнөлүк жетишкен-диктерин колдонуу менен уюштуруу боюнча иш-чаралардын комплексинжүргүзмөйүнчө республикада жалпы эле мал чарбачылыкты андан ары ийги-ликтүү өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бул Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбачылыктыөнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки концепциясы (мындан ары - Концепция)асыл тукумдук иштин системасын андан ары өнүктүрүүнүн, асыл тукум мал-дын сапатын жакшыртуунун жана санын көбөйтүүнүн негизги багыттарынаныктайт. Концепция "Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгындагы асыл тукумиши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты. 1. Концепциянын негиздемеси жана асыл тукум мал чарбачылыктын азыркы абалы Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүү проблемасын чечүүдөмал чарбачылыкты өнүктүрүү, айыл чарба жаныбарларынын санын көбөйтүүжана малдын бардык түрлөрүнүн продукттуулугун арттыруу чоњ мааниге ээ.Республиканын жаратылыштык-климаттык шарттары мал чарбасын ийгиликтүүөнүктүрүүгө мүмкүндүк берет, мында айыл чарбалык жерлердин 83 проценти,же 9,6 млн. гектар тоодогу чөбү оттуу табигый жайыттар. Мындан бир азмурда эле республикада 10 млн. баштан ашык кой-эчки, 1,2 млн. мүйүздүүбодо мал, анын ичинде 75 мињ топоз, 320 мињ жылкы, 232 мињ чочко, 6,3млн. айыл чарбалык канаттуулар бар болчу. Мал чарбасында селекция-лык-асыл тукумдук ишти жүргүзүү системасы республиканын бүткүл аймагын-да жайылтылып, анын структурасына асыл тукум заводдор, чарбалар, ферма-лар, жасалма куут станциялары кирген. Республикада 550 мињден ашык асылтукум кой жана эчки, 55 мињ асыл тукум мүйүздүү бодо мал, 30 мињдейасыл тукум жылкы болуп, алар товардык чарбалардын жогорку сапаттуу асылтукум материалга муктаждыктарын толук канааттандырып, бул болсо малдынжогорку продукттуулугун жана айыл чарба продукциясын өндүрүүнү камсыз-дап турган. 1990-жылы бир уйдан сүт саап алуу республика боюнча орточо3210 кг түзгөн, ал эми бир койдон жүн алуу - 3,52 кг болгон, бул мурда-гы Советтер Союзунун республикалары арасында мыкты көрсөткүчтөрдүн бириболчу. Бирок өткөөл мезгилдин шартында республиканын асыл тукум мал чар-басы айрым терс өзгөрүштөргө дуушар болду, ал негизинен асыл тукум мал-дын саны азайышынан жана асыл тукумдук субъекттердин товардык чарбалар-ды жогорку баалуу асыл тукум материал менен камсыздоо боюнча иштери ка-нааттанарлык эместигинен көрүнөт. Асыл тукум заводдор жана чарбалар малчарбачылыкты малды бардык зоотехникалык нормаларын сактоо менен тоют-тандыруунун жана багуунун, төлдү өстүрүүнүн, баштапкы асыл тукумдукэсепти жүргүзүүнүн жогорку маданиятынын борборлору болбой калышты. Фер-мерлер тараптан асыл тукум продукцияга талаптын жоктугу сапаты төмөнөндүргүчтөрдү бардык жерде колдонууга алып келип, бул малдын тукумунунначарлашына жана продукттуулугу азайышына алып келди. Ошондой болсо да,өз убагында чара көрүүнүн натыйжасында малдын ата мекендик селекциялыкядросун сактап калууга, жеке менчик асыл тукум фермерликти жана сервис-тик тейлөө институтун түзүүгө жетишилди. Азыркы учурда республикада кой жана эчки өстүрүү боюнча 63,мүйүздүү бодо мал боюнча - 92, жылкы боюнча - 42, айыл чарба канаттуу-лары боюнча 7 мамлекеттик, кооперативдик, жеке менчик фермердик асылтукум чарбалар бар. Аларда 66,5 мињ асыл тукум кой жана эчки, 29,2 мињмүйүздүү бодо мал, 4 мињ асыл тукум жылкы жана 33,7 мињ айыл чарба ка-наттуулары бар. Республикада чарбаларды жогорку сапаттуу генетикалыкматериал менен камсыздоо боюнча жеке менчик компаниялар (Борбордук Ази-ядагы асыл тукумдук сервистин үлгүсү боюнча), жасалма уруктандыруупункттары, малдын породаларын өстүрүү боюнча ар кандай ассоциацияларжана фонддор түзүлүп жатат, алар республикада асыл тукумдук ишти анданары ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн керектүү шарттарды жаратышат. Асыл тукум-дук иш бүткүл мал чарбачылыкты ийгиликтүү өнүктүрүүнүн башкы факторуболуп эсептелет жана, демек, айы өлкөдө болуп жаткан рыноктукөзгөрүштөргө ылайык, дүйнөлүк жетишкендиктер менен интеграцияда сапат-тык жактан жогорураак дењгээлге чыгарыш керек. Бул концепцияда асыл ту-кумдук индустрияны андан ары өнүктүрүү жолунун асыл тукум жаныбарлардынсапаттык жана сандык өсүшүнө, ал аркылуу өлкөнүн бүткүл мал чарбачылы-гын өнүктүрүүгө шарт түзүүчү негизги багыттары белгиленди. 2. Концепциянын максаттары жана милдеттери Бул Концепциянын негизги максаты асыл тукум мал чарбачылык тарма-гындагы ишти активдештирүүгө, республикада болгон генетикалык ресурс-тарды сактоого, көбөйтүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга, жаныбарлардынжогорку продуктулуу жањы породаларын, типтерин жана линияларын жаратуу-га жана алардын асыл тукумдук сапаттарын жогорулатууга өбөлгө түзүүчүукуктук, уюштуруучулук, финансылык жана башка шарттарды түзүү болупэсептелет. Концепциянын негизги милдети асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү са-ясатын ишке ашыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу болуп эспетелет, алтөмөнкүлөрдү камтыйт: - асыл тукум мал чарбасынын азыркы шартка ыњгайлаштырылган норма-тивдик укуктук базасын өркүндөтүү; - асыл тукумдук субъекттердин, айрыкча мамлекеттик асыл тукум за-воддордун аларда максатка багытталган селекциялык иш жүргүзүү, асыл ту-кумдук материапды өстүрүү жана кењири таратуу боюнча иштерин жакшыртуу; - жаныбарларды жасалма уруктандыруу боюнча кызматты бардык жерлер-де өнүктүрүү жана кењейтүү; - айыл чарбалык жаныбарлардын бардык породалары боюнча жаныбарлар-ды генетикалык жактан жакшыртууга багытталган ассоциацияларды жанафонддорду түзүү ишин активдештирүү; - жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо жана сарамжалдуупайдалануу, малдын жогорку продуктулуу породаларын, типтерин жана лини-яларын түзүү ишинде зоотехника илиминин ролун күчөтүү; - айыл чарбалык жаныбарлардын селекциясында дүйнөлүк генетикалыкресурстарды, алдыњкы технологияларды жана дүйнөлүк практиканын жетиш-кендиктерин кењири пайдалануу; - асыл тукумдук жана зоотехникалык эсеп жүргүзүүнү, жана анын не-гизинде мал чарбачылыктын тармактары боюнча жаныбарлардын асыл тукумдукмаалыматтар базасын (Асыл тукумдук китептерди) жүргүзүүнү калыбына кел-тирүү; - асыл тукумдук мал чарба тармагында эл аралык кызматташтыктытүзүү жана Кыргызстандын генетикалык ресурстарды сактоо, түзүү жана са-рамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндөгү глобалдуу интеграциялык процесстергетолук укуктуу катышуусу үчүн шарттарды түзүү. 3. Асыл тукумдук мал чарбачылыкты өнүктүрүү стратегиясы 2010-жылга чейинки мезгилде республиканын мал чарбасында асыл ту-кум жаныбарлардын сандык жана сапаттык өсүшү камсыздалып, асыл тукумчарбалардын материалдык-техникалык базасы чыњдалууга, асыл тукумдуксервистик кызмат көрсөтүү тармагынын кењири өнүгүшү камсыздалууга ти-йиш. 3.1. Мал чарбасынын тармактарын өнүктүрүү Республикада мал чарбачылыктын башкы тармагы болуп мурункудай элекой чарбасы кала бермекчи, ал уяњ жүндүү, жарым уяњ жүндүү жана эт-майбагыттарында өнүктүрүлөт. Уяњ жүндүү кой чарбасы экспорттук продукцияны - меринос жүндүөндүрүүнү камсыздоого тийиш. Кыргыз коюнун уяњ жүндүү породасынын гене-тикасын жакшыртуу австралиялык мериносторду кењири пайдалануу жолу ме-нен ишке ашырылат. Алардын таза кандуу породаларын багуу Талас облусу-нун Кара-Буура районунда, Чүй облусунун Кемин районунда жана Нарын об-лусунун Ат-Башы районунда жөнгө салынган. Жергиликтүү уяњ жүндүү кой-лордун базасында жогорку продуктулуу жањы порода - кыргыздын тоолук ме-риносу түзүлүүгө тийиш, ал жүнүнүн жогорку продукттуулугу жана техноло-гиялык параметрлеринин жогорулугу менен республикада уяњ жүндүү койчарбасына негиз болмокчу. Мурдагыдай эле, уяњ жүндүү койлор республика-нын бардык райондорунда, айрыкча Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын-да таратылат. Республиканын жарым уяњ жүндүү кой чарбасы тань-шань породасынантурат, ал мындан ары эт берүү касиеттерин жана жүнүнүн технологиялыксапаттарын жакшыртуу багытында өнүктүрүлөт. Эт берүү касиеттери эт ба-гытында дүйнөдө белгилүү, жалпы таанылган "суффольк" жана "полипей" по-родадарын, ал эми технологиялык касиеттери - австралиялык корриделдипайдалануу жолу менен жакшыртылат. Жарым уяњ жүндүү койлордун тарапуузонасы Нарын региону менен катар, продукту берүүнүн ушул багытындагыкойлордун породаларына айрыкча ыњгайлуу Ысык-Көлдүн чыгыш тарабындакењейтилиши керек. Алай породасындагы жарым кылчык жүндүү кой чарбасы абдан оор абал-да калып, алардын саны өтө азайып кетти. Бул багыттагы кой чарбасынөнүктүрүүдөгү башкы проблема апай породасындагы койлорду асыл тукумдукрепродукциялоого керектүү бекем базанын жоктугунда. Ошондуктан жарымкылчык жүндүү кой чарбасын өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги милдеттаза кандуу алай коюн көбөйтүү үчүн асыл тукумдук база түзүүдө жана аныреспубликанын түштүгүндөгү фермердик чарбаларга кењири таратууда турат. Азыркы тапта кой чарбасынын келечектүү тармагы эт-май багытындагыкуйруктуу койлорду көбөйтүү болуп эсептелет, бул мындан ары даөнүктүрүлөт. Жергиликтүү кылчык жүндүү койлордун продуктулук жана асылтукумдук сапаттарын жакшыртуу үчүн жергиликтүү куйруктуу койлор мененаргындаштырганда жакшы натыйжа берген гиссар жана эдилбаев породалары-нын генофондун кењири пайдалануу зарыл. Уяњ жүндүү койлорду гиссар по-родасындагы кочкорго куудуруудан алынган эт-май багытындагы жањы айкөлпородалык тобундагы койлор менен селекциялык-асыл тукумдук ишти те-рењдетүү жана анын таралуу ареалын кењейтүү зарыл. Республикада эчки чарбасы тыбыт, жүн жана эт-сүт багыттарындаөнүктүрүлүүгө тийиш. Кыргыз породасындагы эчкилерди андан аркы селекци-ялоо негизинен тыбыттын жана могер-жүндүн технологиялык сапаттарын (ич-келиги, тегиздиги ж.б.) бул продукциянын экспорттук потенциалын түзүүчүнегизги элементтер катары жакшыртууга багытталган. Илгертен келатканжергиликтүү эчкилерди көбүнчө сүттүүлүгү жана тирүүлөй салмагынын ар-тыктыгы менен мүнөздөлгөн заанен породасына аралаштыруу жолу менен сүтбагытын өнүктүрүү белгиленүүдө. Республиканын мал чарбасында сүт жана эт өндүрүү үчүн терењ адис-тештирүүнү жүргүзүү каралууда. Сүт багытындагы алатоо породасындагы уй-дун базасында күрөњ типтеги атайын сүт багытындагы порода түзүлөт. Мын-да америкалык жана швейцариялык селекциялардагы уйлардын швиц порода-сындагы генофонд кењири пайдаланылат. Көбүнчө Голландиядагы жана Швей-цариядагы голштин-фриз породасындагы жакшы букалардын уругун пайдаланууменен уйдун кыргыз породасындагы карала тукуму түзүлөт. Сүт багытындагымал негизинен Чүй жана Талас өрөөндөрүндөгү чарбаларда таратылат, алжактарда сүткө жана сүт азыктарга керектөө жана экспорттук талап турук-туу. Өлкөнүн башка региондорунда комбинацияланган типтеги алатоо поро-дасындагы уйлар таралууга тийиш. Жогорку сапаттагы уй этин өндүрүү үчүнэт багытындагы киян, шароле, абердин-ангус, галовей породаларынын урук-тарын пайдаланып атайын эт багытындагы порода түзүлүүгө тийиш. Эт багы-тындагы малды багуу ургаалдуу дыйканчылыктын шартында жана малды урга-алдуу бордоо жана жаюу үчүн тоюту жетиштүү тоо этектериндегн зоналардаөнүктүрүлүшү керек. Арзан жана экологиялык таза эт өндүрүү үчүн республиканын бийиктоолуу зоналарында топоз багуу кењири өнүктүрүлөт. Ысык-Көл, Нарын жанаБаткен облустарында кооперативдик жана жеке чарбалардын негизинде се-лекциялык-асыл тукумдук иш жүргүзүү үчүн база түзүлөт. Топоздун кыргызтукумунун тектик жана продуктулук сапаттарын андан ары жакшыртуу үчүнтопоздун букаларын региондук ротациялоо, ошондой эле тирүүлөй салмагычоњ памир тукумундагы топоздун букаларын алып келүү зарыл. Кийинки жылдарда жылкы чарбасы ар түрдүү - продуктулук, унаалыкжана спорттук багыттарда ийгиликтүү өнүгүп жатат. Республиканын бийиктоолуу региондорунда жањы кыргыз тукумундагы жылкы мындан ары даөнүктүрүлөт жана таратылат. Бул порода менен мындан аркы иш анын эт жа-на сүт беришин көбөйтүүгө багытталат. Спорт багытындагы жылкы чарбасынөнүктүрүү үчүн жылкынын таза кандуу жана жањы кыргыз тукумундагы мингичпородалары пайдаланылат. Жергиликтүү калкта баркы чоњ күлүктөрдү жана жорголорду багуучужылкычылыкка өзгөчө көњүл буруу керек. Жылкынын жергиликтүү популяция-сынын баалуу генофондун сактоо үчүн тукумунун тазалыгын сактоо жана са-нын көбөйтүү үчүн реликтилик үйүрлөрдү түзүү зарыл. Канаттуулар чарбасындагы мындан аркы селекциялык-асыл тукумдук ишдүйнөдөгү мыкты гепотиптерди пайдалануу менен жумуртка берүүчү жанабройлердик багыттарды өнүктүрүүгө бурулат. Жумуртка багытындагы (лег-горн, родонит ж.б.) тоокторду линиялар аралык кросстоодон аргындардыалуу жана көбөйтүү бир мекияндан жумуртка алууну 17-25 процентке чейинкөбөйтүүгө мүмкүндүк берет, ал эми эт багытындагы "Арбо-Агросс" кросступайдалануу тооктун тирүүлөй салмагын 12-15 процентке көбөйтөт. Какатту-улардын жумуртка жана эт багытындагы генофондун калыбына келтирүү жанаөнүктүрүү үчүн анын тукумдашын көбөйтүү максатында канаттуулардын гене-тикалык ресурстарын түзүү зарыл. Республиканын чочко чарбасында чочконун эт-май багытындагы ата ме-кендик породалык тобун түзүү жана асыл тукумдук материалды репродукция-лоо үчүн бекем база түзүү максатында Германиядан алынган эт-май багы-тындагы камандарды пайдаланып чоњ ак чочкону көбөйтүү керек. Республиканын мал чарба тармагьшда 2010-жылга чейинки мезгилдеасыл тукум малдын санынын негизги өсүшүндө мүйүздүү бодо мал 5,3 про-центти; кой - 3,4 процентти; эчки - 3,4 процентти; жылкы - 1,6 процент-ти; топоз - 4,3 процентти, чочко - 1,4 процентти жана канаттуулар 12,5процентти түзүүгө тийиш (таблица). Таблица Айыл чарбалык жаныбарлардын жана канаттуулардын түрлөрүнүн асыл тукум санынын 2010-жылга чейинки өсүшүнүн божомолу (баш) -----------------------------------------------------------------------|Айыл чарбалык жаныбарлардын жана | Жылдар ||канаттуулардын түрлөрү |-----------------------------------|| |2004-жыл|2006-жыл|2008-жыл|2010-жыл||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Мүйүздүү бодо мал |29500 |35300 |41100 |52650 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Кой |66500 |78700 |90850 |102900 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Чочко |1050 |1100 |1160 |1210 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Жылкы |4200 |4670 |5140 |5615 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Топоз |5150 |6140 |7125 |8100 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Эчки |8500 |9800 |11200 |12500 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Үй канаттуулары |337900 |377100 |400000 |455500 |----------------------------------------------------------------------- Мурдагыдай эле, асыл тукум жаныбарларды өстүрүү боюнча асыл тукумпродукциянын репродукторунун жана көбөйтүүчүсүнүн функциялары мамлекет-тик асыл тукум заводдорго берилет. Уяњ жүндүү кой багууда асыл тукумдукнегизги база Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы "Оргочор", Ош об-лусунун Кара-Суу районундагы "Катта-Талдык", Нарын облусунун Кочкор ра-йонундагы "Кочкор" жана Талас облусунун Кара-Буура районундагы Лущихинатындагы мамлекеттик асыл тукумдук заводдор, ал эми жарым уяњ жүндүүкой чарбасында - Нарын облусундагы "Тянь-Шань" мамлекеттик асыл тукумзаводу болот. Уйдун алатоо породасы боюнча Чүй облусунун Аламүдүн райо-нундагы Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум завод, Чүй облусу-нун Сокулук районундагы Сокулук тажрыйбалык чарба, ал эми жылкы чарба-сында - Нарын, Талас жана Ош жылкы заводдору асыл тукумдук база болуш-макчы. Финансылык абалдын оордугуна карабастан асыл тукум заводдор асылтукум жаныбарларды өстүрүүнү улантып, генотибин жана продукттуулугунэсепке алып, көп болбосо да асыл тукумдук ишти жүргүзүп жатышат. Булзаводдордо жогорку баалуу линиялык жаныбарлар сакталып калган, жаныбар-ларды касиеттеринин комплекси жана илимий негиздемелүү негизде бир тек-тик жана гетерогендик тандоо жана ылгоо колдонулат. Бирок асыл тукумжаныбарлардын саны аздыгы жана мамлекеттик асыл тукум заводдордо айдоожерлердин өлчөмү чакандыгы товардык өндүрүштүн керектөөлөрүн толуккөлөмдө камсыздоого мүмкүндүк бербейт. Ошондуктан жеке менчик жана коо-перативдик асыл тукумдук субъекттер тармагы кењири өнүктүрүлүшү керек.Мисалы, Нарын облусунун Кочкор районундагы "Соњ-Көл", Ысык-Көл облусу-нун Ак-Суу районундагы "Заря", Ысык-Көл облусунун Тоњ районундагы"Асыл-Кой" кооперативдик чарбалар жана башкалар - уяњ жүндүү кой чарбажагында, Нарын облусунун Нарын районундагы "Кара-Суу" кооперативи жанаНарын, Ак-Талаа райондорундагы айрым фермердик чарбалар - жарым уяњжүндүү кой чарба жагында өнүктүрүлүшү керек. Талас облусунун Кара-Буурарайонундагы "Алтын-Жүн", Чүй облусунун Кемин районундагы "Эрлан" жанаНарын облусунун Ат-Башы районундагы "Жумак" асыл тукум фермалары тазакандуу австралиялык мериносторду көбөйтүү жана таратуу боюнча асыл ту-кумдук база болуп калууга тийиш. Эт-май багытындагы кой чарбасындаЫсык-Көл облусунун Тоњ районундагы "Айкөл" кооперативи, Чүй облусунунСокулук районундагы "Сансызбай" асыл тукум чарбасы жана республиканынтүштүгүндөгү фермердик чарбалар асыл тукумдук база болмокчу. Тыбыттуу эчкилерди багуу жана таратуу үчүн Баткен облусунун Баткенрайонундагы "Тегирмен-Башы" кооперативдик асыл тукум завод, ал эми жүнбагытындагы эчки чарбасы үчүн - Баткен облусунун Кадамжай ранонундагы"Эркин" жана "Жолдош" фермердик асыл тукум чарбалар негизги асыл тукум-дук база болушат. Уй чарбасында алатоо породасындагы уйду өстүрүү боюнча асыл тукум-дук база "Эмгек" ыктыярдуу дыйкандар ассоциациясы, Чүй облусундагыТ.Мусиенко атындагы асыл тукум ферма жана башкалар, ал эми карала уйдуөстүрүү боюнча - Канттагы машина сыноочу станция, "Пригородный" айылчарба кооперативи, "Нива" акционердик дыйкан чарбасы асыл тукумдук базаболмокчу. Тоњ районундагы "Айкөл" айыл чарба кооперативи мындан ары да жыл-кынын жањы кыргыз жана таза кандуу мингич породаларын жана кыргыз жыл-кысынын реликт үйүрлөрүн өстүрүү боюнча база болуп кала берет. Ошондойэле таза кандуу мингич жылкы өстүрүү багыты Ысык-Көл жылкы заводунда,Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы "Тулпар" жана "Этис-Чилей" асыл ту-кум чарбаларда өнүктүрүлөт, Канаттуулар чарбасында жумуртка жана эт багытындагы жогорку про-дуктулуу атайын линияларды жана кроссторду түзүү үчүн "Улар" акционер-дик коому (Фрунзе канаттуулар фабрикасы), "Алтын куш" (Чүйдөгү бройлерканаттуулар фабрикасы), "Кыргызская" (өрдөк фабрикасы), Ысык-Атадагыасыл тукумдук канаттуулар фабрикасы жана "ТриТ" жоопкерчилиги чектелгенкоом сыяктуу канаттуулар өнөр жайынын ишканалары база болот, аларда те-рењдетилген селекциялык-асыл тукумдук иш жүргүзүлөт. Мамлекеттик аттестациядан өткөн бардык асыл тукумдук субъекттерде,айрыкча жеке менчиктеринде селекциялык-асыл тукумдук иштерди жүргүзүүбоюнча бардык иш-чаралар аткарылат жана бардык зарыл зоотехникалык жанасанитардык-ветеринардык талаптар сакталат, алар: - малды бонитировкалоо; - тегин жана продукттуулугун эсепке алуу; - баштапкы асыл тукумдук документтерди жүргүзүү; - жасалма уруктандырууну колдонуу; - асыл тукум төлдү максаттуу багытта өстүрүү; - жетиштүү тоюттандыруу жана тийиштүү түрдө багуу; - ветеринардык тейлөө. 3.3. Жасалма уруктандыруу боюнча сервистик кызматтарды өнүктүрүү Республикада асыл тукумдук ишти ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн малдыжасалма уруктандырууну бардык жерде колдонуунун жоктугу чоњ проблемаболуп турат. Фермерлердин басымдуу көпчүлүгү малды туш келдиөндүргүчтөргө кароосуз куудурууну пайдаланышат, анын натыйжасында мал-дын породасы начарлап жана жугуштуу оорулар кењири жайылууда. "Элита"мамлекеттик акционердик коомунан (жасалма уруктандыруу боюнча мурдагыреспубликалык станциядан) башка мурдагы жасалма уруктандыруучу станция-лар иштерин толук токтотушкан. Жасалма уруктандыруу мамлекеттик чарба-ларда жана айрым ири кооперативдик жана жеке чарбаларда гана колдону-лат. Кыргызстандык-Швейцариялык агрардык программанын колдоосу менентүзүлгөн "Борбордук Азиядагы асыл тукумдук сервис ЛТД" жеке менчик ком-пания гана мал чарбасында жасалма уруктандырууну колдонгон жалгыз меке-ме болуп эсептелет. Республикадагы 18 мал чарбада Борбордук Азиядагыасыл тукумдук сервис ЛТД малды генетикалык жактан жакшыртуу боюнчапрограмманы ишке ашырып жатат, анын алкагында Европадан күрөњ жана ка-рала породадагы жогорку класстагы букалардын уругу алынып келип, тара-тылат жана жаныбарлар компьютерлештирилген Асыл тукумдук китепке катта-лат. Республиканын 5 облусунда - Чүйдө, Ысык-Көлдө, Таласта, Ошто жанаЖалал-Абадда жасалма уруктандыруучу 55 жеке менчик пункт ачылган, аларимпорт генетикалык ресурстарды пайдаланып иштешет. Бирок Дьюар идиште-ринин, аспаптардын жана суюк азоттун айрыкча өлкөнүн алыскы райондорун-дагы жетишсиздиги жасалма уруктандыруучу жеке менчик пункттардынөнүгүшүн кечењдетип жатат. Ошондуктан жасалма уруктандыруу пункттарын андан ары көбөйтүү жанажогорку баадагы асыл тукумдук материалды бардык жерлерде пайдаланууүчүн төмөнкүдөй иш-чараларды аткаруу зарыл: - ар бир айыл өкмөтүндө Дьюар идиштери жана башка материалдар, ас-паптар менен жабдылган жасалма уруктандыруучу сервистик пункттардытүзүү; - региондук борборлордо суюк азотту үзгүлтүксүз өндүрүү жана аныменен камсыздоо үчүн мини-түзүлүштөрдү орнотуу; - импорт генетикалык ресурстарды кењири пайдалануу; - генетикалык маалыматтар банкын түзүү. Бул иш-чараларды ийгиликтүү аткаруу үчүн мамлекет, эл аралык доноруюмдар, жергиликтүү бийлик органдары тараптан финансылык, техникалыкжана уюштуруучулук жардам керек. 3.4. Асыл тукумду көбөйтүү ассоциацияларын жана фонддорун өнүктүрүү Асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүүнүн айрыкча натыйжалуу жолдо-рунун бири асыл тукумду көбөйтүү ассоциацияларын жана фонддорун түзүүболуп эсептелет. Чет өлкөнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, мал чарбасыөнүккөн өлкөлөрдө бүткүл асыл тукумдук иш тармактык жана породалык ас-социациялар менен фонддордун карамагында жүргүзүлүп, алар мыкты жаны-барларды асыл тукумдук эсепке жана каттоого алышып, селекциялык-асылтукумдук ишти жүргүзүшөт, асыл тукум жаныбарларды сатуу боюнчакөргөзмөдөр менен аукциондорду өткөрүшөт, аккредитациялоо, рекламалыккамсыздоо ж.б. иштерди жүргүзүшөт. Ошол сыяктуу, Кой/эчки багуучулардын кыргыз ассоциациясы, мериноскойлорду жана эчкини асыл тукумдук багуу боюнча "Меринос" коомдук фон-ду, асыл тукум жылкы чарбасын жана ат спортун өнүктүрүү боюнча "Тайто-ру" федерациясы, асыл тукум жылкы чарба жана аттарды сыноо боюнча коом-дук бирикме, "Алтык-Така" жокей клубу жана башкалар түзүлгөн. БорбордукАзиялык асыл тукумдук сервис жана Кой/эчки багуучулардын кыргыз ассоци-ациясы жыл сайын мыкты асыл тукум жаныбарлардын - мүйүздүү бодо малдын,кой-эчкилердин республикалык көргөзмөлөрүн, аукциондук сатууларды уюш-турушат. Ошондуктан мындан ары ушундай, фермерлер өздөрү уюштурган порода-лык жана коомдук бирикмелерди түзүү жана алардын ишмердик чөйрөсүнкењейтүү боюнча ишти күчөтүү зарыл. Мындай уюмдарды ийгиликтүүөнүктүрүү алардын материалдык-техникалык абалына, ошондой эле уюштуруу-чулар, жергиликтүү органдар, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жа-на кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана ар кыл эл аралык жана доноруюмдар тарабынан колдоо көрсөтүлүшүнө көп жагынан көз каранды. 4. Иш-чараларды аткаруунун уюштуруучулук-экономикалык механизми Колдо болгон генетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жанаайыл чарба жаныбарларынын келечектүү жањы породаларын, типтерин, линия-ларын, кроссторун түзүү; тармакты техникалык жактан жањыртып жабдуу;айыл чарба продукциясын өндүрүүдө жеке сектордун, жеке ишкердиктин жанажогорку продуктулуу асыл тукум жаныбарлардын рыногунун өнүктүрүлүшүасыл тукумдук ишти жана жалпы эле мал чарбасын ийгиликтүү өнүктүрүүүчүн өбөлгө болот. Тармакта мал чарбасынын жана асыл тукумдук иштин реалдуу абалынэске алуучу, зарыл өндүрүштүк чөйрө түзүү үчүн иш-аракеттердин механиз-мин иштеп чыгууга жарактуу жањы агрардык саясат керек. Өлкөнүн экономи-касы азыркы өткөөл мезгилдин шарттарында айыл чарбасын жалпысынан жанаайрым алганда мал чарбасын толук субсидиялоого мүмкүндүгү жок болгон-дуктан, өндүрүштү либералдаштыруунун, материалдык-техникалык жана гене-тикалык резервдерди бөлүштүрүүнүн туруктуу системасы, өзүн өзү каржыло-онун жана өзүн өзү актоонун рыноктук механизмдерин өнүктүрүү зарыл.Ошондой эле асыл тукум продукцияны өндүрүүдөн баштап сатууга, аныничинде чет өлкөгө сатууга чейин толук циклди ишке ашырууну камсыздоочубир бүтүн чарбалык-технологиялык удаалаштык зарыл. Жергиликтүү рыноктунжана эл аралык тенденциялардын керектөөлөрүн эске алып, өнүгүүнүн ар-тыкчылыктуу негизги багыттарын аныктоочу асыл тукумдук иштиөнүктүрүүнүн бирдиктүү мамлекеттик программасын кабыл алуу, келечектүүтехнологияларды тандоо жана жергиликтүү рыноктун жана эл аралык тенден-циялардын керектөөлөрүн эске алуу менен биринчи кезектеги милдеттердибелгилөө зарыл. Асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүү боюнча биринчи кезектегимилдеттердин ичинде төмөнкүлөр белгиленүүдө: - Кыргыз Республикасында айыл чарба жаныбарларынын жаратылган по-родаларынын генофондун сактоо жана андан ары өнүктүрүү боюнча КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн атайын токтомун кабыл алуу; - жогору продуктулуу айыл чарба жаныбарларынын уруктар жана эмбри-ондор банкын түзүү жана аны пайдалануунун комплекстүү программасын иш-теп чыгуу; - жогору продуктулуу асыл тукум жаныбарларды бирдиктүү компьютер-дик эсепке алууну уюштуруу; - мамлекеттик асыл тукумдук жана жылкы заводдорду мамлекеттик кол-доо жөнүндө маселени кароо; - айыл чарба жаныбарларынын генофонддук породаларымын асыл тукум-дарынын санын көбөйтүү боюнча эксперименттик инфраструктураны түзүү; - илимий-изилдөөлөрдүн натыйжаларын өндүрүшкө жана айыл чарбасынакиргизүү үчүн шарттарды түзүү; - малды жана колдо болгон асыл тукумдук генетикалык ресурстардыпородалык эсепке алуу. 4.1. Ресурстук камсыздоо Республикада асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү мамлекеттик, коопе-ративдик жана жеке фермердик асыл тукум заводдорду, чарбаларды жанафермаларды чыњдоонун жана ишин жакшыртуунун негизинде ишке ашырылуугатийиш. Жаныбарлардын продукттуулугунун багыттарын эске алуу менен поро-далардын, топтордун, типтердин жана линиялардын жањы стандарттарын иш-теп чыгуу зарыл. Асыл тукум жаныбарларды көбөйтүү менен иштеген субъек-ттерге асыл тукум букаларды, айгырларды, кочкорлорду, текелерди жанабашка жогорку сапаттуу асыл тукумдук материалдарды жењилдиктүү шарттасатып алуу үчүн кредит керек. Кредит каражат ошондой эле асыл тукумдукжана генетикалык материалды эле эмес, керектүү жабдууларды жана шайман-дарды, ветеринардык дары каражаттарды сатып алуу, тоюттук базаны чыњдоожана жаныбарларды жакшы тоюттандырууну уюштуруу үчүн да керек. 4.2. Тармакка илимий негиздеме Республиканын мал чарба тармагынын негизги илимий-техникалык по-тенциалы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигине караштуу Агрардык илим жана консультациялык кызматтарборборунун Кыргыз мал чарба илимий-изилдөө институтунда топтолгон. Рес-публиканын региондорунда 4 тажрыйбалык станция, 11 мамлекеттик асыл ту-кумдук завод, эксперименттик чарба жана таяныч пункт иштейт. Или-мий-изилдөөчү институттардын, тажрыйбалык станциялардын, чарбалардынжана мамлекеттик асыл тукумдук заводдордун кызматкерлери айыл чарба жа-ныбарларынын генетикалык ресурстарын сактоого, өркүндөтүүгө жанажањыларын түзүүгө, багуунун, тоюттандыруунун жана төлдөтүүнүн жањы тех-нологияларын иштеп чыгууга багытталган иштерди жүргүзүп жатышат. Селекционер окумуштуулар төл алуунун прогрессивдүү биотехнология-лык ыкмаларын пайдалануу менен жаныбарлардын жањы породаларын - кыргыз-дын тоо мериносун, уяњ жүндүү койлордун эт, эт-май багытындагы тибин,мүйүздүү бодо малдын сүт жана эт багытындагы породаларын, жылкынын этбагытындагы тукумун, сүттүү эчкилерди жана башкаларды жаратууну тезде-тиши зарыл. Асыл тукум жаныбарларды багуунун, тоюттандыруунун,төлдөтүүнүн жана өстүрүүнүн чарба жүргүзүүнүн заманбап шарттарына ыла-йыкташтырылган жањы натыйжалуу технологиялары зарыл. Илимий изилдөө иш-терин натыйжалуу жүргүзүү үчүн агрардык илимдин каржыланышын жакшыртуу,командировкалык жана транспорттук чыгымдарга каражаттарды көбөйтүү,окумуштуулардын материалдык абалын жакшыртуу жана алардын селекциялыкжањы жетишкендиктерди жаратууга ынтызарлыгын арттыруу зарыл. 4.3. Асыл тукум мал чарбасынын нормативдик укуктук базасын өркүндөгүү Асыл тукум мал чарбасынын нормативдик укуктук базасын өркүндөтүүбул Концепцияны ишке ашыруунун зарыл шарты болуп эсептелет. "Мал чарба-чылыгындагы асыл тукум иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынынөндүрүштүн заманбап шарттарына багытталган, айыл чарба жаныбарларынынгенетикалык ресурстарын сактоо, асыл тукумдук ишке мамлекеттик колдоокөрсөтүү, мамлекеттик инспекциялоо, селекциядагы жетишкендиктер үчүнматериалдык сыйлоо жана башка маселелер кењири чагылдырган жањы редак-циясын кабыл алуу зарылдыгы эчак бышып жетилген. Асыл тукумдук субъект-тердин категориялары боюнча жана мал чарбасындагы селекциялык жетишкен-диктерди сыноодон өткөрүү жөнүндө туруктуу колдонулуучу жоболорду,ошондой эле бонитировка боюнча жањы нускамаларды жана породалар боюнчастандарттуу талаптарды иштеп чыгып кабыл алуу зарыл. Жаныбарлардын атамекендик генетикалык ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануумаксатында "Жаныбарлардын породаларынын генофонду жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын өзүнчө Мыйзамын кабыл алуу зарыл. Асыл тукум жаныбарларды багуу, асыл тукумдук эсепти жүргүзүү жанаасыл тукум төлдү өстүрүү тийиштүү чыгымды талап кылат, ошондуктан Рос-сияда же Казакстанда жасалган сыяктуу асыл тукумдук ишти дотациялоожөнүндө нормативдик документти же Жобону кабыл алуу зарыл. Жењилдиктүүкредит берүү жана салык салуу маселелерин да караштыруу зарыл. Рыноктук экономиканын шартында асыл тукум жаныбарлардын продукция-сын өндүрүүнү уюштуруу үчүн сатып өткөрүү рыногун аныктоо жана асыл ту-кум жаныбарларды жана алардын продукцияларын өндүрүүчүлөрдү коргоочунормативдик мыйзамдарды кабыл алуу абдан маанилүү. Мындай атайын норма-тивдик актылар азыр жок, аларды да иштеп чыгуу зарыл. 4.4. Асыл тукум мал чарбадагы кадр саясаты Мал чарба тармагында квалификациялуу кадрларды даярдоо ишинК.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университети жүргүзөт. Ошондойболсо да айыл жеринде асыл тукумдук мал чарба тармагындагы билимдердин- мал чарбачылыктын тармактары боюнча бонитировка, уруктандаруу ыкмала-ры, асыл тукумдук эсепти жүргүзүү боюнча билимдердин абдан жетишсиздигидагы деле көрүнөт. Региондордо ар түрдүү программалардын чегинде фер-мерлерди окутуу жүргүзүлүп жатат, бирок бул окутуу адатта бир жолку жа-на кыска мөөнөттүү иш. Айылдык консультациялык кызмат жана Консультаци-ялык-Окуу борбору республиканын бардык региондорунда жана айыл чарбаөндүрүшүнүн дзэрлик бардык багыттары боюича окутуу жүргүзүп жатышканынакарабастан фермерлер арасында асыл тукумду көбөйтүү маселелери жетишсизчагылдырылат. Ошондуктан асыл тукум ишинин маселелерин окутуу мынданары көњүлдүн борборунда болууга тийиш. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз аг-рардык университетинин жана Консультациялык-Окуу борборунун алдындафермерлерди асыл тукумдук иштин негиздери боюнча теориялык окутуу үчүнселекционер окумуштууларды тартуу менен туруктуу иштөөчү 2 жумалык жанабир айлык курстарды уюштуруу зарыл. Алдыњкы асыл тукум заводдордун ба-засында асыл тукумдук төлдөтүүгө - бонитировкалоого, эн салууга, жасал-ма уруктандырууга, асыл тукумдук жазуу жазууга ж.б. байланышкан сезон-дук иш-чараларды иш жүзүндө көрсөтүүнү уюштуруу зарыл. Бул жагынан ал-ганда Борбордук Азиялык асыл тукумдук сервистин мисалын үлгү кылсак бо-лот, ал уйду жасалма уруктандыруу боюнча үйрөтүүчү семинарларды такайуюштурат, мындай практиканы кењири жайылтуу керек. Селекционер окумуш-туулар асыл тукумдук мал чарбада бардык тармактар боюнча иш-чаралардыуюштуруу боюнча көрсөтмөлүү практикалык колдонмолорду, рекламалык прос-пекттерди жана маалыматтык баракчаларды фермерлер арасында кењири тара-туу үчүн иштеп чыгуулары зарыл. Республиканын бардык региондору боюнча асыл тукум жаныбарлардынкөргөзмөлөрүн такай өткөрүп, фермерлерди кењири тартуу жана аларга асылтукумдук иштин жетишкендиктерин көрсөтүү зарыл. Ушундай жол менен ганаасыл тукумдук иштеги абалды жакшыртууга жана асыл тукум жаныбарлардынсанын салаттык жактан өсүшкө алып келүүгө болот. 4.5. Финансылык абалды жакшыртуу Финансылык абалды жакшыртуу асыл тукумдук субъекттерге жењилдиктүүкредит берүү жана мамлекеттик асыл тукумдук заводдорго мамлекеттик фи-нансылык колдоо көрсөтүү жолу менен ишке ашырылууга тийиш. Мамлекет та-рабынан орчундуу финансылык колдоо мамлекеттик жылкы заводдорго,Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводго көрсөтүлгөн. Мын-дай колдоо мындан ары да практикага кириши керек. Асыл тукумдук малчарбачылыкты инвестициясыз кармап туруу, сактоо жана өнүктүрүү мүмкүнэмес. Ошондуктан асыл тукум мал чарбачылыкты оњдоо үчүн каржылоонунмамлекеттик булактарын эле пайдаланбастан, эл аралык, демөөрчүлүк уюм-дардын, ар түрдүү юридикалык жактардын жана жеке адамдардын каражатта-рын да тартуу зарыл. 5. Асыл тукум мал чарбасындагы иш-чараларды аткаруунун социалдык-экономикалык натыйжаларына баа Кыргызстанда мал чарбасынын бардык тармактарын өнүктүрүү жана мал-дын породасын жакшыртуу олуттуу мамлекеттик жана экономикалык маанигеээ. Бул Концепцияны ишке ашыруу төмөнкүдөй негизги проблемалардычечүүгө мүмкүндүк берет: - республиканын чарбаларында багылып жаткан асыл тукум малдын по-родаларынын генофондун сактоо, санын көбөйтүү, асыл тукумдук жана про-дуктулук сапаттарын жакшыртуу; - айыл чарба жаныбарларынын мурдагы генетикалык ресурстарынөркүндөтүү жана жањыларын түзүү, багуунун жана тоюттандыруунун жањытехнологияларын иштеп чыгуу; - асыл тукум малдын санын көбөйтүүнүн жогорку натыйжалуу система-ларын жана технологияларын түзүү, республиканын азык-түлүктүк, сырьелукжана биологиялык коопсуздугун камсыздоочу азык-түлүктү жана биосырьенуөндүрүү процесстерин аныктоо; - асыл тукум продукциянын экспортун көбөйтүү; - Кыргызстандын малды - күрөњ жана карала уйду, мингич жылкылардыж.б. асыл тукумдук багуу боюнча эл аралык федерацияларга мүчө болушу. Асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүү калктын санына карата айылчарба продукциясын өндүрүүнүн жогорку көрсөткүчтөрүнө жетишүүгөмүмкүндүк берет. Ошондой эле өздүк тоют база бар болгондуктан, продук-цияны өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн учурдагы өркүндөтүлгөн техноло-гияларын киргизүүдөн улам мал чарбачылык натыйжалуу, стабилдүү жанарентабелдүү болот. Мал чарба ишканалары продуктулук сапаттары жогоркужаныбарлар менен комплектиленет, ал эми илимий бөлүмдөр генофондду жак-шыртуу, сактоо жана көбөйтүү боюнча иш жүргүзүшөт. Асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүү өлкөнүн азык-түлүктүк кооп-суздугун камсыздоо жана жакырчылыкты азайтуу программасын аткаруу үчүнчоњ мааниге ээ. Мамлекеттик ишканалар да, жеке сектор да жогорку баалууасыл тукум жаныбарларга ээ болгондуктан экономикалык жактан да, социал-дык жактан да гүлдөп өнүгүүгө реалдуу мүмкүндүк алышат. Айыл чарба жа-ныбарларынын продукттуулугу аз, породасы анчейин типтеринин ордуна эко-номикалык жактан рентабелдүү, жогорку технологиялуу типтер жана порода-лык топтор келет. Республиканын агроөнөржай комплексине инвестициялар-дын келиши орундуу көбөйөт жана анын натыйжасында кошумча иш орундарачылгандыктан калктын кирешелери көбөйөт.