Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-мартындагы № 128
токтому менен бекитилген Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча эрежелер 1. Жалпы жоболор 1.1. Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынынмонополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча эрежелер(мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын
"Монополиялык иш-аракет-ти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо" жөнүндө,
"Юридикалыкжактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына жана башка норматив-дик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. Бул Эрежелер чарбакер субъекттердин уюштуруу жана башка документ-теринин Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдардын талапта-рына ылайыктыгына экспертиза (мындан ары - монополияга каршы эксперти-за) жүргүзүү жолу менен экономикалык концентрациянын жүрүшүндө КыргызРеспубликасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышынкөзөмөлдөөнүн механизмдерин аныктайт. 1.2. Монополияга каршы экспертиза өткөрүүнүн максаты экономикалыкконцентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мый-замдарынын сакталышын көзөмөлдөө. 1.3. Бул Эрежелер төмөнкү учурларда колдонулат: - чарбакер субъекттер (алардын бирикмелери) уюштурулганда; - чарбакер субъекттер (алардын бирикмелери) өзгөртүп уюштурулганда(кошулганда, бириккенде, кайра түзүлгөндө); - чарбакер субъекттердин (алардын бирикмелеринин) уставдык капита-лы көбөйгөндө; - чарбакер субъекттер жоюлганда. 1.4. Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө"
Мыйзамына ылайык чарбакер субъекттер жоюлган учурда бул Эрежелер колдо-нулбайт. 2. Негизги түшүнүктөр Юридикалык жактардын активдеринин баланстык наркы (активдердин ба-ланс боюнча наркы) - юридикалык жактардын активдеринин (кварталдык, жа-рым жылдык, жылдык) өтүнүч берилген убакытка жараша баланс боюнча нар-кы. Арыз ээси - чарбакер субъекттерди (алардын бирикмелерин) уюштуруу,өзгөртүп түзүү (кошулуу, биригүү, кайра түзүү) же жоюу жөнүндө чечимкабыл алган жеке адамдар жана юридикалык жактар (органдар), ошондой элеКыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органында аныктал-ган тартипте чарбакер субъекттин атынан чыгууга жана кызыкчылыгын кор-гоого ыйгарым укук берилген адамдар. Чарбакер субъекттер - Кыргыз Республикасынын "Монополиялык иш-ара-кетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө"
Мыйзамынаылайык мааниде колдонулат. 3. Монополияга каршы экспертизаны өткөрүүнүн талаптары 3.1. Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынынмонополияга каршы мыйзамдарынын аткарылышын мамлекеттик көзөмөлдөөтүшкөн өтүнүчтөрдү, билдирүүлөрдү кароо жана монополияга каршы экспер-тиза өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт. Уставдык капиталы 15 мињ минималдык айлык акыга барабар болгон жеандан ашкан чарбакер субъекттерди (алардын бирикмелерин) уюштургандаКыргыз Республикасынын мамлекеттик монополияга каршы органына (мынданары - монополияга каршы орган) милдеттүү билдирүү талап кылынат. Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын каттоосунан өтүү үчүнмонополияга каршы органдын алдын ала макулдугу төмөнкү учурларда зарыл: - уставдык капиталы 15 мињ минималдык айлык акыдан ашкан чарбакерсубъекттердин (алардын бирикмелеринин) уставдык капиталы көбөйгөндө; - акыркы финансылык мөөнөттө активдеринин суммалык наркы 100 мињминималдык айлык акыдан ашкан чарбакер субъекттер (алардын бирикмелери)өзгөртүп уюшулганда (бириккенде, кошулганда, өзгөрүлгөндө); - активдеринин өлчөмү 50 мињ минималдык айлык акыдан ашкан чарба-кер субъекттерди жойгондо. 3.2. Билдирүү монополияга каршы органга Кыргыз Республикасынын юс-тиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн соњ, уюштуруучулар, жеуюштуруучулардан бирөө, же алардын тапшыруусу боюнча ыйгарым укуктууадам тарабынан берилет жана төмөнкү маалыматтарды жана документтердинкөчүрмөлөрүн камтуусу зарыл: - чарбакер субъекттин толук жана кыскартылган аталышын; - уюштуруу-укуктук жана менчигинин формасы; - турган жери (юридикалык дареги); - уставдык капиталдын өлчөмү; - уюштуруучулардын курамы (жеке адамдар үчүн - аты-жөнү, паспорту-нун сериясы, номери, паспорт берген органдын аталышы, паспорт берилгенкүнү, жашаган дареги; юридикалык жактар үчүн - толук аталышы, каттоожөнүндө маалымат, юридикалык дареги); - жетекчинин аты-жөнү, ээлеген кызматы, паспортунун көчүрмөсү; - чарбакер субъектти түзүү тууралуу чечим; - чарбакер субъекттин уставы: - уюштуруу келишими; - Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында каттоо жөнүндөкүбөлүгү. 3.3. Каттоого турууга алдын ала макулдук алуу үчүн чарбакер субъ-екттерди (алардын бирикмелерин) өзгөртүп уюштуруу (аларды кошуу, бирик-тирүү) жана алардын уставдык капиталын көбөйтүү жана жоюу жөнүндө чечимкабыл алган адам (арыз ээси) монополияга каршы органга эркин формадажазылган өтүнүч берет. Монополияга каршы экспертиза өткөрүү үчүн арыз ээси төмөнкү доку-менттерди монополияга каршы органга берет: - уюштуруу документтеринин (устав, уюштуруу келишими, чечим, жалпычогулуштун протоколу) көчүрмөсү; - чарбакер субъекттин уюштуруучулары жөнүндө маалыматтар (жекеадамдар үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты, паспортунун номери жанасериясы, паспорт берген орган жана берилген күнү, жашаган дареги; юри-дикалык жактар үчүн - толук аталышы, каттоо тууралуу маалымат, юридика-лык дареги, уюштуруу документтеринин көчүрмөсү, бухгалтердик балансыжана башка зарыл маалыматтар); - арыз ээсинин финансылык абалын чагылдырган аудитордук корутунду; - бухгалтердик балансы, отчеттук мезгилдеги финансы-экономикалыккөрсөткүчтөрү. 3.4. Монополияга каршы орган маселенин шартына жараша арыз ээсиненкошумча зарыл маалыматты талап кылууга укуктуу. 3.5. Монополияга каршы органга жогоруда көрсөтүлгөн жана талап кы-лынган документтердин нотариуста ырасталган көчүрмөлөрү берилет. 4. Билдирүүлөрдү, өтүнүчтөрдү берүү жана аларды кароо тартиби 4.1. Чарбакер субъекттерди (алардын бирикмелерин) түзүү жөнүндөбилдирүү жана ушул Эрежелердин 3.2-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү бар-дык маалыматтар чарбакер субъект (ыйгарым укуктуу өкүл) тарабынан моно-полияга каршы органга Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында кат-тоодон өткөн соњ 10 күндөн кечиктирбей жөнөтүлөт. 4.2. Өзгөртүп уюштуруу (кошулуу, биригүү, өзгөртүү), уставдык ка-питалын көбөйтүү, жоюлуу тууралуу өтүнүч жана ушул Эрежелердин3.3-пунктунда көрсөтүлгөн бардык документтерди чарбакер субъект КыргызРеспубликасынын монополияга каршы мамлекеттик органына юстиция органда-рынан каттоодон өткөнгө чейин берет. 4.3. Монополияга каршы мамлекеттик органга өтүнүч өткөрүлгөн күнболуп ушул Эрежелердин 3.3-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин бардыгытүшкөн күн эсептелинет. 4.4. Чарбакер субъекттердин (алардын бирикмелеринин) билдирүүсүн,өтүнүчтөрүн монополияга каршы мамлекеттик орган алынган учурдан баштап30 күндүн ичинде карайт. 4.5. Өтүнүчтө жана тиркелген документтерде камтылган фактыларөзгөрсө жана алар чечим кабыл алуу үчүн маанилүү болсо, арыз ээси тези-нен монополияга каршы мамлекеттик органга билдирет. Мындай учурда өтүнүчтү алган күн болуп, монополияга каршы органөзгөрүүлөр тууралуу маалыматты алган күн эсептелет. Болгон өзгөрүүлөржөнүндө монополияга каршы мамлекеттик органга билдирилбесе, ал атайыжалган (туура эмес) маалымат бергендик кааары эсептелет жана КыргызРеспубликасынын "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыктыөнүктүрүү жана коргоо жөнүндө"
Мыйзамынын 20-статьясында каралган жооп-керчиликке алып келет. 4.6. Монополияга каршы экспертиза өткөрүлгөндөн кийин монополиягакаршы орган арыз ээсине өз чечимин (макулдугун же макул эместигин) ушулЭрежелерде белгиленген мөөнөттөрдө жазуу түрүндө билдирет. Чечимдин се-бептери жүйөлүү болууга тийиш. 4.7. Эгерде өтүнүчтү канааттандыруу чарбакер субъекттин үстөмдүкабалын күчөтүүгө, же атаандаштыкты чектөөгө алып келиши мүмкүн болсо,же өткөрүлгөн документтерди кароодо чечим кабыл алуу үчүн мааниге ээдокументтердеги маалыматтар туура эмес экени аныкталса, монополиягакаршы орган өтүнүчтү канааттандырбоого укуктуу. 4.8. Өзгөчө учурларда монополияга каршы орган чарбакер субъекттинүстөмдүк абалы пайда болушуна же күчөшүнө, жана (же) атаандаштыктынчектелишине алып келиши мүмкүн болгон өтүнүчтү эгер ушул Эрежелер кол-донулуучу чарбакер субъекттер алардын иш-аракетинин жакшы натыйжасы ка-ралып жаткан рыноктогу, анын ичинде социалдык-экономикалык чөйрөдөгүтерс таасирлерден артыгыраак болоорун далилдешсе, өтүнүчтү канааттанды-рууга укуктуу. 4.9. Монополияга каршы орган өтүнүчтү чарбакер субъекттердин(алардын бирикмелеринин) өзгөртүп уюштуруу жөнүндө тапшырылган планынөзгөртүү, уставдык капиталын көбөйтүү тууралуу, атаандаштыкты камсыздо-ого багытталган талаптарды коюу менен канааттандырууга укуктуу. Мындамонополияга каршы органдын чечиминде конкреттүү талаптар коюлуп, алардыкоюунун негиздемеси жана аткаруу мөөнөттөрү көрсөтүлөт. 4.10. Чарбакер субъекттерди бул Эрежелерди бузуп каттоодон (кайракаттоодон) өткөрүү жана жоюу аныкталган тартипте жараксыз деп табылат. 5. Жыйынтыктоочу бөлүк 5.1. Монополияга каршы мамлекеттик орган экспертиза өткөрүүдө ал-ган коммерциялык сыр болгон маалымат жарыялоого жатпайт. Маалыматтын ичиндеги коммерциялык сыр монополияга каршы мамлекет-тик органга берүүдөн баш тартууга негиз болбойт. Коммерциялык сыр болгон маалыматты ачыкка чыгаргандык үчүн монопо-лияга каршы орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчи-лик тартат. 5.2. Монополияга каршы органдын аймактык бөлүмдөрү өзүлөрүнөтүшкөн өтүнүчтөрдү, билдирүүлөрдү кароонун жыйынтыгы тууралуу монополи-яга каршы органдын борбордук аппаратына маалымат берүүгө милдеттүү. Эгерде аймактык органдын чечими мыйзамсыз же чечимдин долбоору не-гизсиз болсо, анда монополияга каршы мамлекеттик орган аймактык органгааны өзгөртүүгө көрсөтмө берүүгө укуктуу. 5.3. Чарбакер субъекттердин каралган документтери боюнча монополи-яга каршы орган реестр (маалыматтар банкын) түзөт, ага: уюмдун аталышы,уставдык капиталы, иштин негызги түрү, уюшулган (жоюлган же кайратүзүлгөн) жылы, уюштуруучулардын саны, баалуу кагаздардын номиналдыкбаасы, өтүнүчтү берген жана корутундуну алган күнү, ошондой эле башкакеректүү маалыматтар кирет. 6. Эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик 6.1. Бул Эрежелер бузулган учурда монополияга каршы орган чарбакерсубъектти каттоону (кайра каттоону) жараксыз деп табуу тууралуу анык-талган тартипте чечим (көрсөтмө) чыгарууга, чарбакер субъекттен жанаКыргыз Республикасынын юстиция органдарынан көрсөтүлгөн кемчиликти 30күндүн ичинде жоюу жана атаандаштыктын керектүү шарттарын калыбына кел-тирүү боюнча чара көрүүнү талап кылууга укуктуу. 6.2. Монополияга каршы органдын талабын аткарбаган же тийиштүү ат-карылбаган учурда чарбакер субъекттер жана алардын кызмат адамдары,ошондой эле аткаруу бийлигинин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 6.3. Айып салынган учурда, айыптын суммасы тийиштүү чечим чыгарыл-гандан баштап 10 күндөн кечиктирбей республикалык бюджетке которулуугатийиш. 6.4. Чарбакер субъект, анын кызмат адамдары, ошондой эле аткаруубийлигинин кызмат адамдары тарабынан айып төлөнүшү монополияга каршыоргандын көрсөтмөсүн аткаруудан бошотпойт. 6.5. Монополияга каршы мамлекеттик органдын чыгарган чечимининүстүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууга болот.