Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 18-мартындагы № 140 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Экология жана жаратылышты пайдалануу департаменти жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-рлигине караштуу Экология жана жаратылышты пайдалануу департаменти(мындан ары - Департамент) айлана-чөйрөнү коргоо жаратылыш ресурстарынсарамжалдуу пайдалануу жагынан бирдиктүү мамлекеттик саясатты комп-лекстүү жүргүзүүнү жана башкарууну ишке ашыруучу, айлана-чөйрө жана жа-ратылышты сарамжалдуу пайдалануу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамле-кеттик аткаруу бийлик органы болуп саналат. Департамент Кыргыз Респуб-ликасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине (мындан ары -Миистрлик) караштуу өз алдынча структуралык подразделение болуп эсепте-лет. 2. Департамент өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституци-ясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйрукта-рын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик-укуктук актыла-рын, Министрликтин приказдары менен буйруктарын, ошондой эле ушул Жобо-ну жетекчиликке алат. 3. Департаменттин карамагына айлана-чөйрөнү коргоонун Бишкек, Ошшаардык жана облустук башкармалыктары (мындан ары - Департаменттин ай-мактык органдары) кирет. 4. Департамент айлана-чөйрөнү коргоо жаратылыш ресурстарын сарам-жалдуу пайдалануу маселелери боюнча өз иш-аракетин Министрликтин струк-туралык подразделениелери, ошондой эле башка министрликтер, мамлекеттиккомитеттер, администрациялык ведомстволор, эл аралык жана өкмөттүк эмесуюмдар менен түздөн түз жана ага баш ийген структуралык подразделение-лер аркылуу жүргүзөт. 5. Департаменттин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча компетенциясынынчектеринде кабыл алынган чечимдери бардык министрликтер, мамлекеттиккомитеттер, администрациялык ведомстволор жана ведомстволук таандуулу-гуна, менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттер, ошондой эле жа-рандар үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналат. 6. Департаментти каржылоо республикалык бюджеттин, Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттары-нын эсебинен жүргүзүлөт. 7. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча ба-лансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган жана өз ата-лышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штампы, фирмалыкбланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казналык сис-темасында расчеттук, валюталык жана башка эсептери болот. 8. Департаменттин жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаа-ры, Горький көчөсү, 142. II. Максаты жана милдеттери 9. Департаменттин негизги максаттары жана милдеттери төмөнкүлөрболуп саналат: - айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуупайдалануу жагынан туруктуу өнүгүү принциптерине негизденген мамлекет-тик саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү; - айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуупайдалануу жагында ченемдик-укуктук базаларды уюштуруу жана иштеп чы-гуу; - айлана-чөйрөнү коргоонун абалына жана жаратылыш ресурстарын са-рамжалдуу пайдаланууга, юридикалык жактар менен жеке адамдар тарабынанжаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана айлана-чөйрөнү коргоо сапатыныннормативдеринин талаптарынын сакталышына ведомстволук, мамлекеттик эко-логиялык контролду уюштуруу жана жүргүзүү; - айлана-чөйрөнүн жана анын ресурстарынын абалына жана өзгөрүшүнөбайкоо жүргүзүүнү, эсепке алууну, баа берүүнү, контролдоону жана башка-рууну, жаратылыштык жана антропогендик таасир этүүнүн мүмкүн болуучуыњгайсыз шарттарын четтетүү жана азайтууну камсыз кылуу максатында ай-лана-чөйрөнүн мамлекеттик мониторингинин системасын уюштуруу. III. Функциялары 10. Департамент жана анын карамагындагы айлана-чөйрөнү коргоонунаймактык органдары (өз компетенцияларынын чектеринде) жүктөлгөн милдет-терге жана максаттарга ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарышат: а) айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуупайдалануу боюнча ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгы-шат жана аларды Министрликтин кароосуна киргизет; б) жаратылышты коргоо мыйзамдарын, жаратылышты пайдалануунун эко-номикалык механизмдерин колдонуу, жаратылыш ресурстарын жана республи-канын экономика секторунда өндүрүш калдыктарын комплекстүү пайдалануупрактикасын жалпылайт жана жаратылыш мыйзамдарын, жаратылышты пайдала-нуунун экономикалык механизмдерин өркүндөтүү боюнча Министрликке сунуш-тарды киргизет; в) айлана-чөйрөнүн абалына антропогендик иштерин таасирин анализ-дейт, жаратылыш ресурстарынын бардык турлөрүн чарбалык колдонууга тар-туу масштабын жөнгө салат, таламдаш органдар жана илимий мекемелер ме-нен бирдикте экологиялык стратегияны жана саясатты, айлана-чөйрөнү кор-гоонун мамлекеттик программаларын, аймактык комплекстүү схемаларды,суу, жер жана башка жаратылыш ресурстарын комплекстүү пайдалануу жанакоргоо схемаларын иштеп чыгууну уюштурат; г) мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзөт. 10.1. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, ведомстволуктаандуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, уюмдар жаначарбакер субъекттер, кызмат адамдары жана жарандар, ошондой эле четөлкөлүк юридикалык жактар жана жеке адамдар төмөнкүлөрдү сакташына ве-домстволук, мамлекеттик контролду ишке ашырат: а) жаратылышты коргоо мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын стан-дарттарын, нормативдерин, эрежелерин, айлана-чөйрөнү коргоо жана жара-тылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жагындагы приказдарды, нуска-маларды жана жоболорду; б) жаратылышты пайдалануунун белгиленген лимиттерин, булгануучузаттарды жогорку жол берилген чектерде таштоонун жана чыгаруунун, айла-на-чөйрөгө калдыктарды жайгаштыруунун нормативдерин, ошондой эле айла-на-чөйрөнү булгоону азайтууга багытталган жаратылышты коргоо иш-чарала-рын аткарышын; в) төмөнкүдөй учурларда айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ре-сурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча талаптарды: - жањы технологияларды, техникаларды, материалдарды, заттарды жанадолбоорлорду иштеп чыгууда, жањы жана реконструкцияланган, техникалыкжактан кайра жабдылган ишканаларды, бирикмелерди, курулмаларды жанаобъектилерди жайгаштырууда, долбоорлоодо, курууда жана пайдалануугакиргизүүдө, ошондой эле аларды жоюу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууда; - пайдалуу жер казынасын казып алууда, жардыруу, түбүн терењдетүүиштерин жүргүзүүдө, калдык сактоочу жайларды, террикондорду, таштанды-ларды жайгаштырууда жана пайдаланууда, ошондой эле жаратылыш комплекс-терине таасир этүүчү геологиялык чалгындоо жана башка иштердижүргүзүүдө; - өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, өстүрүүгө көмөкчү заттарды,минералдык жер семирткичтерди, белгиленген тартипте колдонууга уруксатберилген башка химилык заттарды жана препараттарды ташууда, сактоодожана колдонууда; г) жаратылыш ресурстарын колдонуунун, жаратылыш ресурстарын сарам-жалдуу жана комплекстүү пайдаланууну, сактоону жана кайталап өндүрүүнүкамсыз кылуунун белгиленген тартибин; д) жаратылыш курулмаларын, суу чарба системаларын, суу сактоочужайларды жана гидротехникалык курулуштарды пайдалануу эрежелерин; ж) министрликтер, ведомстволор, чарбакер субъекттер, ошондой элежарандар төмөнкүлөр боюнча иш-чараларды аткарышын: - кыртыш катаары бузулган жерлерди рекультивациялоо жана алардыбагыты боюнча пайдалануу үчүн өз учурунда өткөрүп берүү; - суунун зыяндуу таасирлерине каршы (суу ташкыны, суу каптоо, жэ-эктердин бузулушу ж.б.) күрөшүү; - кыртышты эрозиядан, саздактан, шор басуудан, өндүрүш калдыктары,уулуу химикаттар жана башка химиялык заттар менен булганышынан, куру-лушта, пайдалуу кен байлыктарын иштетүүдө, изилдөө иштерин жүргүзүүдөжердин бузулушунан коргоо жана коргоочу токой өсүмдүктөрүн сактоо, эро-зияга каршы гидротехникалык курулмаларды сактоо; - булгоочу заттарды төгүүнү, чыгарууну жана айлана-чөйрөгө калдык-тарды жайгаштырууну болтурбоо жана кыскартуу; - суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, жер үстүндөгү жана жералдындагы сууларды булгануудан, шор басуудан жана түгөнүүдөн сактоо; з) ведомстволук таандуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастанишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, чарбакер субъекттерде жаратылышресурстарын пайдаланууну, булгоочу заттарды чыгарууну, төгүүнү, өнөржай, тиричилик жана башка калдыктарды (радиоактивдүү калдыктарды кошоалганда), жана башка жаратылыш чөйрөсүнө таасир этүүчү заттарды жайгаш-тырууну баштапкы эсепке алуу, жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик от-четтуулукту мөөнөтүндө жана туура берүү; к) жаратылышты коргоо курулуштарынын абалына жана иштин натыйжалу-улугуна көзөмөлдү; л) жер казнасынан алынган бош тектерди, өндүрүш жана керектөө кал-дыктарын жайгаштырууну контролдоо. 10.2. Департамент мыйзамда белгиленген тартипте: а) төмөнкүлөргө уруксат берет жана аны жокко чыгарат: - айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды чыгарууга жана төгүүгө; - айлана-чөйрөгө калдыктарды жайгаштырууга; - автомобилдердин мурда колдонулган дөњгөлөктөрүн калдык катарындаалып келүүгө; б) төмөнкүлөргө лицензия берет жана аны жокко чыгарат: - уулуу материалдардын жана заттардын, анын ичинде радиоактивдүүзаттардын калдыктарын жайгаштыруу, жок кылуу, көмүү жана утилдештирүү; - уулуу заттардын өндүрүш калдыктарын ташууга (анын ичинде транс-чекаралык); в) лицензияларды берүүнү макулдашат, айлана-чөйрөнү коргоо жагын-дагы Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерде, ма-кулдашууларда жана конвенцияларда белгиленген милдеттенмелерге ылайыкэкологиялык корутундуларды жана уруксаттарды берет; г) жањы объекттерди кабыл алуу жана ишке киргизүү (реконструкция-ланган, кењейтилген, техникалык жактан кайра жабдылган, жоюлган), бел-гиленген тартипте объекттерге жер бөлүп берүү жана орун тандоо боюнчамамлекеттик жана жумушчу комиссияларынын иштерине катышат; д) мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык айлана-чөйрөнү булгооүчүн (булгоочу заттарды чыгаруу, төгүү, айлана-чөйрөгө калдыктарды жай-гаштыруу) акы алат; е) министрликтер, администрациялык ведомстволор, ишканалар, меке-мелер, уюмдар менен бирдикте жаратылыш ресурстарын пайдаланууну, булго-очу заттарды чыгарууну, калдыктарды жайгаштырууну мамлекеттик эсепкеалууну жүргүзөт; з) тиешелүү министрликтер, администрациялык ведомстволор, ишкана-лар, уюмдар менен бирдикте жаратылыш ресурстарынын абалы, аны пайдала-нуу жана коргоо жөнүндө бирдиктүү мамлекеттик экологиялык-маалыматтыкбанкты түзөт, бул маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маа-лымат берет; и) айлана-чөйрөнүн абалы, жаратылыш ресурстарын колдонуу жана рес-публикадагы жаратылышты коргоо иштеринин абалы тууралуу Улуттук доклад-дарды даярдайт жана басып чыгарат; к) республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык экологиялыкмаалыматтык системалардын чектеринде экологиялык маалыматтарды чогулту-уну жана алмашууну ишке ашырат; л) айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жа-атында иш жүргүзүүчү жогоку жана орто окуу жайлар, мектептик жана мек-тепке чейинки мекемелер, илимий изилдөө, долбоорлоо-конструктордук уюм-дар тармактарынын иштерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жанаМинистрликке киргизет; м) жаратылыш, анын байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу жөнүндөилимдерди пропагандалоону жана жайылтууну уюштурат, айлана-чөйрөнү кор-гоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жагынан конкурс-тарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды жана башка иш-ча-раларды өткөрөт; н) айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуупайдалануу жагынан өкмөттүк эмес уюмдар, илимий чөйрөлөр менен кызмат-ташууну ишке ашырат; о) айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуупайдалануу жаатында чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен эл аралыккызматташууну ишке ашырат; п) айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуупайдалануу чөйрөсүндө чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызмат-таштык ишинде бирдиктүү мамлекеттик саясат түзүү боюнча сунуштарды иш-теп чыгат; р) айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуупайдалануу боюнча эл аралык конвенциялардан, макулдашуулардан келип чы-гуучу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу боюнча иштердижүргүзөт; с) экологиялык проблемаларды чечүүгө байланышкан эки тараптуу, көптараптуу мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларды,келишимдерди ишке ашырууну камсыз кылууга катышат. 10.3. Департамент экологиялык мониторинг жүргүзүүдө төмөнкүлөрдүишке ашырат: а) антропогендик таасир тийгизүү булактарына жана алардын айла-на-чөйрөгө таасирине байкоолорду жүргүзүү жана уюштуруу; б) республикада айлана-чөйрөнүн мониторингинин системасынаөлчөөлөрдүн натыйжаларынын бирдиктүүлүгүн жана салыштырмалуулугун кам-сыздоо; в) трансчекаралык суулардын абалына мониторинг жүргүзүү; г) экологиялык-аналитикалык лабораторияларды аккредитациялоо про-цедураларына катышуу; д) өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда айлана-чөйрөнүн абалына опера-тивдүү контроль жүргүзүү. IV. Укуктары жана милдеттери 11. Департамент ага жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүлөргөукуктуу: а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте республикадаайлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууабалына мамлекеттик, ведомстволук контроль жүргүзүүгө; б) мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик экологиялык экс-пертиза жүргүзүүгө; в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте айла-на-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жа-атындагы администрациялык укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароого,күнөөлүү адамдарга айыптарды жана башка администрациялык жазаларды са-лууга, зарыл учурларда күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүништи укук коргоо органдарынын кароосуна өткөрүп берүүгө; г) юридикалык жактарга жана жеке адамдарга айлана-чөйрөнү булгооүчүн төлөмдөрдү, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын са-рамжалдуу пайдалануу жөнүндө мыйзамдарды бузуудан келтирилген зыяндынордун толтуруу жөнүндө дооматтарды мыйзамдарда белгиленген тартипкеылайык коюуга; д) сот органдарында доогер катарында чыгууга; е) ведомстволук таандуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастанишканалардын же башка объекттердин иштери жаратылыш мыйзамдарынын та-лаптарын бузуу, булгоочу заттарды лимиттен ашыкча чыгаруу жана калдык-тарды жайгаштыруу менен жүргүзүлсө, алардын иштерине белгиленген тар-типте тыюу салууга, токтотуп коюуга; ж) колдонуудагы мыйзамдарга ылайык айлана-чөйрөгө терс таасирэтүүгө байланыштуу иштердин түрлөрүнө лицензияларды жана уруксаттардыбелгиленген тартипте жокко чыгарууга жана берүүгө; з) министрликтерден, администрациялык ведомстволордун, юридикалыкжактардан жана жеке адамдардан айлана-чөйрөнүн абалы, айлана-чөйрөнүкоргоо боюнча иш-чаралардын аткарылышы тууралуу зарыл маалыматтарды(маалыматтарды, анын ичинде статистикалык отчетторду), ошондой эле бул-гоочу заттарды көп чыгаруу, авариялык жана өзгөчө кырдаалдар боюнчачарбакер субъекттерден тезинен билдирүүлөрдү акысыз алууга; и) жаратылышты коргоо милдеттерин чечүү үчүн Департаменттин алдын-да убактылуу чыгармачыл жамааттарды түзүүгө; к) министрлик менен макулдашуу боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жагын-дагы министрликтин таламдарын эл аралык уюмдарда көрсөтүүгө; л) айлана-чөйрөнү коргоонун Департаменттин карамагындагы аймактыкоргандарынын иштерине жетекчилик кылат жана координациялоону ишке ашы-рат; м) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Де-партаменттин жаратылышты коргоо иштерине байланыштуу материалдык-техни-калык базаны чыњдоо жана башка максаттар үчүн жаратылышты коргоо фонд-дорунун каражаттарын пайдаланууга; н) төмөнкүлөрдүн иштери үчүн ички ведомстволук контрольжүргүзүүгө: - кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттик инспекторлордун жанабашка кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштеринин алдын алуу, аныктоо жанаага бөгөт коюу максатында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча аймактык башкар-малыктардын; - каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча айлана-чөйрөнү коргоо-нун жергиликтүү фонддорунун; о) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке адамдардын жанаюридикалык жактардын суроо-талаптары боюнча келишимдик негизде акытөлөтүүчү кызматтарды жана иштерди аткарууга; п) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча штаттан сырткары коомдук инспек-торлор тармагын уюштурууга; р) Министрликке төмөнкүлөр жөнүндө сунуштарды киргизүүгө: - министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүүмамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын жаратылышты коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рына карама-каршы келген чечимдерин жана ченемдик актыларын жоюужөнүндө; - айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуупайдалануу жаатындагы иштерди жүргүзүүчү жогорку жана орто окуу жайла-рын, мектептик жана мектепке чейинки мекемелерин, илимий-изилдөө жанадолбоорлоо-конструктордук уюмдар тармактарынын иштерин өркүндөтүү боюн-ча; с) Министрликке төмөнкүлөр жөнүндө сунуштарды киргизүүгө: - айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуупайдалануу маселелер боюнча министрликтердин, администрациялык ведомс-тволордун жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардынжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарбакер субъекттер-дин жетекчилеринин отчетторун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседа-ниелеринде угуу жөнүндө; - Департаменттин карамагындагы аймактык органдардын иштеринин жы-йынтыктары боюнча ушул Жобонун 16-пунктунун 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөнкызмат адамдарын сыйлоо жана аларга тартип жазаларын берүү жөнүндө. 11.1. Департаментгин кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу: а) жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоо боюнча текшерүүлөрдүжүргүзүү үчүн ведомстволук таандуулугуна жана менчигинин түрүнө кара-бастан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга (анын ичинде режимдик), башкаобъекттерге белгиленген тартипте тоскоолдуксуз кирүүгө; б) формалык кийим кийүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын-да белгиленген тартипте атайын каражаттарды жана табелдик куралды пай-даланууга. 11.2. Департамент ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргөмилдеттүү: а) өз иш-аракетин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушулЖобого бекем ылайык ишке ашырууга; б) экологиялык коопсуздукту жана мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнкамсыздоого, жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууну уюштурууга, айла-на-чөйрөгө терс таасирлерди болтурбоого көмөктөшүүгө; в) Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талап-тарын бекем сактоого жетишүүгө, экологиялык укук бузуулардын алдын алуужана ага бөгөт коюуга, Кыргыз Республикасынын жаратылыш коргоо мыйзам-дарын бузуучуларга карата таасирлүү укук колдонуу чараларын көрүүгө; г) айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө калкка, мамлекеттик бийлик орган-дарына жана чарбакер субъекттерге өз учурунда жана туура маалыматберүүгө. V. Иштерди уюштуруу 12. Департаментке Кыргыз Республикасынын экология жана өзгөчө кыр-даалдар министринин сунуш кылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Премь-ер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана андан бошотулуучу ди-ректор башчылык кылат. 13. Департаменттин жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча аймактык баш-кармалыктардын структурасы, кызмат орундарынын тизмеси, кирешелери ме-нен чыгашаларынын сметасы Департаменттин директорунун сунушу боюнчаКыргыз Республикасынын экология жана өзгөчө кырдаалдар министри тарабы-нан бекитилет. 14. Департаменттин директору: - Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттикбашкы инспектору; - Айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык фондунун башкарма мүчөсүболуп саналат. 15. Департаменттин директору: - Департаменттин жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча аймактык баш-кармалыктардын иш-аракеттерине жетекчилик кылат, Департаментке жана ай-лана-чөйрөнү коргоо боюнча аймактык башкармалыктарына жүктөлгөн милдет-тердин жана функциялардын аткарылышына жекече жоопкерчилик тартат, анынбир орун басары болот; - белгиленген тартипке ылайык Департаменттин мүлкүн башкарат; - мамлекеттик бийликтин бардык органдарында, Кыргыз Республикасы-нын сот органдарында жана башка уюмдарында Департаменттин атынан чыгат; - өз компетенциясынын чектеринде приказдарды чыгарат; - Министрликтин компетенциясына киргендерден тышкары кызмат орун-дарынын тизмесине ылайык Департаменттин кызматкерлерин ишке кабыл алатжана бошотот; - Департаменттин кызматкерлерине тартип жазасын берет; - Департаменттин кызматкерлеринин кызмат окладдарына жекеүстөктөрдү белгилейт, өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди эмгек акытөлөө фондунун чектеринде сыйлайт. 16. Директордун орун басары, башкы бухгалтер, Департаменттин кура-мындагы бөлүмдөр менен башкармалыктардын начальниктери, аймактык баш-кармалыктардын начальниктери, начальниктин орун басарлары, башкы бух-галтерлери Департаменттин директорунун сунушу жана министрдин ал иштитейлөөчү орун басары менен макулдашуу боюнча ишке дайындалышат жана иш-тен бошотулушат. 17. Департаменттин директору жок учурда анын функциясын директор-дун орун басары аткарат. 18. Департаменттин иш-аракетин Министрлик контролдойт. 19. Департаментте курамында директор - коллегиянын төрагасы, ди-ректордун орун басары, аймактык башкармалыктардын начальниктери, ошон-дой эле Департаменттин башка жооптуу кызматкерлери болгон 9 адамдантурган коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын экология жана өзгөчөкырдаалдар министри тарабынан бекитилет. Коллегиянын чечими анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушуменен кабыл алынат жана токтом түрүндө ишке ашырылат. 20. Департаменттин алдында ири проблемаларды ар тараптан талкуу-лоо, аларды чечүү боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуу үчүн окумуштуу-лардан, минислрликтердин, окуу жайлардын, басма сөздүн өкүлдөрүнөн жанажарандардан түзүлүүчү Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча коомдук кењештүзүлүшү мүмкүн. VI. Эсеп жана отчеттуулук 21. Бухгалтердик, статистикалык эсеп, отчеттуулук мыйзамда белги-ленген тартипте жүргүзүлөт. 22. Аймактык башкармалыктар квартал сайын Департаментке башкарма-лыктардын жана жаратылышты коргоонун жергиликтүү фонддорунун негизгижана финансылык иштери жөнүндө отчет берип турушат. 23. Департамент квартал сайын белгиленген тартипте Министрликкенегизги иштер боюнча жалпыланган отчет жана финансылык отчет берип ту-рат. VII. Иш-аракетти токтотуу 24. Департаментти жоюу жана өзгөртүп кайра түзүү Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 25. Департаменттин иш процессинде келип чыгуучу документтер "Кыр-гыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ылайык сакталат.