КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-мартындагы № 145
токтому менен бекитилген Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсацияны эсептөө жана төлөө тартиби тууралуу ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 644
токтомунун редакциясына ылайык) I. Жалпы жоболор 1.1 Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсацияныэсептөө жана төлөө тартиби тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) КыргызРеспубликасынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруужөнүндө" Мыйзамынын 33-1-статьясына ылайык иштелип чыккан. 1.2 Бул Жобо пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенса-цияны (мындан ары - компенсация) эсептөө жана төлөө тартибин аныктайт. 1.3 Компенсациялар "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруужөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык чектел-ген курагы боюнча пенсия алгандарга төмөнкүдөй эсептелинет жана төлөнүпберилет: 2005-жылы - 1999-жылы дайындалган пенсиялар үчүн; 2006-жылы - 2000-2001-жылдары дайындалган пенсиялар үчүн; 2007-жылы - 2002-2005-жылдарда дайындалган пенсиялар үчүн; 2008-жылы - 2006-2007-жылдары дайындалган пенсиялар үчүн. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 644
токтомунун редакци-ясына ылайык) 1.4 Компенсациялар төмөнкүлөргө эсептелет жана төлөнүп берилет: - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарында катталганжана курагы боюнча пенсия алуучу пенсионерлерге; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298токтому менен бекитилген № 2 Тизме боюнча Кыргыз Республикасынын Соци-алдык фондунун органдарында пенсия алуучу адамдарга, текстильөндүрүштөрүнүн жумушчуларына жана "РЕSАС" программасына кирген ишкана-ларда жана "Жоюлган ишканалардын кызматкерлерине жењилдетилген шарттар-да жана өлчөмдөрдө, компенсацияларды дайындоонун жана төлөөнүн тартибижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы №827 токтомуна ылайык укук улантуучусуз жана каражаттарын капиталдаштыр-бастан 1996-жылга чейин жоюлган ишканаларда талап кылынуучу стаж өтөгөнадамдарга; - ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жоюлушуна, кайра уюштуру-лушуна, штаттардын санынын кыскарышына байланыштуу иштен бошогондугубоюнча пенсия алуучу адамдарга; - иш берүүчүлөрдүн каражаттарынан N 2 тизме боюнча, текстильөндүрүштөрүнүн кызматкерлерине жана ишинин өзгөчө шарттары үчүн (абаунааларын башкарган адамдарга жана диспетчердик күбөлүктөрү бар жанажарандык авиациянын курамындагы инженердик-техникалык кызматкерлерге)пенсия алуучу адамдарга. 1.5 Компенсацияларды төлөө боюнча каражаттарды каржылоо КыргызРеспубликасынын Социалдык фондуна берилген, стратегиялык ишканалардынакцияларынын дивиденддеринен же акцияларынан түшкөн каражаттардан, алэми ал каражаттар жетишпеген учуларда компенсацияны төлөө Пенсиялыкфонддун каражаттарынан жүргүзүлөт. II. Компенсациянын өлчөмүн эсептөөнүн тартиби 2.1 Компенсациянын өлчөмү "КВ" төмөнкү формула боюнча аныкталат: КВ = (В - А) х И х 4, мында КВ - компенсациянын өлчөмү; В - 94 Соц формасындагы Мамлекеттик статистикалык отчеттун маалы-маттарына ылайык компенсация төлөнүүчү жылдын 1-январына карата абалбоюнча республикадагы курагы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү (электрэнергиясына төлөнүүчү компенсацияны кошпогондо); А - 94 Соц формасындагы Мамлекеттик статистикалык отчеттун маалы-маттарына ылайык курагы боюнча пенсия дайындалган жылдын 1-январындагыабал боюнча республикадагы курагы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү(электр энергиясына төлөнүүчү компенсацияны кошпогондо); И - пенсия чектелген айдан кийинки айдан тартып компенсация төлөн-гөн жылдын тийиштүү айынан мурунку айга чейинки мезгил үчүн инфляциянынкоэффициенти. Мында төлөп берүү жылы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыменен белгиленет; 4 - пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсациятөлөнүүчү айлардын мыйзамда белгиленген саны. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 644 токтомунун редакци-ясына ылайык) 2.2 Компенсацияларды эсептөө үчүн республикадагы курагы боюнчапенсиянын орточо өлчөмү тийиштүү жылдын 1-январындагы 94-Соц формасын-дагы Мамлекеттик статистикалык отчеттун маалыматына ылайык алынат. 2.3 Компенсацияны эсептөө үчүн инфляциянын дењгээли жөнүндө маалы-мат Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалымат-тарынын негизинде алынат. III. Компенсацияны төлөп берүү тартиби 3.1 Компенсацияларды эсептөө Кыргыз Республикасынын Социалдык фон-дунун уюмдары тарабынан ушул Жобонун 1.4.пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-дын пенсиялык иш кагаздарындагы маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт. 3.2 Эсептелген компенсация бир жолу төлөнүп берилет. 3.3 Дайындалган компенсациялар пенсия дайындалган айына тиешелүүайда төлөнүп берилет. 3.4 Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарында каттал-ган жана курагы боюнча пенсия алуучу пенсионерлерге компенсацияны төлөпберүү пенсия алган жеринен жүргүзүлөт. 3.5 № 2 тизме боюнча иш берүүчү тарабынан пенсия дайындоодо жанатөлөөдө текстиль өндүрүштөрүнүн кызматкерлерине жана ишинин өзгөчөшарттары үчүн (аба унааларын башкарган адамдарга жана диспетчердиккүбөлүктөрү бар жана жарандык авиациянын курамындагы инженердик-техни-калык кызматкерлерге) компенсацияларды төлөө Кыргыз Республикасынын Со-циалдык фондунун органдарында ушул Жобонун 3.2 жана 3.3-пункттарынаылайык жүргүзүлөт. 3.6. Пенсионер каза болгон учурда алынбай калган компенсация Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мурасчыларынатөлөп берилет.