Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 1-апрели № 148 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 2-мартындагы "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 2-мартындагы"1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдыкжактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө"
Жарлыгын аткаруу макса-тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкүлөргө бир жолку юбилейлик акчалай жөлөкпул төлөнүп бе-рилсин: - Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына - 10000 (он мињ) сомөлчөмүндө; - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына - 8000 (сегиз мињ)сом өлчөмүндө; - курман болгон (дайынсыз жоголгон) жоокерлердин жесирлерине -2000 (эки мињ) сом өлчөмүндө; - Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы тылдагы каарман эмгеги жанакынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары мененсыйланган адамдарга - 2000 (эки мињ) сом өлчөмүндө; - 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинблокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жанауюмдарында иштеген жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы мененсыйланган адамдарга жана "Блокадалык Ленинграддын жашоочусу" белгисименен сыйланган адамдарга - 2000 (эки мињ) сом өлчөмүндө; - Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгекаскерине) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизациялоого дуушарланган жанакийин реабилитацияланган адамдарга - 2000 (эки мињ) сом өлчөмүндө; - экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаш-тары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбур-лап кармоо жерлеринин жашы жетпеген туткундары болгон адамдарга - 2000(эки мињ) сом өлчөмүндө. 2. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку юбилейликакчалай жөлөкпул төлөп берүүнүн тиркелген тартиби бекитилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Улуу Ата Мекендиксогуштун ардагерлерине бир жолку юбилейлик акчалай жөлөкпул төлөпберүүгө жумшалуучу чыгымдарды толук көлөмдө каржылоону 2005-жылдын1-майына карата камсыздасын. 4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлиги: - аталган категориядагы адамдарга бир жолку юбилейлик акчалайжөлөкпул төлөп берүүнү, жашаган жери боюнча пенсия берүүчү ведомствосу-на карабастан райондук социалдык коргоо органдары аркылуу жүргүзсүн; - республиканын региондору боюнча бир жолку юбилейлик жөлөкпулдар-дын төлөнүшү жөнүндө 2005-жылдын 1-августуна карата Кыргыз Республика-сынын Финансы министрлигине отчет берсин. 5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасы-нын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздуккызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегаракызматы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазык аткаруубашкы башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырда-алдар министрлигинин Өрткө каршы күрөшүү кызматы жана Кыргыз Республи-касынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык полиция башкармалыгыКыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине2005-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республиканын райондору боюнчабир жолку юбилейлик акчалай жөлөкпул алууга укуктуу согуш жана эмгекардагерлеринин тизмелерин беришсин. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев