КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 12-апрели N 152 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун шаардын жанындагы жерлерин өз эркинче ээлеп алууга байланышкан абалды жайгаруу боюнча чаралар жөнүндө Өзүмдүк турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүгө байланышканмаселелерди жөнгө салуу, ошондой эле жерлерди өз эркинче зэлеп алууданчыккан проблемаларды чечүү, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун шаардынанын жанындагы жер участокторун сарамжалдуу пайдаланууну андан аркытартипке келтирүү жана камсыздоо максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмшөтү токтом кылат: 1. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик ко-миссия жана Кыргыз Республикасынын Өкмө- түнө караштуу Кыймылсыз мүлккөукуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство менен бирдикте Бишкек ша-арынын жанындагы жер участокторду кийин өзүмдүк турак үйлөрдү куруугаберүү боюнча сунуштарды даярдоо үчүн инвентаризацияласын. 2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-туу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссия, Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнчамамлекеттик агентство жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктүбашкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен бирдикте төмөнкүлөргө инвен-таризация жүргүзүшсүн: - курулуштун бардык түрлөрү үчүн берилген жер участокторун, аныничинде турак жай массивдердеги курулуш курулбаган жер участокторду ин-вентаризацияласын жана турак жай массивдерди көп кабаттуу турак үйлөрдүкуруу үчүн тыгыздаштыруу боюнча сунуштарды беришсин; - Бишкек шаарынын аймагындагы курулуп бүтпөгөн объекттерди инвен-таризациялашсын жана аларды андан аркы пайдалануу боюнча сунуш кирги-зишсин; 3. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун шаардын жанындагы жерлеринөз эркинче ээлеп алууга байланышкан абалды жайгаруу боюнча мамлекеттиккомиссия Токомбаев көчөсүнүн жанындагы жер участокторун берүү боюнчаматериалдарды изилдесин жана аларды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайда-лануу боюнча сунуш киргизсин. 4. Бишкек шаарынын мэриясы жана Чүй облусунун мамлекеттик адми-нистрациясы арыздарды ыкчам кароо жана өзүмдүк үй куруу үчүн жер учас-токторун алууга укуктуу жарандардын тизмелерин түзүү үчүн жумушчу топ-торду (штабдарды) уюштурушсун. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-тарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство Кыргыз Республикасынын Ичкииштер министрлиги менен бирдикте жарандардын өзүмдүк үй куруу үчүн жеручастогун алууга тизмелерин Кыргыз Республикасынын Жер кодексииин32-статьясына ылайык текшерсин. 6. Өзүмдүк турак жай куруу үчүн жер участогун алууга тизмеге кир-гизүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы жумушчу топторго(штабдарга) төмөнкүдөй документтерди тапшырышат: - Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын башчыларынын атынаарыз; - иштеген жеринен өтүнүч кат, мында өтүнүч катка ИННди эске алууменен мөөр коюлат; - туруктуу иштеген жери жок болсо - ишке орноштуруу бюросунун жу-мушсуздук статусу жөнүндө маалымкаты; - жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат; - ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасынын аймагында жер участогу жана турак үйүжоктугу жөнүндө жергиликтүү каттоо органы берүүчү маалымкат. Жогоруда саналган документтерди берүүчү адамдар алардын тууралыгыүчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчиликте бо-лушат. 7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жергиликтүү мам-лекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыменен бирдикте: - жерлерди өз эркинче ээлеп алууга байланышкан мыйзамсыз аракет-тердин уюштуруучуларын аныктоо боюнча, ошондой эле өз эркинче ээлеп ал-ган жерлерди бошотпогон адамдарга карата Кыргыз Реслубликасынын мыйзам-дарына ылайык чара көрсүн; - иш-аракеттери айыл чарба жерлеринин жана башка жерлердин бузулу-шуна, ошондой эле айыл чарбалык өсүмдүктөрдүн жана көп жылдыкөсүмдүктөрдүн бузулушуна алып келген адамдарга карата чара көрсүн; - өз эркинче ээлеп алынган жер участокторуна курулуш материалдардыташып келүүгө жана түшүрүүгө жол бербесин. 8. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги ээлеп алынган жер участокторго изилдөө жүргүзсүн жанаайылдык товар өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолору жанакөп жылдык өсүмдүктөр бузулушуна байланышкан чыгашаларынын өлчөмдөрүнаныктасын. 9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттиккомиссия бир жумалык мөөнөттө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун шаар-дын жанындагы жерлерин өз эркинче ээлеп алууга байланышкан абалды жай-гаруу боюнча мамлекеттик комиссиянын кароосуна турак жай курууга байла-нышкан маселелерди ипотекалык кредит берүү шартында чечүү боюнча сунушкиргизсин. 10. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына мамлекеттик, му-ниципалдык жана жеке менчикте турган жер участокторду мыйзамсыз ээлепалуунун фактыларын ыкчам кароо жана мындай мыйзамсыз аракеттерге тиеше-си бар адамдарга карата прокурордук таасир этүү актыларын чыгаруу мененпрофилактикалык ишти активдештирүү сунушталсын. 11. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын тийиштүү башкармалыктарына жанабөлүмдөрүнө жүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев