Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 13-майы № 185 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "2005-жылга алып келинүүчү товарларга Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "2005-жылга алып келинүүчү товарларга Кыргыз Республикасынынбажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолордукиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдукберилсин. 2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жанасоода министри жана Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайраиштетүү өнөр жай министри мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү расмийөкүлдөрү болуп дайындалышсын. Премьер-министр К.Бакиев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "2005-жылга алып келинүүчү товарларга Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-статья. "2005-жылга алып келинүүчү товарларга Кыргыз Республикасынын бажытарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй толуктоокиргизилсин: - 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү пункттар ме-нен толукталсын: "3) Тростник сырьесунан иштелип чыккан ак кантка алып келүү бажыпошлиналары соода-саясий мамилелери эркин соода режимин жана кыйлаыњгайлуу режимди караган өлкөлөргө жайылтылат. 4) Товарларга карата колдонулуучу алып келүү бажы пошлиналарынынставкалары жана алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынанбелгиленет.". 2-статья. Бул Мыйзам жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган күндөнтартып 15 күн аяктаганда күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти