КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-майындагы №379
токтому менен күчүн жоготкон Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 14-майы № 187 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилине Кыргыз Республикасынын экономика тармагын жана калкын даярдоо үчүн көрүлүүчү конкреттүү чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттик комитет-тер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администра-циялар, Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары,отун-энергетика комлексинин ишканалары тарабынан 2005/2006-жылдынкүзгү-кышкы мезгилине даярданууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн че-чимдерин аткаруу жана жылытуу сезонунда комплекстин ишенимдүү иштешинкамсыз кылуу боюнча кыйла иштер жасалгандыгын белгилейт. Республиканын министрликтери жана ведомстволору республикалык бюд-жеттин эсебинен 115 мињ тонна көмүр же пландаштырылган көлөмдүн 92 про-центтин; жергиликтүү бюджеттин эсебинен 72 мињ тонна көмүр же 63 про-центтин даярдашкан. Облустардын мамлекеттик администрациялары, "Көмүр" мамлекеттик иш-канасы тарабынан региондордо көмүр сатуу пункттарын түзүү боюнча иштержүргүзүлгөн. Натыйжада республиканын калкына 567 мињ тонна же отундунбелгиленген тапшырмасынын 99,5 проценти берилген. Республиканын калкын жана экономика тармактарын энергия менен жаб-дуу күзгү-кышкы мезгилде, айрыкча 2005-жылдын январь-февралында өтө оорболду. Отун жана энергетика ресурстарына Кыргыз Республикасынын калкы-нын жана экономика тармагынын керектөөсүнүн балансташпагандыгы, электркеректөө режимдерин башкаруунун натыйжалуу механизминин жоктугу, жылуу-лук менен жабдуунун сапатынын начардыгы Кыргыз Республикасынын энерго-системасында кубаттуулукту жана электр энергиясын керектөөнүн башкарыл-гыс өсүшүнө алып келди. Оорчулуктун өсүшү менен катар Бишкек шаарынынТЭЦинен электрге оорчулук келтирбөө графигин аткарбашы орун алган. Бул "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик ко-омунун система түзүүчү тармактарына жол берилгис оорчулук алып келип,ал алдыдагы күзгү-кышкы мезгилде андан ары авариялык кырдаалдын пайдаболушун жаратышы мүмкүн. От жагуучу жайлардын токтоп калышынын жана керектөөчүлөрдүн жылуу-лук менен жабдуу боюнча кызматтардан баш тартышынын тенденциясы улануу-да, бул көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын төмөндүгү жана калктын азкамсыз болгон катмарынын жылуулук энергиясына акы төлөөгө кудуретсизди-ги менен шартталган. Жетекчилик тарабынан көрүлүп жаткан администрациялык чараларга ка-рабастан энергокомпаниялардын финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүжакшырбай жатат. Бөлүштүрүүчү электр компанияларындагы электр энергиясынын коромжу-луктары 2005-жылдын 1 кварталында 46,9 процентти түзгөн, бул 2004-жыл-дын ушундай мезгилиндеги көрсөткүчтөн 5 процентке жогору. Керектелген электр энергиясы үчүн өз ара эсептешүүлөр жана бартержолу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн чечимине карабастан акчалай эмес төлөмдөр жалпысы-нан товардык продукциянын 56 процентин түзгөн. Бөлүштүрүүчү электр ком-панияларынын акча каржаттарын чогултуу дењгээлинин төмөндүгү дебитордуккарыздын көбөйүшүнө алып келди, ал 2004-жылдын апрелинен тартып 988млн. сомго өсүп, 2005-жылдын 1-апрелиндеги абал боюнча 2605 млн. сомдутүзгөн. Ушунун кесепетинен "Электр станциялары" жана "Кыргызстандынулуттук электр тармактары" ачык акционердик коомдоруна алардын креди-тордук карыздарынын 1073 млн. сомго көбөйүшүнө алып келген, ал2005-жылдын 1-апрелиндеги абал боюнча 4820 млн. сомду түзүп, дебитордуккарыз 2215 млн. сомго ашып кеткен. Ал тургай учурдагы төлөмдөр 100 про-цент төлөнсө да бөлүштүрүүчү электр компаниялар "Электр станциялары"жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомдо-руна негизги карыздарын толук көлөмдө төлөй алышпайт. Отун-энергетика комплексинин ишенимдүү жана туруктуу иштешин кам-сыздоо, министрликтерди, уюмдарды, мекемелерди өз учурунда даярдоо,2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде калкты отун менен камсыз кылуумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилине Кыргыз Республикасынынэкономика тармагын жана калкын даярдоо боюнча N 1 тиркемеге ылайык ку-рамда республикалык штаб түзүлсүн. Республикалык штаб ай сайын өзүнүн заседаниелеринде 2005/2006-жыл-дын күзгү-кышкы мезгилине Кыргыз Республикасынын экономика тармагын жа-на калкын даярдоонун жүрүшүн карап турсун. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лар жана Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарыКыргызтуракжайкоммунсоюздун, "Көмүр" мамлекеттик ишканасынын, "Кыргыз-газ" акционердик коомунун, "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгышэлектр", "Жалалабат электр", "Кыргызстандын улуттук электр тармактары","Электр станциялары", "Кыргызнефтегаз" жана "Бишкек жылуулук тармагы"ачык акционердик коомдорунун жетекчилери менен бирдикте: - 2004/2005-жылдын жылытуу мезгилинин өтүшүнүн жыйынтыктарын эскеалуу менен алдыдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү боюнча уюшту-руу-техникалык иш-чараларды бир жумалык мөөнөттө иштеп чыксын; - кышкы шарттарда иштөөгө даярдоо боюнча туруктуу иштөөчү штабда-рын түзүшсүн жана жарандардын жењилдик берилген категорияларына кара-жаттарды бөлүүгө жана калктын отун менен камсыз болушуна өзгөчө көњүлбуруу менен экономика тармагынын объекттерин жана калкты күзгү-кышкымезгилге даярдоонун жүрүшүн алардын заседаниелеринде дайыма карашсын.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттикагентствонун алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекци-янын өкүлдөрүн штабдардын курамдарына киргизишсин; - жылытуу котельныйларын 2005-жылдын 1-сентябрына чейин2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилине иштөөгө даярдашсын; - 2005-жылдын 1-ноябрына карата котельныйларга отундун запасынын N2 тиркемеге ылайык белгиленген тапшырманын кеминде 75 процентинтүзүшсүн; - 2006-жылдын 1-февралына карата отунду ташып келүүнү толук аяк-ташсын; - жылытуу котельныйларын, ошондой эле отун-энергетика комплексининишканаларынын даярдыгын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агентствонун алдындага Энергети-ка жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын персоналын тартуу менен жу-мушчу комиссияларды түзүшсүн жана 2005-жылдын 10-октябрына чейин ушулобъекттерди текшерүүнү камсыз кылышсын. Комиссиялардын иштеринин жыйын-тыктары боюнча жылытуу мезгилине ишке даярдык актысын түзүүнү камсызкылышсын. Облустарга, министрликтерге, ведомстволорго, отун-энергетикакомплексинин ишканаларына карата текшерүүнүн жыйынтыктарын 2005-жылдын15-октябрына чейин республикалык штабдын кароосуна беришсин; - "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабатэлектр", "Кыргызстандын улуттук электр тармактары", "Электр станцияла-ры", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдоруна, "Кыргызгаз"акционердик коомуна, Кыргызтуракжайкоммунсоюзга жана республиканынкөмүр казуучу ишканаларына керектөөчүлөрдүн дебитордук карыздарын жоюубоюнча зарыл чараларды көрүшсүн; - электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн N 3 тиркемедеаныкталган тапшырмаларынын сакталышын камсыз кылышсын. 3. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы жана Кыргызтурак-жайкоммунсоюз 2005-жылдын 1-октябрына чейин Каракол шаарынын "Каш-ка-Суу" кичи районундагы локалдуу котельныйдын курулушун бүткөрүшсүнжана 2005-жылдын 1-ноябрына карата 2005/2006-жылдын жылытуу мезгилинеанын даярдыгын камсыз кылышсын. 4. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөрдү кам-сыздоо сунуш кылынсын: - 2005-жылы электр станцияларында 14,8 млрд. кВт саат, 2006-жылдынI кварталында - 4,8 млрд. кВт саат, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарла-рынын ТЭЦтеринде N 4 тиркемеде белгиленген көлөмдөрдө электр энергиясыништеп чыгуу; - Бишкек шаарынын ТЭЦинде - электр оорчулугун 300 МВтдан кем эмес,жылуулук оорчулугун 850 Гкал.сааттан аз эмес камсыздоо; - күзгү-кышкы мезгилден өтүү үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦ-теринде көмүрдү, жаратылыш газын жана отун мазутун төмөнкүдөйкөлөмдөрдө: көмүр - 750 мињ тонна, анын ичинде ата мекендик көмүр - 120мињ тонна, алардан Каракече көмүр кенинен - 113 мињ тонна жана Ташкөмүркенинен - 7 мињ тонна, 210 млн. куб. метр жаратылыш газын, 35 мињ тоннаотун мазутун даярдоо жана 2005-жылдын 1-октябрына карата 330 мињ тоннакөмүр, 22 мињ тонна отун мазутунун; 2006-жылдын 1-январына карата - 250мињ тонна көмүр, 20 мињ тонна мазут отунунун запасын түзүү; - 2005-жылдын 15-октябрына чейин Үчкоргон ГЭСинде N 2 гидрогенера-торду ишке киргизүү; - 2005-жылдын май айында Токтогул ГЭСи үчүн 500 кВ Л-509 реактору-нун фазасын сатып алуу маселесин иштеп чыгуу жана аны берүүгө келишимтүзүү; - 2006-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө "Кыргызгаз" акционердиккоомуна 123 млн. АКШ доллары суммасындагы карызды макулдашылган графикбоюнча төлөө. 5. Төмөнкүлөрдү берүүнү камсыз кылуу сунуш кылынсын: - "Кыргызгаз" акционердик коому 2005-жылы 260 млн. куб.метр,2006-жылдын I кварталында - 145 млн.куб.метр жаратылыш газын, 1415 тон-на суюлтулган газды; - "Кыргызнефтегаз" акционердик коому жана "Кыргыз Петролиум компа-ни" биргелешкен ишканасы - төмөнкүдөй отун мазутун: Кыргызтуракжайкоммунсоюзга - 20 мињ тонна, анын ичинде чийки неф-тинин импортунун эсебинен; "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна - 20 мињ тонна; - "Көмүр" мамлекеттик ишканасы - 420 мињ тонна көмүр. 6. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгы: - Бишкек шаарынын ТЭЦинде оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүүчүн "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна ай сайын 2,5 млн.сом өлчөмүндө которууну камсыз кылсын; - "Электр станциялары" ачык акционердик коому менен бирдикте Биш-кек шаарынын ТЭЦине каракече көмүрүн ташып жеткирүү үчүн "Көмүр" мамле-кеттик ишканасынын расчеттук эсебине 7,4 млн. сом өлчөмүндө ай сайынакча каражаттарын, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен каржылануучуэлектр жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн учурдагы төлөмдөрдүнэсебине Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгы 3 млн. сомжана "Электр станциялары" ачык акционердик коому өз каражаттарынын эсе-бинен 4,4 млн. сом которууну камсыз кылсын; - "Электр станциялары" ачык акционердик коому үчүн Бишкек шаардыксуу каналы тарабынан муздак сууга тарифти өздүк наркынын дењгээлине че-йин азайтуу жөнүндө маселени депутаттардын Бишкек шаардык кењешинин ке-зектеги сессиясына киргизсин. 7. Облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаар-ларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары: - күзгү-кышкы мезгилге объекттерди даярдоого жергиликтүү бюджеттенөз учурунда каржылоону камсыз кылышсын; "Көмүр" мамлекеттик ишканасы, "Кыргызгаз" акционердик коому мененбирдикте: - региондордо көмүр сатуу пункттарынын сапаттуу иштешин уюштуруш-сун; - көмүр ташып жеткирүү жана аны сатып алуучуларга жеткирүү боюнчатранспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурушсун; - суюлтулган газды ташууну жана аны калкка N 2 тиркемеге ылайыккөлөмдөрдө берүүнү камсыздашсын; - Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Түндүкэлектр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр" ачык акционер-дик коомдору менен бирдикте: - жылытуу жана ысык суу менен жабдуу үчүн колдонулуучу электр ко-телдорун энергосистемасынын болушунча иштөө бөлүгүнө сөзсүз ажыратууменен 2005-жылдын 1-сентябрына чейин алардын иштөө графиктерин иштепчыгышсын жана графикти структуралык подразделениелерге жеткиришсин. 8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мам-лекеттик агентствонун алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттикинспекция электр котелдорунун иштөө графигинин аткарылышына контролдук-ту камсыз кылсын. 9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - бюджеттик мекемелерге берилген көмүр үчүн бюджеттик ке-ректөөчүлөрдүн дебитордук карыздарын 2005-жылдын 1-июлуна чейин салыш-тырууну жана жоюуну жүргүзсүн; - 2005-жылдын 1-июнуна чейин бюджеттик уюмдардын көмүр сатып алуубоюнча чыгымдарын каржылоонун графигин борбордук тендердик комиссиянынчечиминин негизинде түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-раштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мам-лекеттик комиссия тарабынан тастыкталган кыргыз көмүрүн берүүчүлөр ме-нен аларга ушул жылдын июнь-июлунда 20 проценттик алдын ала төлөмдөрдүбөлүүнү караган келишимдерди берүү боюнча графикти бекитсин; - төлөбөй коюулардын себептери боюнча электр-жылуулук энергиясынөчүрүп коюуга жол бербөө максатында ушул айдын 1индеги абал боюнча ке-ректелген электр жана жылуулук энергиясы үчүн бюджеттик керектөөчүлөрдүөз учурунда каржылоону ишке ашырсын; - "Танкы-Сервис" жоопкерчилиги чектелген коомунун жана бюджеттикуюмдардын балансында турган электр жана жылуулук тармактарын балансынакабыл алууда "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалалабатэлектр" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомдорунун чы-гымдарын жабууга каражаттарды этап боюнча белүүнү камсыз кылсын; - көмүр казып алуучу ишканаларга 2005-жылдын биринчи жарымынан ке-чиктирбестен "Капиталдык салымдар" статьясы боюнча каралган 30 млн.сомду бөлүп берсин; - Фрунзе - Ала-Арча ВЛ-220 кВ электр өткөргүчүнүн система түзүүчүлиниясынын курулушун өз учурунда аяктоого 94,4 млн.сом өлчөмүндө кара-жатты 2005-жылга эсепке алсын; - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-кеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттиксалык инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттикбажы инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен бирдиктекүзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү убагында "Электр станциялары", "Кыр-гызстандын улуттук электр тармактары", "Бишкекжылуулуктармагы", "Кыр-гызнефтегаз" ачык акционердик коомдорунун, бөлүштүрүүчү электр компани-яларынын, "Кыргызгаз" акционердик коомунун, "Жылуулуккоммунэнерго",Кыртызтуракжайкоммунсоюз ишканаларынын, "Кыргыз Петролиум компани" бир-гелешкен ишканасынын, отун даярдоого катышкан ишканалардын расчеттукэсептеринин жабылышына жол бербесин; - 2005-жылы жана андан кийинки жылдарда өзгөчө кырдаалдардын алдыналуу жана жоюу фондунан табигый кырсыктардын (жер көчкү, сел, каркөчкү, тоодогу көлдүн жырылып кетиши ж.б.у.с.) натыйжасында бузулганобъекттерди калыбына келтирүү боюнча "Кыргызстандын улуттук электр тар-мактары", "Электр станциялары" ачык акционердик коомдору жанабөлүштүрүүчү энергокомпаниялар тарабынан жүргүзүлүүчү иштерди ишжүзүндө кеткен сарптоолордун чектеринде каржылоону камсыз кылсын; - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жана Кыр-гыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода минист-рлигинин Кыргыз Республикасынын отун-энергетика балансын түзүүгө чыгым-дар статьясын 2006-жылга республикалык бюджетте карасын. 10. "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармакта-ры", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр","Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдоруна төмөнкүлөрдү кам-сыздоо сунуш кылынсын: - 2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилинен өтүү үчүн зарыл болгонжылуулук жана гидроэлектрстанцияларын, электр жана жылуулук тармактарындаярдоо, ошондой эле планга ылайык 2005-жылы ВЛ 0,4-10 кВ жана ТП10/0,4 кВ куруу жана реконструкциялоо; - "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармак-тары" ачык акционердик коомдору үчүн кошумча каражаттарды которуунукөбөйтүү менен эсептешүү-аманат компаниясы аркылуу гана керектөөчүлөралган электр энергиясы үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү; - электр энергиясын сатып алууга жана жеткирүүгө түзүлгөн конт-ракттардын шарттарын аткарбаган жана кубаттуулукту жогорку чегинен ашы-рып жиберген учурда электр энергиясын жеткирүүгө же берүүгө түзүлгөнконтрактка ылайык аракеттенүү сунуш кылынсын. 11. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик ко-омуна төмөнкүлөр сунуш кылынсын: - 2005-жылдын 15-ноябрына чейин Фрунзе - Ала-Арча ВЛ-220 кВ электрөткөрүү линиясынын курулушун жана "Ала-Арча" подстанциясынын 220 кВячейкасынын жабдууларын долбоорлоо, комплектөө жана монтаждоо менен"Фрунзе" 220 кВ подстанциясынын ачык бөлүштүргүч түзүлүшүн реконструк-циялоону аяктоо; - 2005-жылдын 15-ноябрына чейин 220 кВ ячейканы, 110 кВ ячейканыжана N 3 автотрансформаторду монтаждоо менен "Кара-Балта" 220 кВ подс-танциясынын 220-110 кВ ачык бөлүштүргүч түзүлүшүн реконструкциялоонубүткөрүү; - Борбордук Азиянын бириккен энергетика системасынын курамындакыргыз энергосистемасынын туруктуу удаалаш ишин жана Борбордук Азияэнергосистемадары жана "Энергия" бириккен диспетчердик борбору менен өзара аракеттенүүнү камсыз кылуу. 12. Кыргызтуракжайкоммунсоюз, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдыкишканасы "Бишкекжылуулуктармагы" жана "Электр станциялары" ачык акцио-нердик коомдору менен бирдикте: - 2005/2006-жылдын жылытуу сезону башталганга чейин жылытуу ко-тельныйларынын тышкы электр менен жабдуу схемасын электр түзүлүштөрүнорнотуу эрежелерин талаптарына ылайык келтирүү боюнча чаралардыкөрүшсүн; - 2005-жылдын 1-августуна чейин борбордук жылуулук менен жабдууданбаш тартышкан жана жылуулук менен жабдуунун локалдуу булактарынаөтүшкөн тиричиликтик керектөөчүлөрдү жана социалдык-маданий жана тири-чилик багытындагы объекттерди инвентаризациялоо жүргүзүшсүн. Жылуулукменен жабдуунун жеке булактарында колдонуучу отундун же энергиянынтүрүн көрсөтүү менен инвентаризациялоонун жыйынтыктарын тиешелүүбөлүштүрүүчү электр компанияларына беришсин. 13. "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалалабатэлектр" ачык акционердик коомдоруна төмөнкүлөр сунуш кылынсын: - бюджеттик уюмдар менен өз ара эсептешүүлөрдү ушул айдын 1индегиабал боюнча жүргүзүү. Өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү убагында ушул ай-дын аягына чейин бюджеттик уюмдарды өчүрбөө; - 2005-жылдын 1-октябрына чейин борбордук жылуулук менен жабдууданбаш тарткан жана жылытуу, ысык суу менен жабдуу максаттары үчүн электрэнергиясын колдонушкан керектөөчүлөр жайгашкан райондордогу электр тар-мактарын күчөтүү боюнча чараларды көрүү; - техникалык шарттар жана түзүлгөн контракт менен аныкталуучу пай-даланууга уруксат берилген кубаттуулукту киргизүүгө ток чектөөчүтүзүлүштөрүнүн ылайык келүү предметине 2005-жылдын 1-сентябрына чейинкеректөөчүлөрдү инвентаризация жүргүзүү. Электр кубаттуулугуна керектөөкөбөйүп кеткен учурда жањы техникалык шарттарды алуу жана толук аткару-уга керектөөчүлөрдү милдеттендирүү. 14. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жанасоода министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети(макулдашуу боюнча) 2006-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө 2008-жылгачейинки перспектива менен 2006-жылга республика боюнча отун-энергетика-лык балансты иштеп чыгышсын. 15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнчамамлекеттик агентство "Кыргызстандын улуттук электр тармактары","Электр станциялары" ачык акционердик коомдорун, энергия бөлүштүрүүчүкомпанияларды, Кыргызтуракжайкоммунсоюзду жана "Бишкекжылуулукэнерго"коммуналдык ишканасын тартуу менен 2005-жылдын 1-августуна чейин: - "Электр энергиясын керектөөчүлөрдү өчүрүү (чектөө) графиктеринжана кыргыз энергосистемасында аварияга каршы автоматиканы иштеп чыгуужана колдонуу тартиби жөнүндө" нускаманы иштеп чыксын; - керектөөчүлөргө жана бөлүштүрүүчү электр компанияларына электржана жылуулук энергиясынын жањы кубаттуулуктарын кошууга жана колдонуу-дагыларын көбөйтүүгө тарифтерди белгилөө боюнча методиканы иштеп чыксынжана бекитсин; - төмөнкү токтом долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө киргизсин: - электр энергетика жана жылуулук энергетика объекттерининкүзгү-кышкы мезгилде иштөөгө даярдыгы жөнүндө жобону даярдык актысынтариздөө менен бекитүү тууралуу; - борбордук жылуулук менен жабдуу зоналарында жылытуу жана ысыксуу менен жабдуу максаттарына электр энергиясын пайдаланууну тартипкекелтирүү жөнүндө. 16. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги: "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коому-нун электр өткөргүч линияларын жана энергетика жабдууларын оњдоо боюнчаанын балансында турган жана Өзбекстан Республикасынын, Казакстан Рес-публикасынын жана Тажикстан Республикасынын аймактарында жайгашканоњдоо-техникалык персоналын ишке киргизүү үчүн визаларды алууга көмөккөрсөтсүн. 17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнчамамлекеттик агентство, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү,өнөр жай жана соода министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарбажана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаменти жана"Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармактары ачык ак-ционердик коомдору, "Кыргызгаз" акционердик коому менен бирдикте2005-жылдын май айында 2005-жылга жана 2006-жылдын I кварталында На-рын-Сырдарыя бассейнинин суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюн-ча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн, көп тараптуу жана эки тараптуу өкмөттөраралык документтердин долбоорлорун макулдашсын. 18. Энергокомпанияларга өэдөрүнүн контракттык милдеттенмелеринушул токтомго ылайык келтирүү сунуш кылынсын. 19. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ве-домстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ошшаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары, республиканынотун-энергетика комплексинин ишканаларынын жетекчилери ушул токтомдуаткаруу, ошондой эле негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр боюн-ча ушул айдын 1, 10 жана 20сындагы абал боюнча тийиштүү түрдө ушул ай-дын 7,17 жана 27сине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууЭнергетика боюнча мамлекеттик агентствосуна маалымат берүү боюнча арбир декадалык отчетуулуктун мөөнөттөрүн белгилешсин. 20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнчамамлекеттик агентство алынган материалды жалпыласын жана ушул айдын 10,20 жана 30уна чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппара-тына берсин. 21. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: "2004/2005-жылдын күзгү-кышкы мезгилине Кыргыз Республикасынынэкономика тармагын жана калкын даярдоо жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2004-жылдын 14-майындагы N 357
токтому; "2004/2005-жылдын күзгү-кышкы мезгилине Кыргыз Республикасынынэкономика тармагын жана калкын даярдоонун жана Кыргыз РеспубликасынынКоопсуздук кењешинин 2003-жылдын 25-октябрындагы N 4 чечимин аткаруунунжүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-октяб-рындагы N 746
токтому. 22. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен ка-зып алуу тармактары бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев