Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-декабрындагы № 628
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары,Өкмөт үйү2005-жылдын 8-июну, №208 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Реенубликасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 375 «Кошумча наркка салыктын каттоо чеги жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык
кодексинин 128-статьясынын 2-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы №375 «Кошумча наркка салыктын каттоо чеги жөнүндө»
токтомуна төмөнкүдөйөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - 1 -пунктунда: «, анын ичинде айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөр үчүн өзү өндүргөнайыл чарбалык продукцияны берүү жагында» деген сөздөр алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менентолукталсын: «Айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөр үчүн өзү өндургөн айьы чарбалыкпродукцияны берүү жагында кошумча нарк салыгынын каттоо чеги 2005-жылдын 1-июлунан баштап 2500 мињ сом өлчөмүндө белгиленсин. 2500 мињ сом өлчөмүндөгү кошумча наркты каттоо чеги 2006-жылдын 1-январынан баштап бардык чарбакер субъекттер үчүн белгиленсин.»; 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинекараштуу Кирешелер боюнча комитет» деген сөздөр «КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө" караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы»деген сөздөргө алмаштырылсын. 2. Бул токтом 2005-жылдын 1-июлукган баштап күчүнө кирет. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышыы контролдоо Кыргыз Республикасынык Премьер-министринин Аппаратынын финансы болүмүне жүктөлсүн.