Бишкек шаары, Өкмөт үйү2005-жылдын 14-июну № 215 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариманайыл өкмөтүнүн тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында,Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттикадминистрациясынын Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара - Суурайонунун Нариман айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын аймактарынкењейтүү үчүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 86,1 гажерлерин, анын ичинде 70 га - сугат айдоону, 16,1 га - кайрак айдоону«Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардынжерлери» категориясына которуу жөнүндө Жер бөлүү маселеси боюнчареспубликалык комиссия менен макулдашылган сунушу кабыл алынсын. 2. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтүнүн Алимте-па айлынын жанындагы 25,0 га жер участок (сугат айдоо) ушул айыл өкмө-түнүн Лангар айлынын баардык тургундарын жер көчкү коркунучу бар зонадан көчүрүү үчүн берилет. 3. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдүкиргизсин; - ушул токтомдун 1-пункттунда көрсөтүлгөн жер участокторунасоциалдык - маданий арналыштагы объекттерди жана инженердиккоммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу менен курулуш куруугапландоо жана жумушчу документтерди иштеп чыксын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктүлсүн. Премьер-министр К.Бакиев