Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 17-июну № 233
Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)
Батыш Тянь-Шандын кайталангыс өзгөчөлүктүү бөксө тоолорундагы керүүлөрдүн, альпы жана субальпы шалбааларын жана биологиялык түрлөрүн сактап калуу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн сейрек жана жок болуу коркунучунда калган түрлөрүн коргоо, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын тармагын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Кара-Буура районунда жалпы аянты 59067 га болгон Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркы түзүлсүн.
2. Кара-Буу ра мамлекеттик жаратылыш паркына өткөрүп берилчү жерлердин баяндамасы № 1 жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. № 1 тиркеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери" категориясына которулсун.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркын уюштурууга байланыштуу чыгымдарды Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматына каралган каражаттардын чегинде каржыласын.
5. Талас облусунун мамлекеттик администрациясы жер кадастрына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | К. Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 233 токтомуна № 1 тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)
┌────────────┬─────────┬──────────────────────────────────────────────┐
│Чарбалардын │Өткөрүп │ анын ичинде, га │
│аталышы │берилчү ├────────┬─────┬──────┬────────┬────────┬──────┤
│ │жерлердин│Жайыттар│Бак- │Токой │Токой │Бак- │Башка │
│ │жалпы │ │чалар│баскан│баспаган│бадал │жерлер│
│ │аянты, га│ │ │аянт │аянт │өсүмдүк-│ │
│ │ │ │ │ │ │төр │ │
├────────────┼─────────┼────────┼─────┼──────┼────────┼────────┼──────┤
│Кара-Буура │ 21545 │ 7673 │ 1 │ 5159 │ 1102 │ - │ 7610 │
│токойчулугу-│ │ │ │ │ │ │ │
│нун токой │ │ │ │ │ │ │ │
│фондунун │ │ │ │ │ │ │ │
│жерлери │ │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼─────────┼────────┼─────┼──────┼────────┼────────┼──────┤
│Запастагы │ 15117 │ 2716 │ - │ 1 │ - │ 612 │11849 │
│жерлер │ │ │ │ │ │ │ │
│(Киров │ │ │ │ │ │ │ │
│мамлекеттик │ │ │ │ │ │ │ │
│аңчылык │ │ │ │ │ │ │ │
│заказниги) │ │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼─────────┼────────┼─────┼──────┼────────┼────────┼──────┤
│Запастагы │ 22405 │ 3906 │ - │ 4 │ - │ 286 │18148 │
│жерлер │ │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼─────────┼────────┼─────┼──────┼────────┼────────┼──────┤
│Район боюнча│ 59067 │ 14295 │ 1 │ 5164 │ 1102 │ 898 │37607 │
│бардыгы │ │ │ │ │ │ │ │
└────────────┴─────────┴────────┴─────┴──────┴────────┴────────┴──────┘
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министрдин милдетин аткаруучу |
А.Исабеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 233 токтомуна № 2 тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)
№ 1 "Негизги" участок
Чегаранын баяндамасынын башталышы катары Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын чегаралары тогошкон жердеги 3967,1 метр бийиктиктеги белгиде жайгашкан № 1 чекит алынды.
Чегара бул жерден каксоо жерлер боюнча түз линия менен: түштүк-чыгышты карай - 2005 м (№ 2 чекит); түндүк-чыгышка - 3760 м (№ 3 чекит), 1650 м жана 1400 м (№ 4 чекит), 1700 м (№ 5 чекит), 650 м (№ 6 чекит); түштүк-чыгышка - 3100 м (№ 7 чекит), түндүк-чыгышка - 1400 м (№ 8 чекит), 700 м (№ 9 чекит); түштүк-чыгышка - 400 м (№ 10 чекит), 1570 м (№ 11 чекит); түндүк-чыгышка - 420 м (№ 12 чекит); түштүк-чыгышка - 720 м (№ 13 чекит); түндүк-чыгышка - 210 м барып, Акташлы суусуна № 14 чекитке чыгат. Чегара бул чекиттен Акташлы суусу боюнча түштүк-чыгыш багытты карай 1800 М аралыкка (түз), бул суу тоодогу жол № 15 чекит менен кесилишкенге чейин барат. Андан ары чегара жол боюнча түндүк-чыгыш багытта 1060 м, жолдун аты жок арык менен кесилишиндеги № 16 чекитке чейин барат.
Чегара бул жерден арык боюнча түштүк-чыгышты карай 3200 м № 17 чекитке чейин барат. Андан ары чегара каксоо менен ийри-буйру линия боюнча (жайыттардын контурунун чегарасы боюнча) жалпы түндүк-чыгыш багытта 1200 м аралыкка барып, Дандыр суусуна № 18 чекитке чыгат. Чегара № 18 чекиттен Дандыр суусу боюнча түштүк-чыгыш багытта 400 м аралыкта № 18 чекитке, андан ары түндүк-чыгыш багытта, адегенде каксоо менен (жайыттардын контуру боюнча), анан аты жок арык менен жалпысынан 1250 м аралыкка (түз) барып, № 19 чекитке чыгат. Чегара бул чекиттен каксоо менен ийри-буйру линия боюнча (жайыттардын контуру боюнча) жалпы түндүк-чыгыш багытта 2320 м (түз) барып, № 20 чекиттеги сууга чыгат.
Чегара бул жерден ийри-муйру линия боюнча адегенде суу бойлой, анан каксоо менен (жайыттардын контуру боюнча), анан кайра суу боюнча, андан ары каксоо менен (жайыттардын контуру боюнча) жалпы түштүк-чыгыш багытта 1800 м (түз) барып, Буктегерек суусуна № 21 чекитке чыгат.
Чегара № 21 чекиттен түштүк-чыгыш багытта адегенде Буктегерек суусу, анан тоо жолу боюнча башка жол менен кесилишкенге чейин, № 22 чекитке жетет. Чегара ал чекиттен түндүк-чыгыш багытта аты жок ашуу аркылуу (2782 м) барып, түштүк-чыгышка бурулуп, № 23 чекитке - Кегенди суусу менен жолдун кесилишине чыгат.
Чегара бул жерден жол боюнча түштүк-чыгыш багытты карай 3600 м барып, Кызыл-Бел ашуусуна чыгат (№ 24 чекит), андан ары 5500 м аралыкта Чоң-Кызыл-Бел ашуусуна (№ 25 чекит), андан ары 1600 м аралыкта жолдун Шилбилисай суусу менен кесилишкен чекитине, № 26 чекитке чыгат. Чегара № 26 чекиттен түндүк-батыш багытта Шилбилисай суусу боюнча 85,0 м барып, анан каксоо менен 80 м түз жүрүп түндүк-батышка, № 27 чекитке чыгат.
Андан ары чегара каксоо менен түз линиялар боюнча жалпы түндүк-чыгыш багытта 3200 м, 6720 м аралыкка № 28 чекитке чейин барып, каксоо менен түз линиялар боюнча: түштүк-чыгышка - 3375 м, 4240 м, түштүк-батышка - 715 м кетет да, Шилбилисай суусунун куймасына № 29 чекитке жетет.
Бул жерден чегара түштүк-чыгыш багытта 2Г00 м, адегенде суу боюнча, анан каксоо менен, андан ары жол боюнча барып, № 30 чекитке - Чакмак ашуусуна чыгат.
Чегара ашуудан түштүк-чыгыш багытта, адегенде жол боюнча, андан ары Чакмак суусу боюнча жалпысынан 2400 м, түштүк-чыгышка - 2600 м аралыкка барып, № 31 чекитке чейин жетет.
Чегара № 31 чекиттен каксоо менен түз линиялар боюнча төмөнкүдөй багыттарда жана аралыктарга: түндүк-чыгышка - 8465 м, түштүк-чыгышка 6410 м, түндүк-чыгышка - 2415 м, түштүк-чыгышка - 2600 м барып, № 32 чекитке чыгат.
Чегара бул чекиттен № 33 чекитке чейин Чаткал районунун чеги боюнча жүрүп отурат.
№ 33 чекиттен № 1 чекитке - баяндаманын башталышына чейин чегара кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасы боюнча өтөт.
№ 2 "Шекер токойчулугу" участогу
Чегаранын баяндамасынын башталышы катары № 1 чекит алынды. Чегара бул чекиттен каксоо менен түз линиялар боюнча төмөнкүдөй багыттарда. түштүк-чыгышка 240 м аралык (№ 2 чекит), түштүк-батышка - 1160 м (№ 3 чекит), түндүк-батышка - 240 м (№ 4 чекит), түндүк-чыгышка - 1160 м аралыкка барып, № 1 чекитке - чегаранын баяндамасынын башталышына чыгат.
№ 3 "Кара-Буура токойчулугу" участогу
Чегаранын баяндамасынын башталышы катары № 1 чекит алынды. Бул чекиттен чегара каксоо менен түз линия боюнча чыгышты карай 1340 м барып, Шилбилисай суусуна № 2 чекитке жетет. Чегара ал жерден суу боюнча түштүк-батыш багытта 4740 м (түз) барат. Андан ары чегара каксоо менен түз линиялар боюнча түштүк-батышка 1140 м (№ 4 чекит), түндүк-чыгышка 5000 м аралык барып, № 1 чекитке - чегаранын баяндамасынын башталышына чыгат.
№ 4 "Кара-Буура токойчулугу" участогу
Чегаранын баяндамасынын башталышы катары Тайты суусу менен райондук маанидеги жол кесилишкен жердеги № 1 чекит алынды. Чегара бул чекиттен түндүк-чыгышты карай Тайты суусу боюнча 6200 м (түз), Эгизсай суусу менен кесилишкен № 2 чекитке чейин барат. Андан ары чегара Эгизсай суусу боюнча түштүк-чыгыш багытта 2000 м - № 3 чекитке чейин барат.
Чегара № 3 чекиттен каксоо менен түз линиялар боюнча түндүк-батыш багытта 2440 м барып, Ачик өзөнүндө жайгашкан № 4 чекитке чыгып, андан ары түштүк-батыш багытта 3600 м жүрүп, райондук маанидеги жолго - № 5 чекитке чыгат. Чегара № 5 чекиттен райондук маанидеги жол боюнча түндүк-батыш багытта 940 м (түз) № 1 чекитке - чегаранын баяндамасынын башталышына чейин барат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министрдин милдетин аткаруучу |
А.Исабеков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 17-июну № 233
Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 822, 2017-жылдын 29-мартындагы № 186 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Батыш Тянь-Шандын кайталангыс өзгөчөлүктүү бөксө тоолорундагы керүүлөрдүн, альпы жана субальпы шалбааларын жана биологиялык түрлөрүн сактап калуу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн сейрек жана жок болуу коркунучунда калган түрлөрүн коргоо, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын тармагын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Кара-Буура районунда жалпы аянты 59293 га болгон Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркы түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 186 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "Кара-Буура" мамлекеттик жаратылыш паркынын жеринин экспликациясы жана чек арасынын баяндамасы ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 186 токтомунун редакциясына ылайык)
3. № 1 тиркеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери" категориясына которулсун.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркын уюштурууга байланыштуу чыгымдарды Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматына каралган каражаттардын чегинде каржыласын.
5. Талас облусунун мамлекеттик администрациясы жер кадастрына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | К. Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 233 токтомуна № 1 тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 186 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Аталышы | Жерлердин категориясы | Өткөрүп берилүүчү жерлердин жалпы аянты, га | анын ичинде, га | ||||||
Токой баскан аянт | Токой баспаган аянт | Жайыт | Саздак жерлер | Суулар | Мөңгүлөр | Башка жерлер | ||||
1 | Чолпонбай айыл аймагы | Запастагы жерлер | 1668 | - | - | 417 | - | - | - | 1251 |
2 | "Кара-Буура" мамлекеттик жаратылыш паркы | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери | 57625 | 5247 | 176,5 | 11998,2 | 150,4 | 67,9 | 5314,7 | 34670,3 |
3 | Район боюнча бардыгы |
| 59293 | 5247 | 176,5 | 12415,2 | 150,4 | 67,9 | 5314,7 | 35921,3 |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 233 токтомуна № 2 тиркеме |
"Кара-Буура" мамлекеттик жаратылыш паркынын чек араларынын БАЯНДАМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 186 токтомунун редакциясына ылайык)
№ 1 "Негизги" участок
Чек араны баяндап жазуунун башталышы катары Кыргыз Республикасы менен Казахстан Республикасынын чек аралары тогошкон жердеги 3967,1 метр бийиктик белгисинде жайгашкан № 1 чекит алынды.
Чек ара бул жерден түз сызык боюнча каксоо жер менен: түштүк-чыгышты карай - 2005 м (№ 2 чекит); түндүк-чыгышка - 3760 м (№ 3 чекит), 1650 м жана 1400 м (№ 4 чекит), 1700 м (№ 5 чекит), 650 м (№ 6 чекит); түштүк-чыгышка - 3100 м (№ 7 чекит), түндүк-чыгышка - 1400 м (№ 8 чекит), 700 м (№ 9 чекит); түштүк-чыгышка - 400 м (№ 10 чекит), 1570 м (№ 11 чекит); түндүк-чыгышка - 420 м (№ 12 чекит); түштүк-чыгышка - 720 м (№ 13 чекит); түндүк-чыгышка - 210 м барып, Акташлы суусуна № 14 чекитке чыгат. Чек ара бул чекиттен Акташлы суусу боюнча түштүк-чыгыш багытына карай 1800 м аралыкка (түз) өтүп, бул суу тоодогу жол - № 15 чекит менен кесилишкенге чейин барат. Андан ары чек ара түндүк-чыгыш багытында 1060 м аралыктагы жолду өтүп, жолдун аты жок арык менен кесилишиндеги № 16 чекитке чейин барат.
Чек ара бул жерден өзөн боюнча түштүк-чыгышты карай 3200 м өтүп № 17 чекитке чейин барат. Андан ары чек ара ийри-муйру сызык боюнча (жайыттардын контурунун чек арасы боюнча) каксоо жер менен жалпы түндүк-чыгыш багытында 1200 м аралыкка барып, Дандыр өзөнүндөгү № 18 чекитке чыгат. Чек ара № 18 чекиттен Дандыр өзөнү боюнча түштүк-чыгыш багытында 400 м аралыкта № 18 чекитке, андан ары түндүк-чыгыш багытында, адегенде каксоо жер (жайыттардын контуру боюнча), анан аты жок өзөн менен жалпысынан 1250 м аралыкка (түз) барып, № 19 чекитке чыгат. Чек ара бул чекиттен ийри-муйру сызык боюнча (жайыттардын контуру боюнча) каксоо жер менен жалпы түндүк-чыгыш багытында 2320 м (түз) барып, № 20 чекиттеги өзөнгө чыгат.
Чек ара бул жерден ийри-муйру сызык боюнча адегенде суу менен, анан каксоо жер менен (жайыттардын контуру боюнча), анан кайра өзөн боюнча, андан ары каксоо жер менен (жайыттардын контуру боюнча) жалпы түштүк-чыгыш багытында 1800 м (түз) аралыкка барып, Буктегерек өзөнүндөгү № 21 чекитке чыгат.
Чек ара № 21 чекиттен түштүк-батыш багытында адегенде Буктегерек өзөнү, анан тоо жолу боюнча экинчи жол менен кесилишкенге чейин барып, № 22 чекитке жетет. Чек ара ал чекиттен түндүк-чыгыш багытында аты жок ашуу аркылуу (2782 м) барып, түштүк-чыгышка бурулуп, № 23 чекитке - Кегенди суусу менен жолдун кесилишине чыгат.
Чек ара бул жерден жол боюнча түштүк-чыгыш багытында 3600 м барып, Кызыл-Бел ашуусуна чыгат (№ 24 чекит), андан ары 5500 м аралыкта Чоң-Кызыл-Бел ашуусуна (№ 25 чекит), андан ары 1600 м аралыкта жолдун Шилбилисай суусу менен кесилишкен чекитине - № 26 чекитке чыгат. Чек ара № 26 чекиттен түндүк-чыгыш багытында Шилбилисай суусу боюнча 85,0 м барып, анан түз сызык боюнча каксоо жер менен түндүк-батышка 80 м түз жүрүп № 27 чекитке чыгат.
Андан ары чек ара түз сызык боюнча каксоо менен жалпысынан түндүк-чыгыш багытында 3200 м, 6720 м, 1580 м аралыкта № 28 чекитке чейин созулат, андан кийин Шилбилисай капчыгайы аркылуу ийри-муйру кара жол менен өтөт: түштүккө карай - 3375 м, андан кийин ошол эле багытта түз сызык боюнча каксоо жер менен 2000 м өтүп, Шилбилисай суусунун бурулушундагы № 29 чекитке жетет, андан кийин Шилбилисай суусу аркылуу батыш багытта - 2600 м өтүп, аты жок сайдагы № 30 чекитке жетет.
Андан ары аты жок сай боюнча түштүк багытта - 2800 м өтүп, № 31 чекитке чейин жетет. Андан соң ийри-муйру сызык менен түндүк-чыгыш багытында 1000 м аралыктан кийин аты жок сайдагы № 32 чекитке чыгат. Андан кийин сай аркылуу түштүк-батышка карай 800 м өтүп, тоо кыркасындагы № 33 чекитке чыгат, андан ары кырка менен түштүк-чыгыш багытында 1400 м өтүп, № 34 чекитке чыгат, андан ары аты жок сай аркылуу түндүк-чыгыш багытында - 1600 м басып Корум-Төр капчыгайындагы № 35 чекитке чыгат, анан Корум-Төр капчыгайы аркылуу түштүк багытта 1500 м өтүп № 36 чекитке чыгат, андан кийин ийри-муйру каксоо жер аркылуу түндүк-чыгыш багытында - 2200 м өтүп, аты жок сайдагы № 37 чекитке чыгат.
Андан ары аты жок сай аркылуу түндүк-батыш багытында - 1500 м өтүп, чыйыр жолдогу № 38 чекитке чыгат, андан ары каксоо жер менен түндүк багытта - 7700 м басып, аты жок сайдагы № 39 чекитке чыгат, андан кийин түз каксоо жер менен түндүк-чыгыш багытында - 1100 м өтүп, аты жок сайдагы № 40 чекитке чыгат.
Андан ары тоо кыркасы боюнча түштүк-чыгыш багытында 2457 м болгон бийиктик чекитине чыгат, андан кийин аты жок сай аркылуу Кайыңды суусундагы № 41 чекитке чыгат, андан ары Кайыңды суусу менен түштүк-чыгыш багытында - 1300 м өтүп, аты жок сайдагы № 42 чекитке барат, андан ары ийри-муйру каксоо жер менен түштүк-чыгыш багытында 1900 м созулуп, тоо кыркасындагы № 43 чекитке чыгат, андан кийин ийри-муйру каксоо жер аркылуу төмөндөгү багыттар боюнча: түштүк-батышты карай 300 м, түштүк-чыгышты карай 800 м, 900 м жана түштүккө карай 1800 м өтүп № 44 чекитке барат.
Андан ары чек ара түз сызык боюнча каксоо жер менен батыш багытында 400 м өтүп, Кайыңды суусуна чыгат. Андан ары Кайыңды суусу аркылуу түштүк багытта тоонун чокусундагы № 45 чекитке чыгат.
Андан ары чек ара тоо кыркасы аркылуу түштүк-батыш багытында 4000,0 м созулуп, Чакмак ашуусундагы № 46 чекитке чыгат. Андан ары Чакмак ашуусунан түштүк-чыгыш багытында 1900 м Чакмак суусу менен № 47 чекитке чейин жетет. Андан кийин чек ара каксоо жер менен түндүк-чыгыш багытында 1650 м созулуп, № 48 чекитке барат, андан ары чек ара каксоо жер менен түндүк-чыгыш багытында 7000 м аралыкта № 49 чекитке жетет, андан ары чек ара каксоо жер менен түштүк-чыгыш багытында 3200 м созулуп, Кара-Буура суусундагы № 50 чекитке чыгат.
Андан ары Кара-Буура суусу аркылуу түндүк-чыгыш багытында 350 м өтүп, № 51 чекитке чыгат, андан ары ийри-муйру каксоо жер менен түштүк-чыгыш багытында 3200 м созулуп, № 52 чекитке барат, андан ары чек ара каксоо жер менен түндүк-чыгыш багытында 2700 м созулуп, № 53 чекитке жетет, андан кийин чек ара каксоо жер менен түштүк-чыгыш багытында 2600 м өтүп, № 54 чекитке барат.
№ 54 чекиттен тартып чек ара Чаткал району менен чектешип № 55 чекитке барат.
№ 55 чекиттен тартып чек ара кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу чек араларды баяндап жазуунун башталышы болгон № 1 чекитке келет.
№ 2 "Шекер токойчулугу" участогу
Чек араны баяндап жазуунун башталышы катары № 1 чекит алынды. Чек ара бул чекиттен түз сызык боюнча каксоо жер менен төмөнкүдөй багыттарда: түштүк-чыгышка 240 м аралык (№ 2 чекит), түштүк-батышка - 1160 м (№ 3 чекит), түндүк-батышка - 240 м (№ 4 чекит), түндүк-чыгышка - 1160 м аралыкка барып, № 1 чекитке - чек араны баяндап жазуунун башталышына чыгат.
№ 3 "Кара-Буура токойчулугу" участогу
Чек араны баяндап жазуунун башталышы катары № 1 чекит алынды. Бул чекиттен чек ара түз сызык боюнча каксоо жер менен чыгышты карай 1340 м барып, Шилбилисай суусундагы № 2 чекитке жетет. Чек ара ал жерден суу боюнча түштүк-батыш багытында 4740 м (түз) аралыкты басат. Андан ары чек ара түз сызык боюнча каксоо жер менен түштүк-батышка 1140 м (№ 4 чекит), түндүк-чыгышка 5000 м аралык барып, № 1 чекитке - чек араны баяндап жазуунун башталышына чыгат.
№ 4 "Кара-Буура токойчулугу" участогу
Чек араны баяндап жазуунун башталышы катары Тайты өзөнү менен райондук маанидеги жол кесилишкен жердеги № 1 чекит алынды. Чек ара бул чекиттен түндүк-чыгышты карай Тайты өзөнү менен 6200 м (түз), Эгизсай өзөнү менен кесилишкен № 2 чекитке чейин барат. Андан ары чек ара Эгизсай өзөнү боюнча түштүк-чыгыш багытында 2000 м - № 3 чекитке чейин барат.
Чек ара № 3 чекиттен түз сызык боюнча каксоо жер менен түндүк-батыш багытында 2440 м барып, Ачик өзөнүндө жайгашкан № 4 чекитке чыгып, андан ары түштүк-батыш багытында 3600 м жүрүп, райондук маанидеги жолго - № 5 чекитке чыгат. Чек ара № 5 чекиттен райондук маанидеги жол боюнча түндүк-батыш багытында 940 м (түз) № 1 чекитке - чек араны баяндап жазуунун башталышына чейин барат.