Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 27-июну N 260
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-февралындагы N 35, 2007-жылдын 6-декабрындагы N 575, 2010-жылдын 15-январындагы N 14, 2010-жылдын 6-сентябрындагы N 190, 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 3-майындагы N 160 "И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" жана 2005-жылдын 3-майындагы N 161 "Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына кайра түзүү жөнүндө" жарлыктарын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги төмөнкүлөрдүн негизги иштерин каржыласын:
- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогика университетине 2005-жылга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде;
- Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна 2005-жылга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде.
2. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-февралындагы N 35 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы N 575 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы N 568 "Кыргыз Республикасынын Тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тарых жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 56-пунктундагы "Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институту" деген сөздөр "Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу | М. Керимкулов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 27-июну № 260
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-февралындагы N 35, 2007-жылдын 6-декабрындагы № 575, 2010-жылдын 15-январындагы № 14, 2010-жылдын 6-сентябрындагы № 190, 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 3-майындагы N 160 "И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" жана 2005-жылдын 3-майындагы N 161 "Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына кайра түзүү жөнүндө" жарлыктарын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-февралындагы N 35 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы N 575 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы N 568 "Кыргыз Республикасынын Тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тарых жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 56-пунктундагы "Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институту" деген сөздөр "Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)