Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 28-июну № 263 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМУ "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө "Ысык-Көл" биосфералык аймагы боюнча өтүүдө автоташуучулардыништерин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40
токтому менен бекитилген "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө
жобоготөмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: - 31-пункттун биринчи абзацтын төртүнчү сүйлөмү "КыргызРеспубликасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бекиткенграфик боюнча автобустук маршруттарда регулярдуу рейстерди ишкеашыруучу автобустардын айдоочулары" деген сөздөр менен толукталсын. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. БиринчиВице-премьер-министрдин Милдетин аткаруучу М.Керимкулов