Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 28-июну № 266 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө кодексин (Салык кодексин) колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө кодексинин (Салык кодексинин) долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасында экономиканы өнүктүрүү үчүн укуктук, эконо-микалык жана уюштуруу өбөлгөлөрүн, ишкерликти өнүктүрүү жана инвестици-яларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү токтом кылат: 1.
"Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө кодексин(Салык кодексин) колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын жана
Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндөкодексинин (Салык кодексинин) долбоорлоруна макулдук берилсин. 2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзам долбоо-рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу М.Керимкулов