Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 29-июну № 269 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн суммаларды эсепке алуу, бюджеттен кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Фискалдык органдардын ишин координациялоо боюнча чаралар жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-апрелиндеги № 173
ток-томун аткаруу үчүн жана салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкчатөлөнгөн суммаларды эсепке алуунун, бюджеттен кайтарып берүүнүн жанаордун толтуруунун жол-жобосун тартипке салуу жана жөнөкөйлөтүү макса-тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн суммалардыэсепке алуу, бюджеттен кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө тир-келген
Жобо бекитилсин. 2. "Салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн суммалардыэсепке алуу, бюджеттен кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө жобо-ну бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 9-ию-лундагы № 427
токтому күчүн жоготту деп табылсын. 3. Бул токтом 2005-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет. 4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода башкар-малыгына жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу М.Керимкулов