Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 30-июну № 273 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык векселдерин чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жана бюджеттин учур-дагы тартыштыгын каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-том кылат: 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык векселдерин чыга-руу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө тиркелген
Жобо беки-тилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 22-мартындагы №123 "Кыска мөөнөттүү казыналык векселдерди чыгаруу жана жайгаштыруужөнүндө"
токтому күчүн жоготту деп табылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкына өзүнүн нормативдик укук-тук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү сунушталсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппараттынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу М.Керимкулов