Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-февралындагы № 140
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 1-июлу №282 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2005-жылы өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону жана күздүк дан эгиндерди себүүнү уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө 2005-жылы дан эгиндердин жана башка айыл чарбаөсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону, ошондой эле 2006-жылдынтүшүмү үчүн күздүк дан эгиндерди себүүнү оптималдууагротехникалык мөөнөттөрдө өз убагында жана уюшкандыктаөткөрүүнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. 2005-жылы өстүрүлгөн дан эгиндердин жана башка айылчарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону, ошондой эле 2006-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндерди себүүнү оптималдууагротехникалык мөөнөттөрдө өз убагында жүргүзүүгө даярдануужана ишке ашыруу облустардын жана райондордун мамлекеттикадминистрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,администрациялык ведомстволордун жана мамлекеттиккомиссиялардын биринчи кезектеги милдети болуп эсептелсин. 2. Республиканын облустарынын жана райондорунунмамлекеттик администрация башчылары: - колдо болгон оруп-жыюучу жана салмак өлчөөчүтехниканын, эгин жана үрөн тазалоочу машиналардын,кырмандардын жана кампалардын, түшүм жыйноого пайдаланылуучутранспорттук каражаттардын өз убагында ремонттолушун жанатүшүм жыйноого даярдыгын, ошондой эле себүүчү жана кыртышиштетүүчү техниканын күздүк дан эгиндерди себүү үчүн өзубагында ремонттолушун уюштурушсун; - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо жана күздүксебүү мезгилинде түшүм жыйноого жана күздүк себүүгөтартылган айыл чарбалык техниканы жана транспорттуккаражаттарды ремонттоо боюнча үзгүлтүксүз иштөөчү мобилдүүтейлөө кызматтарын уюштурушсун; - эгин оруучу комбайндарды жана транспорттуккаражаттарды өрткө каршы шаймандар менен, ошондой элеталааларга, кырмандарга, чөп үймөктөрдө жана айыл чарбапродукциясы сакталуучу жана иштетилүүчү башка жерлерде өрткоопсуздугунун зарыл чаралары катуу сакталышын камсыздашсын; - ар бир зона үчүн кылкандуу дан эгиндердин түшүмүнжыйноонун алгылыктуу графиктерин иштеп чыгышсын жанабекитишсин, аларга ылайык эгин оруучу техниканын жүрүүмаршруттарын аныктап, анын бир региондон башкасына эгиндинбышып жетилүү мөөнөттөрүн эске алуу менен өткөрүлүшүнкамсыздашсын; - кылкандуу дан эгиндердин түшүмүн жыйноодо коромжулуктуболтурбоо максатында республиканын башка облустарынан жанарайондорунан эгин оруучу техниканы алдын ала, келишимдикнегизде тартуу маселесин иштеп чыгышсын; - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн керектөөнүкамсыздоочу көлөмдө себүү боюнча чара көрүшсүн, ал үчүн: себилчү бардык үрөндөрдү керектүү агротехникалыкчараларды сактоо менен инвентаризациядан өткөрүшсүн; үрөн себилген бардык айдоолордо түшүмдүн жыйналышынкатуу контролго алышсын; үрөндөрдүн кампага коюлушун, иштетилишин жана себүүкондинциясына жеткирилишин камсыздашсын; алардын сакталышы жана максаттуу пайдаланылышы үчүнжооптуу адамдарды аныкташсын; - үрөн чарбалар жана айыл чарба өндүрүшүндө иштегенбашка чарбакер субъекттер бюджеттик ссудалар жана ЯпонӨкмөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча берилген товардыккредиттер (Япония Өкмөтүнүн макулдугу менен) боюнчакарыздарды жоюусунун эсебинен ар бир облуста жана райондоайыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалыкмамлекеттик фондунун филиалдарын түзүшсүн; - 2005-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргыз РеспубликасынынАйыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинекүздүк дан эгиндердин сорттуу үрөндөрүнүн топтолушу жөнүндөчарбакер субъекттерине карата региондук мамлекеттик үрөнинспекцияларынын корутундулары менен ырасталган отчетту,ошондой эле табигый кырсыктардан жабыркаган айылдык товарөндүрүүчүлөрдүн муктаждыктарын эске алуу менен чарбакерсубъекттерге 2006-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүү жүргүзүүгөүрөн берүү жөнүндө негизделген сунуштарды беришсин; - сугат жерлердин кирешелүүлүгүн арттыруу максатындаайыл чарба өсүмдүктөрүнүн экинчи түшүмүн өстүрүүнүкененирээк колдонуп, бул үчүн республиканын түштүкрегиондорундагы чарбакер субъекттердин алдыњкы практикасынпайдаланышсын; - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министрлигинин колдоосунда КыргызРеспубликасынын Нефти соодалоочулар ассоциациясы мененбирдикте айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону жана2006-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүүнү үзгүлтүксүз жүргүзүүүчүн күйүүчү-майлоочу материалдардын № 1 тиркемеге ылайыккөлөмдөрдө топтолушун камсыздашсын; - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноонун жана күзгүталаа жумуштарын жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө оперативдүүмаалыматтын Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жанакайра иштетүү өнөр жай министрлигине жума сайын берилишинкамсыздашсын; - № 2 тиркемеге ылайык 2006-жылдын түшүмү үчүн күздүкдан эгиндерди себүү боюнча программаны аткарууга алышсын. 3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетиКыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүөнөр жай министрлиги жана облустардын, райондордунмамлекеттик администрация башчылары менен бирдиктеотчеттордун бурмаланышын болтурбоо жана айыл чарбаөсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн туура эсепке алууну жолгокоюу максатында тийиштүү контролду камсыздашсын. 4. Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясынареспубликанын дыйкан жана фермер чарбаларына, ошондой элеагротехникалык сервис кызматтарына өстүрүлгөн түшүмдү өзубагында жыйноо жана күзгү талаа жумуштарын жүргүзүү үчүнкеректүү запастык тетиктерди, күйүүчү-майлоочу материалдардыжана башка материалдык-техникалык ресурстарды сатып алууүчүн күрөөсүз жана күрөөлүү кредит берүүнү практикалоо сунушкылынсын. 5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суучарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги "Кошой" жана"Кайыњды-Кант" акционердик коомдору менен бирдикте ушулжылдын түшүмүнөн алынган кант кызылчасынын тамыртүптөрүништетүүгө кабыл алуу үчүн келишимдердин алгылыктууварианттарын иштеп чыгууну ушул ишканалардын жанареспубликанын кызылча айдоочу чарбаларынын иштеринин негизгиэкономикалык көрсөткүчтөрүн негиз катары алуу менентездетишсин. 6. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы: - "Кошой" жана "Кайыњды-Кант" акционердик коомдорунунарыздарынын негизинде кант кызылчасынын тамыртүптөрүн ташууүчүн вагондорду үзгүлтүксүз бөлүп берүүнү аны ташуу үчүнтемир жолдук тарифтерди 2004-жылдын дењгээлинде сактоо мененкамсыздасын; - 2005-жылдын түшүмүнөн алынган кант кызылчасын кабылалуу жана ташуу мезгилине карата вагондордун жүктөөгө жанатүшүрүүгө туруусунун нормативдерин жүк алуучуларга каратаайыптык санкцияларды коюусуз белгилесин. 7. Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жанаметрология институтуна төмөнкүлөр аныкталган тартиптесунушталсын: - менчиктин бардык түрүндөгү чарбакер субъекттерде айылчарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноого тартылган колдо болгонтаразалык чарбаны жана өлчөөчү приборлорду өз убагындатекшерүүнү уюштуруу; - фабрикалык кызылчанын канттуулугун жана жалпыбулгануусун аныктоонун тууралыгын камсыздоо үчүн "Кошой"жана "Кайыњды-Кант" акционердик коомдорунун кантзаводдорунун сырьелук лабораторияларынын иштерине контрольбелгилөө. 8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алууларжана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссияга2005-жылдагы оруу-жыюу жана себүү жумуштарынын учурундарыноктук бааларды турукташтыруу үчүн 5 мињ тонна көлөмдөгүдизелдик отунду мамлекеттик резервге коюу үчүн акча каражатбөлсүн. 9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштууЭкономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондго жергиликтүүмамлекеттик администрациялар менен бирдикте КыргызРеспубликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлигине макулдашуу боюнча үрөн чарбалар жана айылчарба өндүрүшүндө иштеген башка чарбакер субъекттербюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер, ошондой элеЯпония Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы менен алынганкредиттер боюнча (Япония Өкмөтүнүн макулдугу менен)карыздарды жоюунун эсебине тапшыруучу айыл чарба5qүмдүктөрүнүн тийиштүү сорттук жана себүү документтери баркондициялуу үрөндөрүнүн, анын ичинде күздүк буудайдын 5,0мињ тонна жана күздүк арпанын 0,2 мињ тонна үрөнүн айылчарба өсүмдүктөрүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фондунакоюуга макулдашууларды тариздөөгө уруксат берилсин. 10. Чүй облустук мамлекеттик администрация башчысы -губернатору жана Чүй облусунун райондорунун мамлекеттикадминистрация башчылары: - дандык жүгөрү өстүрүүдө иштеген айылдык товарөндүрүүчүлөргө алар өстүргөн түшүмдү сотосу менен Чүйоблусунун Москва районунун Беловодское айылындагы Аксуужүгөрү иштетүүчү кант комбинатына өз ара пайдалуу тийиштүүкелишимдик шарттарда болушунча тартууга жардам көрсөтүшсүн; - Чүй облусунун чарбаларында соянын үрөндүк айдоолорунбагууга, алардын өз убагында жыйналышын уюштурууга, үрөндүкматериалдын себүү кондициясына жеткирилишине контролдукамсыздашсын. 11. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршысаясат боюнча мамлекеттик департамент төмөнкүлөргө бааларды10 күндүн ичинде белгилесин: - ушул токтомдун 9-пунктуна ылайык айыл чарбаөсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалык мамлекеттикфондуна топтолуучу күздүк буудайдын үрөнүнө жана күздүкарпанын үрөнүнө; - айылдык товар өндүрүүчүлөр өздөрүнүн жер салыгы,камсыздандыруу взностору, пайдаланылган сугат суу жананасостук станциялар жана жаадыруучу агрегаттар керектегенэлектр энергиясы боюнча, ошондой эле бюджеттик ссудалар жанакредиттер боюнча карыздарын жоюунун эсебине төгүүчү азык-түлүк буудайдын данына. 12. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайраиштетүү өнөр жай министрлигине Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнчамамлекеттик фонд менен бирдикте айыл чарба өсүмдүктөрүнүнсорттуу үрөндөрүнүн республикалык мамлекеттик фондундатоптолгон дан өсүмдүктөрдүн күздүк үрөндөрүн процентсизтовардык кредит түрүндө 2006-жылдын 1-декабрына чейинкайтаруу мөөнөтү менен төлөөгө жөндөмдүү айылдык товарөндүрүүчүлөргө тариздөөгө жана берүүгө уруксат берилсин. 13. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчөкырдаалдар министрлиги республиканын 2005-жылы табигыйкырсыктар болгон айрым региондорундагы абалды талдап жанажабыркаган чарбакер субъекттерге мамлекеттик колдоо көрсөтүүбоюнча Кыргыз Республикасынын тийиштүү чечиминин долбоорундаярдасын. 14. Төмөнкүлөр сунушталсын: - "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Жалалабат электр"жана "Ош электр" ачык акционердик коомдоруна облустардынжана райондордун мамлекеттик администрациялары мененбирдикте Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайраиштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу чарбадепартаментинин насостук станцияларын жана скважиналарынайыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо, себүүчү материалдытазалоо мезгилинде үзгүлтүксүз иштетүү маселесин чечүү,ошондой эле кырмандардын, механикалык мастерскойлордун жанабашка көмөкчү кызматтардын ишин камсыздоо үчүн электрэнергиясын үзгүлтүксүз берүү боюнча чаралар системасын иштепчыгуу; - "Кыргызайылтехсервис" лизинг компаниясы" ачыкакционердик коомуна жана башка техникалык тейлөөкызматтарына сунушталсын: колдо болгон бардык эгин оруучу комбайндарды Нарын,Ысыккөл облустарынын чарбакер субъекттерине, Суусамырөрөөнүнө жана республиканын башка бийик тоолуу зоналарынажергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өтүнмөлөрүнөылайык өз убагында жеткирүүнү камсыздоо; кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кењейтүү жана республиканынайылдык товар өстүрүүчүлөрүнө айыл чарба өсүмдүктөрүнүнөстүрүлгөн түшүмүн жыйноого, аны кайра иштетүүчү жанасактоочу жерлерге жеткирүүгө, коњтормо жана тоњдурмаайдоого, ошондой эле 2006-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүүгөпрактикалык жардам берүүнүн сапатын жогорулатуу; - Кыргыз Республикасынын Улуттуктелерадиокорпорациясына, республикалык, облустук жанарайондук гезиттердин редакцияларына, башка жалпыга маалымдоокаражаттарына 2005-жылдын түшүмүн жыйноого даярдыктын жанажыйноонун жүрүшүн такай чагылдыруу. 15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай. комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнөжүктөлсүн. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу М.Керимкулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы №282 токтомуна №1 тиркеме Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттеринин күйүүчү-майлоочу материалдарга керектөөсү: (тонна)а)2005-жылдын түшүмүн жыйноо үчүн___________________________________________________________| Облустардын | Дизель | Автобензин | Дизель | Автол || аталышы | отун | | майы | ||______________|___________|____________|__________|_______|| Баткен | 2490,0 |653,0 |110,0 |46,0 ||______________|___________|____________|__________|_______|| Жалалабат | 5932,0 |1679,6 |242,3 |118,6 ||______________|___________|____________|__________|_______|| Ысыккөл | 3203,0 | 452,0 |93,0 | 27,5 ||______________|___________|____________|__________|_______|| Нарын | 2452,0 | 283,0 | 153,0 | - ||______________|___________|____________|__________|_______|| Ош | 4200,0 | 517,0 | 279,0 | 131,0 ||______________|___________|____________|__________|_______|| Талас | 2800,0 | 1236,0 | 143,0 | 55,0 ||______________|___________|____________|__________|_______|| Чүй | 6552,2 | 1181,1 | 324,0 | 53,0 ||______________|___________|____________|__________|_______|| Республика | 27629,0 | 6001,7 | 1344,9 | 431,1 | | боюнча | | | | ||______________|___________|____________|__________|_______| б) 2005-жылдын күзгү себүү компаниясын өткөрүү үчүн____________________________________________________________| Облустардын | Дизель | Автобензин | Дизель | Автол || аталышы | отун | | майы | ||______________|___________|____________|__________|_______|| Баткен | 1163,0 |283,0 | 51,0 | 15,0 ||______________|___________|____________|__________|_______|| Жалалабат | 6087,0 |1826,1 | 243,5 | 121,7 ||______________|___________|____________|__________|_______|| Ысыккөл | 1279,0 | 51,0 | 35,5 | 6,5 ||______________|___________|____________|__________|_______|| Нарын | - | - | - | - ||______________|___________|____________|__________|_______|| Ош | 2954,0 | 795,0 | 1592,0 | 49,0 ||______________|___________|____________|__________|_______|| Талас | 1569,0 | 581,8 | 55,2 | 30,0 ||______________|___________|____________|__________|_______|| Чүй | 8425,3 | 3864,4 | 281,3 | 131,8 ||______________|___________|____________|__________|_______|| Республика | 21477,7 | 7401,3 | 2258,5 | 353,3 | | боюнча | | | | ||______________|___________|____________|__________|_______| Кыргыз Республикасынын Премьер-министрининАппарат Жетекчиси-министрдинмилдетин аткаруучу А.Исабеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы №282 токтомуна №2 тиркеме 2006-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндерди себүү боюнча ПРОГРАММА (мињ.га)_____________________________________________________________| Облустардын | Күздүк дан | анын ичинде || аталышы |эгиндерди айдоо |___________________________|| | аянты | күздүк | күздүк || | | буудай | арпа ||______________|_________________|_____________|_____________|| Республика | 360,0 | 345,0 | 15,0 ||______________|_________________|_____________|_____________|| Баткен | 30,0 | 30,0 | ||______________|_________________|_____________|_____________|| Жалалабат | 45,0 | 45,0 | ||______________|_________________|_____________|_____________|| Ысыккөл | 35,0 | 35,0 | ||______________|_________________|_____________|_____________|| Ош | 68,0 | 68,0 | ||______________|_________________|_____________|_____________|| Талас | 34,0 | 34,0 | ||______________|_________________|_____________|_____________|| Чүй | 148,0 | 1433,0 | 15,0 ||______________|_________________|_____________|_____________| Кыргыз Республикасынын Премьер-министрининАппарат Жетекчиси-министрдинмилдетин аткаруучу А.Исабеков