Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июнундагы N 273
токтому менен бекителген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык векселдерин чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы жоболор 2. Бул Жободо пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр 3. МКВны чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн жана тындыруунун жалпы шарттары 4. МКВны чыгаруу 5. МКВны жайгаштыруу 6. МКВны жүгүртүү 7. МКВны тындыруу 1. Жалпы жоболор 1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик казына-лык векселдерди (мындан ары - МКВ) чыгаруунун, жайгаштыруунун,жүгүртүүнүн, тындыруунун тартибин аныктайт. 1.2. МКВ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республи-касынын Финансы министрлиги (мындан ары - Эмитент) тарабынан эмитент-телген мамлекеттик баалуу кагаздар болуп саналат. 2. Бул Жободо пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр Агент - Эмитенттин атынан жана анын тапшырмасы боюнча МКВны жай-гаштыруу жана тындыруу боюнча операцияларды жүргүзүүчү, анын ичиндеалар боюнча эсептешүүлөрдү уюштуруучу юридикалык жак. Аукцион - МКВны соодалоонун формасы, анда өтүнмөлөрдү канааттанды-руу эњ жогорку дисконттук баалардан башталып, эмиссиянын жарыяланганбүткүл көлөмү түгөнгөн шарттарда аяктайт. (&МКВнын депозитарийи} - МКВны эсепке алуучу, сактоочу, МКВга болгонукуктун өтүшүн каттоочу жана укукту ырастоочу, Эмитент менен түзүлгөнкелишимге ылайык МКВнын ээлеринин реестрин жүргүзүүчү юридикалык жак. МКВны кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу - Кыргыз Республи-касынын региондорунда МКВны жеке жактарга аттандаштык эмес негиздеАгент аркылуу сатуу. Аттандаштык эмес негизде сатуу - МКВны аукциондо калыптанган орто-чо баада сатуу. Эмиссиянын параметрлери - чыгаруу тууралуу маалымат: эмиссиянынномери, эмиссиянын көлөмү, аукцион өткөрүлүүчү дата, эмиссиянын датасы,тындыруу датасы. Баштапкы дилер - Агент менен МКВ рыногунда Баштапкы дилердин функ-цияларын аткарууга келишим түзгөн коммерциялык банк же башка финан-сы-кредит уюму. Тындыруу - тындырылуучу чыгарылыштагы МКВны кармоочулардын эсебиненоминалдык наркты чегерүү. 3. МКВны чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн жана тындыруунун жалпы шарттары 3.1. МКВны чыгаруунун максаты Кыргыз Республикасынын республикалыкбюджетинин учурдагы дефицитин каржылоо болуп саналат. 3.2. МКВ 3, 6, 12, 18 жана 24 айлык жүгүртүү мөөнөтү бар дисконт-тук баалуу кагаздар болуп саналат, ал документтик эмес формада чыгары-лат. 3.3. МКВнын ар бир чыгарылышынын көлөмү Кыргыз Республикасынынреспубликалык бюджети жөнүндө Мыйзамда тиешелүү жылга белгиленген эмис-сиянын чектелген көлөмүнө негизденип, Эмитент тарабынан аныкталат. 3.4. МКВны жайгаштыруу дисконт тарабынан номиналдык наркынан төмөнбаада, тындыруу номиналдык наркы боюнча жүзөгө ашырылат. Бир МКВнын но-миналдык наркы - 100 сом. 3.5. Агент МКВны аукциондук негизде жайгаштырууну анын Эмитент ме-нен макулдашылган ички эрежелерине ылайык жүзөгө ашырат. 3.6. МКВны баштапкы жайгаштырууну жана тындырууну жүргүзүүдө Агентменен Эмитенттин ортосундага мамилелерди укуктук жөнгө салуу максатындаАгент менен Эмитент тиешелүү келишим түзүшөт. 3.7. Депозитардык ишти жүзөгө ашырууда Депозитрий менен Эмитенттинортосундагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу максатында Депозитрий мененЭмитент тиешелүү келишим түзүшөт. 3.8. МКВны жайгаштырууга, эсепке алууга жана тындырууга байланыш-туу маалыматтарды жана тиешелүү документтерди алмашуунун тартиби Эми-тенттин МКВнын Агенти жана Депозитарийи менен түзүлгөн тиешелүү кели-шимдеринде аныкталат. 3.9. МКВнын ээлерин эсепке алуунун жана реестрин жүргүзүүнүн эре-желери Эмитент менен макулдашуу боюнча Депозитарий тарабынан аныкталат. 3.10. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленгенчектөөлөрдөн башка учурларда, МКВнын ээлери МКВ менен граждандык укук-тук бүтүмдөрдү жасай алышат. 3.11. МКВ менен жүргүзүлгөн операцияларга салык салуунун тартибиКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. 3.12. Эмитент МКВнын эмиссиясынын пландаштырылып жаткан көлөмдөрүжөнүндө маалыматтарды массалык маалымат каражаттарында жарыялайт. 4. МКВны чыгаруу 4.1. МКВны чыгаруу жума сайын дүйшөмбү күндөрү жүргүзүлөт. Чыгару-унуњ параметрлери Эмитент тарабынан аныкталат. Мында ар бир чыгаруу ти-ешелүү документтер менен таризделет, алардьш курамы жана формасы Эми-тенттин буйругу менен аныкталып, Эмитенттин ыйгарым укуктуу адамы тара-бынан бекитилет жана колу коюлат. 4.2. Дүйшөмбү Кыргыз Республикасынын аймагында иш күнү болбогонучурларда, МКВны чыгаруу кийинки иш күнүндө жүрүзүлөт, мында тиешелүүтүрдө МКВны тындыруунун датасы да жылдырылат. 5. МКВны жайгаштыруу 5.1. МКВны баштапкы рынокко жайгаштыруу Эмитенттин тапшырмасы бо-юнча Агент тарабынан аукциондор аркылуу жүзөгө ашырылат. 5.2. Аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жана аларга катышууга жолберүүнүн эрежелери Агенттин Эмитент менен макулдашылган ички норматив-дик-укуктук документтери менен аныкталат. 5.3. Эгерде аукцион өткөрүлүүчү күн иш эмес болсо, анда аукционкийинки иш күндө өткөрүлөт. 5.4. Аукциондо үчкө жетпеген катышуучу болгон учурда, Эмитент жай-гаштырууну жүргүзбөй коюуга укуктуу. 5.5. Эмитент зарыл учурда МКВны жарыяланган эмиссиядан ашык түрдөкошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыра алат. 5.6. Кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруунун тартиби Эмитентменен макулдашуу боюнча Агент тарабынан аныкталат. 6. МКВны жүгүртүү 6.1. МКВны жүгүртүү МКВ чыгарылган күндөн кийинки күнү башталатжана аларды тындыруунун алдындагы күнү аяктайт. 6.2. МКВны жүгүртүүнүн эрежелери Агенттин Эмитент жана Депозитарийменен макулдашылган нормативдик документтери менен аныкталат. 6.3. МКВ менен экинчи рынокто граждандык укуктук бүтүмдөрдүтүзүүгө, алар иш күнүндө жүгүртүлгөн мезгилде гана жол берилет. 7. МКВны тындыруу 7.1. Жүгүртүү мөөнөтү 3, 6, 12, 18 жана 24 ай болгон МКВны тынды-руу тиешелүү түрдө 91, 182, 364, 546 жана 728 иш күндөн кийинжүргүзүлөт. 7.2. Эгерде тындырыла турган күн иш күнүнө туура келбей калса,тындыруу кийинки иш күндө жүзөгө ашырылат. 7.3. МКВны тындыруудагы эсептешүүлөрдүн тартиби Агенттин Эмитентменен макулдашылган нормативдик укуктук актылары жана/же Эмитент мененАгенттин ортосунда түзүлгөн келишим менен аныкталат.